
Ош шаарында өтө турган эл аралык бокс кечесинде Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу WBA жана WBC уюмдарысынын чемпиондук курлары ойнотулат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясында өткөн маалымат жыйынында уюштуруучу Шайлообек Атазов билдирди.Анын айтымында, бул масштабдуу спорттук окуя Ош шаарына жана шаар күнүнө карата 1-3-октябрь күндөрү Ахматбек Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо уюштурулат. Мелдешке дүйнөнүн 12 өлкөсүнөн эң күчтүү кесипкөй мушкерлер катышат. Иш-чаранын башкы уюштуруучусу, «Кыргыз боксу» профессионалдык лигасынын жетекчиси Шайлообек Атазов өз сөзүндө: «Биздин максат — кыргызстандык жаш мушкерлердин деңгээлин эл аралык аренага чыгаруу. Бул беттештер аркылуу спортчуларыбыз чет өлкөгө чыкпай эле, өз жеринде күчтүү атаандаштар менен кездешип, дүйнөлүк рейтингдерин көтөрүүгө чоң мүмкүнчүлүк алышат», — деп баса белгиледи. Бул кеченин өзгөчө тарыхый окуясы — профессионалдык бокстун тирүү легендасы, төрт салмак категориясында дүйнөнүн абсолюттук чемпиону Рой Жонс (кичүүсү) Ош шаарына ардактуу конок катары келет. Мелдешке келүүчү командалар Ошко 29-сентябрдан тарта чогула баштайт, ал эми негизги титулдук беттештер 3-октябрга пландаштырылган.