• Вт. Окт 6th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Таластагы майрамда төкмө акын Аалы Туткучевдин эмне үчүн ырдабай калганы айтылды

Автор:Osh Shamy

Сен 14, 2026

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев өлкө эгемендигинин 35 жылдыгына арналган салтанатта төкмө акын Аалы Туткучевдин сахнага чыкпай калышынын себебин расмий түрдө түшүндүрдү. Облус башчысынын билдиришинче, бул жагдайга эч кандай протоколдук чектөөлөр таасир эткен эмес, болгону концерттик программага өзгөртүүлөр киргизилген. «Азаттык» үналгысына берген маегинде Эрмат Жумаев майрамдык кече эстрадалык форматка багытталгандыктан, башкы аянтта бир дагы төкмө акын ырдабаганын белгиледи. Ошондой эле ал күнү «Манас ордо» комплексинде акындар айтышынын жыйынтыгы чыгарылып жаткандыктан, негизги сахнага өзүнчө акын чыгаруу зарылчылыгы болгон эмес. Облус жетекчиси бул кадам саясий максатты көздөбөгөнүн жана программанын шартына ылайык кабыл алынган жеке чечими экенин баса белгиледи. Эске салсак, буга чейин кыргыз эл акыны Аалы Туткучевдин майрамдык иш-чарага бир ай мурда чакырылып, бирок салтанатка бир күн калганда тизмеден чийилип калганы коомчулукта чоң талкуу жараткан. Мунун артынан акындын Таластагы башка бир тойдо окуянын чоо-жайын шарттуу түрдө төгүп ырдаган видеосу социалдык тармактарга тараган. Коомчулукта мындай чечим Туткучевдин бийлик өкүлдөрүнүн катышуусундагы расмий иш-чараларда курч социалдык маселелерди жана кемчиликтерди ачык айтып ырдап келгени менен байланыштуу болушу мүмкүн деген пикирлер айтылууда.

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *