• Вт. Ноя 10th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Озгур айылында 60 орундуу жаңы бала бакча ишке кирди

Аватар

Автор:Osh Shamy

Сен 11, 2026

Ош шаарынын Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Озгур айылында №90 “Коңур жаз” жаңы мектепке чейинки билим берүү мекемеси өз эшигин ачты.Бул социалдык объект өлкө башчысынын демилгеси менен Эгемендүүлүк күнүнө карата салтка айланган “100 жаңы объект” долбоорунун алкагында курулду. Мекеменин расмий ачылыш аземи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда онлайн форматта өттү.Заманбап бала бакчанын курулушу 2025-жылдын соңунда (декабрь айында) башталган. Имарат жергиликтүү бюджеттин каражатына тургузулуп, ичи наристелердин сапаттуу тарбиялануусу, коопсуздугу жана өнүгүүсү үчүн эң керектүү заманбап эмеректер, жабдыктар менен толук жабдылган.Буга чейин Озгур айылында бир гана мектепке чейинки мекеме иштеп, орун тартыштыгы чоң көйгөй жаратып келген. Жаңы бакчанын ачылышы жергиликтүү калктын бул муктаждыгын чечип, наристелердин мектепке чейинки билим алуусуна кеңири шарт түзөт.

About The Author

Аватар

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *