Ош шаардык ички иштер башкармалыгында жаңы окуу жылынын башталышына карата жашы жете электердин иштери боюнча инспекциянын кызматкерлеринин катышуусунда жумушчу жыйын болуп өттү. Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Съезбек Орозбаев жана улук тескөөчү Венера Олмасова катышкан бул жыйында мектептерде коопсуз чөйрөнү түзүү маселеси талкууланды.Кеңешменин алкагында шаар аймагында «Салам, мектеп!» аталышындагы комплекстүү алдын алуу иш-чарасы старт алары жарыяланды. Анын алкагында милиция кызматкерлери окуучулардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана кылмыштуулуктун алдын алуу багытында системалуу иш алып барышмакчы.Жыйында төмөнкүдөй негизги тапшырмалар коюлду:Жол коопсуздугу: Патрулдук милиция менен биргеликте мектептердин тегерегиндеги жол кыймылын көзөмөлгө алуу жана окуучуларга жолдон өтүү эрежелерин иш жүзүндө үйрөтүү.Баштапкы класстар менен иштөө: Биринчи жолу мектеп босогосун аттаган балдарга коомдук жайларда өзүн туура алып жүрүү жана коопсуздуктун жөнөкөй эрежелерин жеткирүү.Ата-энелердин жоопкерчилиги: Мектептерде жыйындарды өткөрүп, балдардын интернеттеги жүрүм-турумун жана бош убактысын көзөмөлдөө боюнча сунуштарды берүү.Тартип сакчылары белгилегендей, өспүрүмдөрдүн терс чөйрөгө аралашуусуна көбүнчө үй-бүлөлүк көзөмөлдүн начардыгы себеп болот. Мындан улам, милиция кызматкерлери мектеп администрациясы жана ата-энелер комитети менен тыгыз байланышта иштеп, кылмыш катталганга чейин анын алдын алууга өзгөчө басым жасашат.Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, бул иш-чаралардын башкы максаты — өспүрүмдөрдү жазалоо эмес, аларды зордук-зомбулуктан, жол кырсыктарынан коргоо жана коопсуз билим алуусуна шарт түзүү болуп саналат.