• Вт. Окт 6th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Кыргыз улуттук «Манас» театры социалдык тармактардагы сын-пикирлерден улам ырчы Нурчолпонду «Land of Manas» ырынын видеосун өчүрүүгө чакырды

Автор:Osh Shamy

Сен 14, 2026

Театр ырчы Нурчолпондун «Land of Manas» («Манастын жери») аттуу ыры боюнча өз пикирин билдирди.
Мекеме «Манас» эпосуна байланышкан чыгармачылык иштерди даярдоодо тиешелүү адистер менен кеңешип, кесиптик жоопкерчилик менен мамиле кылуу зарылдыгын белгиледи.
Театрдын билдирүүсүндө: «Манас» — жөн гана чыгармачылык материал эмес, кыргыз элинин улуу руханий мурасы. Андыктан эпосту заманбап форматта жайылтууда кесиптик жоопкерчилик болушу керек», — деп айтылат.
Ошондой эле ырдын сөзү, обону, аткаруучунун сахналык образы жана кийими «Манастын» рухуна, кыргыз элинин каада-салттарына жана улуттук баалуулуктарына шайкеш келиши керектиги белгиленген. Нурчолпондун аталган ырдагы сахналык кийими коомчулуктун сынына кабылган жагдайлардын бири болгон.
Ошол эле учурда театр ырчынын чыгармачылыгын толугу менен четке кагуу же анын чыгармачылык эркиндигин чектөө максаты жок экенин баса белгиледи.

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *