26 декабря, 2024

АНТАЛЬЯНЫН АЖАЙЫП ЖЕРЛЕРИ

Жер Ортолук деңизи дегенде эле Тʏркиянын Ривьерасынын борборунда жайгашкан Антальяшаары эске келет. Шаар ɵзʏнʏн 229 кɵк желек менен катталган пляждары, легендарлуу тарыхый жерлери менен белгилʏʏ.  Муну менен катар спорттун мекени да болуп саналат. Ачык спорттун кʏйɵрмандары  Караин, Дим жана Дамлаташ ʏңкʏрлɵрʏн изилдɵɵдɵн ырахат алышат. Анталья провинциясындагы Ликия , Писидия мурас жана Ыйык Павел жолдору дʏйнɵнʏн эң ири жɵɵ баса турган дестинациялары десек болот. Антальянын Каш району дʏйнɵдɵгʏ эң мыкты 10 сууга тʏшʏʏчʏ жердин бири катары каралат. Параплан жана бир нече суу спорту бул аймакта сɵзсʏз тʏрдɵ аткарыла турган,  эс ала турган жайлардын бири. Ошондой эле Белек учурда дʏйнɵлʏк деңгээлдеги гольф аянтчалары менен таанымал болуп келет.