Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата өлкө боюнча ачылып жаткан 105 социалдык объектинин алкагында, Ош шаарындагы №29 жалпы билим берүү мекемесинин жаңы имараты салтанаттуу түрдө ачылды. Салтанаттуу иш-чара КР Президенти Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда өттү.Ж. Мамытов көчөсүндө жайгашкан бул жаңы окуу корпусу 3 кабаттан туруп, 275 окуучуга ылайыкталган. Долбоордун алкагында мурда курулушу бүтпөй калган объект толугу менен реконструкцияланып, заманбап мектепке айландырылды. Башкы планга ылайык, мектептин эки блоктон турган 3 кабаттуу окуу имаратынын А-блогу оңдоодон өткөрүлдү. Жаңы окуу жылына карата окуучулар үчүн бардык заманбап жана ыңгайлуу билим алуу шарттары түзүлдү.

