Ош шаарынын прокурору болуп Эмилбек Үркүнбаев дайындалды. Жаңы жетекчини эмгек жамаатына шаар мэри Жанарбек Акаев тааныштырды. Эмилбек Үркүнбаев буга чейин прокуратура органдарында бир катар жооптуу кызматтарда иштеген. Ал 2024-жылы Кылмыш-аткаруу тутумунда мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча атайын прокурор кызматын аркалаган.

