
Ош шаарында бир жылдан ашык убакыттан бери чечилбей келген, Армениядан алынып келинген оң рулдуу унааларды (рулу солго которулган) каттоо маселеси мыйзамдуу нукта ийгиликтүү чечилди. Бул тууралуу Ош шаарынын тургуну, демилгелүү топтун жетекчиси Жеңишбек Касымов билдирди.Анын айтымында, буга чейин өлкө башчысы тарабынан берилген эки жолку мүмкүнчүлүктө тең рулу оңдон солго которулган (перекид) автоунаалардын маселеси каралбай, каттоого алынбай калып келген. Акыркы эки ай ичинде айдоочулар жергиликтүү бийликтен тарта Ак үйгө чейин эшик каккылап, маселени чечүү үчүн өжөрлүк менен аракет кылышкан. Сүйлөшүүлөрдүн жана жарандык активдүүлүктүн натыйжасында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети дал ушул категориядагы унаалар үчүн атайын кошумча токтом даярдап, маселени мыйзамдаштырган.Демилгелүү топтун мүчөлөрү өзгөчө Ош шаарынын мэрине өзгөчө ыраазычылыктарын жолдошту:»Өз компетенциясына жатпаса дагы колунан келишинче жардам берген Ош шаарынын мэрине ыраазычылык билдиребиз. Ал түшкү тыныгуу убактысына карабай, көчөдөн эле бизди угуп, өз жеринде телефон аркылуу «Унаа» мекемесинин жана ИИМдин жетекчилерине байланышып, көйгөйдү так жеткирип түшүндүрүп берди. Ошондон кийин бизди Бишкек жакшы кабыл ала баштады. Бул — Президенттин «элдин көйгөйүн жеринде чечип бергиле» деген сөзүн жерде калтырбагандыктын белгиси» — деп баса белгиледи Жеңишбек Касымов.Ошондой эле унаа ээлери айдоочулардын суранычын жерде калтырбай, айкөлдүк кылган өлкө Президенти Садыр Жапаровго, ИИМдин жетекчилигине, ЖКККББ (ГАИ), «Унаа» мамлекеттик мекемесине жана Экономика жана коммерция министрлигине жалпысынан 48 айдоочунун атынан терең ыраазычылыктарын билдиришти.Учурда 7 дубандагы «перекид» унаалардын айдоочулары көптөн күткөн мамлекеттик номерлерин алып, унааларын мыйзамдуу түрдө айдай башташты.