8 сентября, 2024

САДДАМ ХУСЕЙНДИН  КƟЗYН КАНТИП ТАЗАЛАШКАН?

Жыйырма жыл илгери АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Бириккен Улуттар Уюмунда Иракта химиялык куралдын бар экендиги жɵнʏндɵ жалган маалымат жайылтып, акыбетинде жыйырма биринчи кылымдагы биринчи масштабдуу согушка старт берилген.

ШЫЛТОО ИЗДЕГИЛЕ

2003-жылдын 5-февралында америкалыктардын демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде  “Ирак кооптуулугу” боюнча маселе талкууланган. АКШнын ал кездеги прекзиденти Жордж Буш атасы Буш 1991-жылы “Чɵлдɵгʏ бороон” операциясы менен жасай албаганды – Жакынкы Чыгышта антиамериканизмдин символу болуп калган Ирактагы Саддам Хусейндин режимин жок кылууну эми аягына чыгарууга ак эткенден так этип турган мезгил эле.

Кийинчерээк маалым болгондой, Жордж Буш Коопсуздук Кеңешинин отурумунан бир апта мурун эле Британия премьер-министри Тони Блэр менен жашыруун жолугушуп, маектешин АКШ Иракка бастырып кирʏʏгɵ БУУ тарабынан берилʏʏчʏ резолюцияны алуу ʏчʏн “БУУнун колун кайруунун” бардык мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏн кɵрʏʏгɵ даяр экендигине ынандырган. Бирок, резолюцияны алуу ʏчʏн баары ишенгидей темирдей шылтоо-тʏрткʏ зарыл эле. Канткен менен Вашингтондун жакын союздаштары Франция менен Германияны кошкондо дʏйнɵлʏк коомчулук согушка караманча каршы  болгон. Анан калса, Иракка атайын жиберилген инспекция да ал жактан эч  химиялык же бактериологиялык курал таппай, Ак Yйдʏн айласын кетирген. Мына ошондо башкы резерв – АКШнын мамлекетттик катчысы Колин Пауэлл суурулуп чыккан. БУУнун 5-февралдагы отурумунда ал чыгып сʏйлɵп, Саддам инспекторлордон химиялык куралды эптʏʏ жашырып койгондугун айтып, рельстер менен дɵңгɵлɵктɵргɵ чиркештирилген жана биологиялык курал ɵндʏрɵ турган мобилдʏʏ заводдор жɵнʏндɵ ишенимдʏʏ колдон алынган маалыматка шилтеме жасап, андан соң мамкатчы шулер сыяктанып жең ичинен антракстын споралары бар боз порошок салынган пробирканы алып чыккан жана ирактык режимдин колунда мындай пробиркалар он миңдеп саналарын билдирген. Антракска (Сибирь жарасы) шилтеме жасоо эптʏʏ жʏрʏш эле. Америкада да, башка ɵлкɵлɵрдɵ да жакында эле Америкада жʏз берген дʏрбɵлɵң эстен чыга элек болчу. 2001-жылдын кʏзʏндɵ бир катар конгрессмендер жана расмий адамдар почта аркылуу сибирь жарасынын споралары салынган конверттерди алышып, беш адам ɵлʏп, 17 киши  илдетти жуктуруп, бирок тирʏʏ калышкан. Чынында, Саддамдын бул террактыга эч кандай тиешеси жоктугу, конверттерди америкалык аскердик заводдордун биринен бир кызматкер ɵзʏнʏн жеке мотиви боюнча гана жɵнɵткɵнʏ кийин гана белгилʏʏ болгон. Бирок, Пауэллдин колундагы пробирка ɵзʏнчɵ эле бир сигналга айланган: “мына кɵрдʏңɵрбʏ, жакында эле бизге катарлаш болгон ажал, ирактык деспот аны бʏткʏл эркин дʏйнɵгɵ чачууну каалайт, демек, ал ɵзʏ да, ирактык режим да жок кылынышы керек!”

Эч кандай уулуу заттын пробиркада жок экендигин мамкатчы ɵзʏ эң сонун билген. Кийинчерээк бир катар маектеринде БУУнун олтурумуна ал эч качан биологиялык куралды алып кирмек эместигин моюнга алган. Ал пробирканы ким даярдаган жана пробиркадагы эмне — тиш пастабы, же кир жуугуч порошокпу, же кадимки эле унбу, ошол бойдон белгисиз калып кетти.

АЛДАНГАН АЛДАМЧЫ

 Канткен менен Колин Пауэлл  жалган айтып эле тим болбостон, ɵзʏ да алдамчынын курмандыгыгына айланганын белгилей кетʏʏ керек. Кɵрсɵ, чалгындын ал “ишенимдʏʏ булак” деп шилтеме жасаган ɵкʏлʏ Жанаби ысымдуу ирак качкыны болуп, америкалык кожоюндарга жагынуу ʏчʏн бʏт баарын ойдон чыгарып жасаган экен. 2011-жылы Пауэлл британдык “Гардиан” гезитине мынтип билдирген: “Ошол маалдарда эле бул булак таптакыр ишеним жаратпаганы белгилʏʏ болгон. ЦРУ жана аскердик чалгындан эмне ʏчʏн мындай жалган маалымат менин БУУда сʏйлɵй турган сɵзʏмɵ кирип калганын кʏн мурунтан билдиришпегенин сураш керек”.

Бул тополоң Пауэллдин эсин чыгарды. Ал ɵзʏ ямайкалык кулдардын нью-йорктук гаремде туулган тукуму, аскердик эң сонун карьера жасап, тɵрт жылдыздуу генерал болуп, штабдардын начальниктерин — Бириккен комитетин жетектеп, АКШ мамдепартаментинде жогорку постту ээлеген  биринчи кара тʏстʏʏ америкалык эмес беле. Бирок, кɵбʏнʏн эсинде ал жасалма порошок толтурулган пробирканы БУУнун минбарында булгалаган адам бойдон калат.

 Америкалык тɵбɵлдɵр балким, президенттин ɵзʏ да аны жекече кызыкчылыктары ʏчʏн ɵтɵ одоно пайдалангандыктарын тʏшʏндʏ. Жокко чыгарууга болбойт, дал ошол кырдаал саясатчыны тез эле отставкага кетʏʏгɵ аргасыз кылгандыр.

 Чын-жалганын Кудай билет, 1945-жылы Япониянын Хиросима шаарына атомдук бомба таштаган аскердик учактын учкучу кийинчерээк япондорго кандай капсалаң алып келгенин тʏшʏнгɵндɵн кийин акылдан айнып калганы жагдайында учкай маалымат чыккан. Ал эми АКШнын экс-мамкатчысы кийинчерээк мынтип  моюнга алганы бар: “Мен ɵзʏмдʏ ɵтɵ жаман сезип жʏрɵм. Бул мен тараптан Кошмо Штаттардын репутациясына коюлган кара так болуп калды. Ал ар дайым менин кызматтык тизмемдин бир бɵлʏгʏ бойдон  кала берет”.

БОЛОРУ БОЛУП, БОЁСУ КАНДЫ

Ичине эмне толтурулганы белгисиз калган пробирканы миң булгалабасын, БУУнун Коопсуздук Кеңеши Хусейнге каршы кʏч колдонууга санкция берген жок. Бирок. АКШ жана анын союздаштары БУУнун Уставын бузуу жолу менен 2003-жылдын 20-мартында Иракка кол салышкан. Саддам Хусейн колго тʏшʏрʏлгɵн жана ʏч жылдык тʏрмɵ мɵɵнɵтʏнɵн кийин дарга асылган.

Операциянын жʏрʏшʏндɵ америкалыктардан 4423 жоокер курман болуп 30 миңден ашууну жараат алган. Америкалык оккупациянын маалында курман болгон ирактыктардын саны жарым миллионго чамалап, курмандыктардын саны талкаланып-таланган ɵлкɵдɵгʏ ич ара тирешʏʏлɵрдɵн жана террористтик топтордун аракеттеринен улам ушул кʏндɵргɵ чейин ɵсʏʏдɵ.

Ал эми эң негизгиси, массалык кыргын салуучу эч кандай курал Ирактан табылган жок. Бирок, мунун эми Батышка эч кандай мааниси жок эле.

Саддам Хусейндин  жеке тагдыры албетте, кайгылуу бʏттʏ. Бирок, калк арасында ал туурасында пикир бир кылка эмес, бирɵɵлɵр мактаса, бирɵɵлɵргɵ жакпайт. Канткен менен анын тушунда Ирак бир кыйла ɵсʏп-ɵнʏгʏʏгɵ багыт алгандыгын калыстык ʏчʏн болсо да, белгилей кетʏʏ керек. Ирак анын доорунда Жакынкы Чыгыштагы лидер мамлекеттердин катарына кирген. Yчʏнчʏ дʏйнɵнʏн башка ɵлкɵлɵрʏнɵ ар тараптуу жардам берʏʏгɵ жана инвестиция салууга да даяр болуп калган. Жети жыл ашыгыраак мезгилге созулуп кеткен Иран-Ирак согушунан кийин Саддам армиянын кʏч-кубатын бекемдɵɵгɵ олуттуу маани берген. Ирак Куралдуу кʏчтɵрʏ миллион жоокери менен саны жагынан дʏйнɵдɵ ʏчʏнчʏ орунга чыкканы белгилʏʏ.

Саддамды туулуп-ɵскɵн шаары Тикриттен ɵзʏнʏн эле жакындарынын бирɵɵсʏнʏн жол кɵрсɵтʏп берʏʏсʏнɵн улам колго тʏшʏрʏлгɵн. Америкалык тʏрмɵдɵ ʏч жыл жаткандан кийин Багдаддагы сот аны дарга асуу жолу менен ɵлʏм жазасына ɵкʏм кылган. Тʏрмɵдɵ аны башкалар менен бирдей эле укукта, бирок башка бɵлмɵдɵ кармашкан. Узун-туурасы 2-2 жарым метр келген бɵлмɵдɵ ага ʏйʏнɵн келип турган тамеки чегʏʏгɵ уруксат берилген.  Саддам каза болордо эки уулу Удей менен Кусейге караганда негедир кызын кɵбʏрɵɵк эстегени айтылат. Тʏрмɵдɵ ал ыр жана сʏйʏʏ темасында бир роман жазып бʏтʏргɵнʏ маалымдалат. Ырларында оозго аларлык эле саясий жана философиялык маанилер бар экенин эксперттер белгилешет. Тʏрмɵдɵ Саддам алсыз чалдын кейпин кийип калгансыгандай кɵрʏнгɵнʏ менен, ɵзʏн тың алып жʏргɵндʏгʏ айтылат. “Мен жɵнʏндɵ азыр эмне деп айтып жатышканы мени кызыктырбайт, дагы жʏз, балким беш жʏз жылдан кийин эмне дешери маанилʏʏ”,-деген ал.

Ɵлʏм жазасына тартуу ɵкʏмʏн ал тынч кабыл алып, ɵкʏм аткарылар жайга маска кийʏʏдɵн баш тарткан калыбында келген. Кудай алдында кʏбɵлʏк берʏʏ(шахада) келмесин келтирип, “Аллаху акбар! “ сɵзʏ менен о дʏйнɵгɵ узап кеткен.

Абдираим Мамытов