28 марта, 2024

“Аял – кʏчтʏʏ мамлекетти кура ала турган негизги адам”

Заманга ылайык бардык нерсени окуп-ʏйрɵнʏʏ керек экен. Кээде сиз билем деген, билгендей эле болгон, тʏбʏндɵ баарын билген, тʏшʏнгɵн нерсени да башка бирɵɵ аркылуу угуп, аткарууга туура келет. Бул макалада сиз билип, бирок аткара албай жʏргɵн айрым нерселерди сɵз кылдык. Асел Шекербекова 43 жашта,  8 баланын энеси, ʏй-бʏлɵ мамилеси боюнча эксперт: “17 жашымда турмушка чыкканмын. Балдарым бир аз чоңойгондон кийин гана айымдар менен иштеп баштадым. 8 баламдан кийин гана Казакстандан эң биринчи интим гимнастиканы окудум. Кыргызстанда жатын кɵйгɵйлɵрʏ ɵтɵ кɵп болгондуктан, бул темада кɵп окуп, изилденип жʏрʏп, багыт мага жагып калды. Анан ошол боюнча борбор ачып, онлайн, офлайн тʏрʏндɵ сабак бере баштадык”, -дейт.

“Кыргызстанда жатын кɵйгɵйлɵрʏ кɵп”

-Асел айым,аялдардын кɵйгɵйлɵрʏнɵ кызыгып калганыңыздын себеби эмнеде?

-Негизги себеби кɵптɵгɵн ажырашуулар болду. Ажырашуулардын кɵп болуусунун себептерин бирɵɵсʏ “аялдын ɵзʏнɵ болгон баасы тʏшʏп кеткенде ушундай болот десе, айрымдары ыңгайлуу аял болуп ɵзʏңдʏ эмес башканы ойлогонуңда” дейт. Бул аргументтер дагы туура. Бирок, эң негизгиси аялды эркек менен байланыштырган бул – аялдык орган. ʏй-бʏлɵлʏк мамиледе эркек менен тыгыз, денелик муктаждыкты чечкен аялдык органда кɵйгɵй боло турган болсо, ʏй-бʏлɵгɵ таасири тиет. Эркектин напсиси кʏчтʏʏ болгондуктан, канчалаган эркектер башка аялдарга кетип калат. Кɵбʏрɵɵк ошол себептен ажырашуулар болот. Мисалы, статистикага карасак, мурда мындай себептер менен ажырашуулар аз болгон. Азыркы учурда эң негизги себептердин бири башка аялга кетʏʏ, ойнош кʏтʏʏ кɵп себеп болуп атат.

“Сертификаты бар тренерлерди 4 жыл даярдадык”

-Маселенин жеңил чечʏʏнʏн ыңгайлуу жолу алдын алуу дейт го. Ошол ʏчʏн  бойдок кыздарды турмушка даярдоо курсун ачкансызбы?

-Турмушка чыга электе эркек менен кандай мамиледе болуу керек, бала тарбиялоо канткенде туура болот деген сыяктуу суроолорду ойлонуп, мен ошол нерсени жасагым келди. Турмушка чыга элек кыздарга даярдоо сабактарын ɵткʏм келди. Бойдок кыздарга турмушка даярдоо курсу окутулат. Кайын журт, кайнене менен болгон мамиле, кʏйɵɵ менен мамиле, бала тарбиялоо, биринчи тʏн, психологиялык туура мамиле боюнча сабак ɵтʏп беребиз. Кɵп кыздар биринчи тʏнгɵ даяр болбой эле турмушка чыгып алышат. Тɵшɵк маселеси боюнча дагы кыздарга сɵзсʏз сабак берилиш керек. Турмушка даярдоо курсунан ɵткɵн кыздар ыраазычылык каттарын кɵп жазышат. Бул бардык кыздарга керектʏʏ сабак. Ага чейин жашы ɵтʏп калган айымдардан деле эркек менен мамиле кылууда кандай кылуу туура болорун билбейбиз деген сɵздɵрдʏ кɵп угуп жʏрдʏм. Бул борбор айымдарга жол таап берʏʏ максатында ачылган десем болот. Эркек менен болгон мамилени жеңил чечʏʏ, эркектин табияты кандай деген сыяктуу сабактарды ɵтʏʏдɵн баштаганбыз алгач. Башталган кезде эле кыздарда жакшы натыйжа боло баштады. Сертификаты бар тренерлерди чыгаруу ʏчʏн 4 жылдан ашык убакыт кетти. Оңой болгон жок. Кыргызстан боюнча ушул тематикада эң биринчи биз лицензия алыппыз.

“Кɵп эркектер ɵз аялы ɵзʏнɵ ачылганын каалабайт. Себеби…”

-Кыргыз айымдарын башка элге салыштыра турган болсок, ɵтɵ эле жабык, уялчаак келебиз, ушул тууралуу да сурайын дегем…

-Уялбаш керек болгон жолдошунан дагы уялат. Кɵпчʏлʏк эркектер ɵзʏнʏн жубайы ɵзʏнɵ ачылганын каалабайт. Мисалы, аял менен эркектин мамилеси тууралуу темада ачык болгон аялдарды кɵпчʏлʏк эркектер бузулган аял катары эсептешет. Анан балдарына жыныстык тарбия берʏʏ дагы жабык бойдон калат. Балдар жада калса, ɵздɵрʏнʏн жыныс органдарынын аталышын, тʏзʏлʏшʏн билишпейт. Ошол менен уялып, жок орган сыяктуу унутта калып калат дагы ʏй-бʏлɵ курганда эркек менен аялдын кɵйгɵйлɵрʏ ошондон чыгат. Эркек каалаганын аялынан ала албайт, аялы каалаганын кʏйɵɵсʏнɵн ала албайт. Ошо менен жабык тема болуп кала берет. Ойноштук, жаман кинолорду кɵрʏʏ сыяктуу аракеттерге барышат. Анан кыргыз айымдары кʏйɵɵсʏнɵ оюн ачык айтып жеткире албайт. Кɵбʏнчɵ туура эмес жеткиришет. Же агрессия менен урушуп, же болбосо ыйлап чечет. Бул туура эмес.

“Дени сак эне, дени сак бала – дени сак мамлекет”

-Аялдын ɵзʏнɵ кɵңʏл буруп, кам кɵрʏʏсʏ эң жогоруда турган нерсе эмнеде деп ойлойсуз?

-Жɵнɵкɵй эле эреже. Аял деген кʏчтʏʏ мамлекетти, кʏчтʏʏ балдарды тарбиялай турган негизги адам. Эне дени сак болсо гана дени сак балдарды тɵрɵйт.  Дени сак балдар акыл-эси кʏчтʏʏ болот, билимдʏʏ боло алат. Мисалы, ɵтʏ ооруган энелер ɵтʏ ооруган балдарды тɵрɵйт. Ɵттʏн иштɵɵсʏ начар болсо, ички органдар жакшы иштебейт. Иммунитет алсыз болсо, мээнин иштɵɵсʏ, эске тутуу начар болот. Аялдар ɵзʏн кароо менен кɵптɵгɵн оорулуу балдардын тɵрɵлʏп калышын алдын алат.

Аялдык энергия – аялдык назиктик, эркектин ордуна эркек болуп кетпɵɵ. Европаны туурап кɵп жерде аял менен эркекти бирдей орунга алып келип жатат. Аял дагы иштеш керек, кɵчɵгɵ чыгыш керек деген сыяктуу. Аялдар кɵчɵгɵ чыгып эркек менен бирдей акча таап, эркек менен бирдей аракетке ɵтɵ турган болсо, эркектин башчылыгы автоматтык тʏрдɵ тʏшɵт. Эркек башчы болбогон, эки эркек башкарган  ʏйдɵ тирешʏʏ, атаандашуу пайда болот. Бийликти эр адамга бергенде ʏй-бʏлɵдɵ гармония болот. Бала дагы атанын башчылыгын кɵрʏʏ керек. Биздин курста интим гимнастиканы ʏйрɵнгɵн кезде аялдык назиктик пайда болот. Аялдык гармондор иштеп, эркек менен тең тайлашпай ɵзʏнʏн аял экенин сезет. Эркектик гармондор кɵбɵйгɵн кезде кадимки эркек сыяктуу оор нерсени кɵтɵрʏп калышат. Эркектин жардамысыз эле жашоомду кура аламын деген 80 пайыз айымдар эркектик гармону кɵтɵрʏлʏп кеткенден ажырашат. Себеби, эркек сыяктуу иштеп, акча таап калгандан кийин эркектин кереги болбой калышы мʏмкʏн.

“Адам энелик сʏйʏʏгɵ тойгон кезде…”

-Аял бала менен кʏйɵɵсʏн кантип сʏйʏшʏ керек?

-Аял баланы шартсыз сʏйʏш керек. Кандай абал болсо дагы. Идишти сындырып койсо да, ылайга жыгылып кетсе да, кандай абалда болсо да 7 жашка чейин шартсыз сʏйʏʏ керек. Бала ɵзʏнɵ болгон, Кудайга болгон сʏйʏʏсʏн энеден алат. Эненин мээримин албаган балдар сʏйʏʏнʏн жетишсиздиги деген оору менен оорушат. Ɵмʏр бою сʏйʏʏнʏ ар кимден, ар нерседен издеп депрессия боло берет. Адам энелик сʏйʏʏгɵ тойгон кезде сʏйʏʏгɵ ээ болот, башкаларга да сʏйʏʏ бере алат.

ʏй-бʏлɵдɵ эркектин багуусу, коргоосу аял ʏчʏн ɵтɵ маанилʏʏ. Кɵбʏнесе эркектин коргобогонунан, чечкинсиздигинен аялдар депрессияга тʏшʏшɵт. Багып, коргоп турган эркектин алдында аял ɵзʏн аял сезет. Ошол эле учурда эркек табарман болушу ʏчʏн аялдардын назиктиги ɵтɵ маанилʏʏ.  Эркектин алдында “мен киммин?” деген суроого эркектин абысыны, кʏндɵшʏ же апасы эмес, эркекке аял экенибизди сезип, эркектен жардам сурай алган аял болуу керек. Аял билимдʏʏ, кɵрɵгɵч болуусу керек. Кʏчтʏʏ эркек балдарды дагы аял тарбиялайт.

 “Ошто да иш алып барабыз”

-“Назик айым” борбору боюнча эң кɵп сурануулар Ошто болду. Качан Ошто сабак ɵтɵ баштайсыздар деп кɵп сурашты. Биринчи планды Ошко койгонбуз. Азыр Оштогу филиалда флай йога, интим гимнастика, чыгыш бийи, салон бар. Сабактарды ɵтʏп, жолугушууларды ɵткɵрʏп турабыз.

Бʏкалча Маматали кызы