26 апреля, 2024

“ЭЧ КАЧАН СОГУШ БОЛБОСУН!”

Улуу Жеңишке 78 жыл. Каармандык менен кан майданда баатырдык кɵрсɵткɵн аталарыбыз, баатырларды тамак-аш, кийим-кече менен камсыздоодо жан аябай эмгек кылган апаларыбыз, ардагерлер жыл ɵткɵн сайын арабыздан суюлуп барат. Алардын жаркын элесине тʏбɵлʏк таазим.

Бʏгʏнкʏ кʏндɵ Ош шаарында согуштун эки ардагери жашайт. Алар Касымбай Жолдошов жана Салахидин Тохтабаев. Экɵɵ тең 98 жашта. Балдарынын тɵрʏндɵ кеп-кеңешин айтып, карылык доорун сʏрʏшʏʏдɵ.

“ЖЕҢГЕНИБИЗ ТУУРАЛУУ КАБАРДЫ УККАН УЧУР АЗЫР ДАЛЕ КƟЗ АЛДЫМДА”

Майрамды утурлай, биздин жамаат Касымбай Жолдошов ардагер атабыздан кабар алып келди. Биз барганда колуна калеми менен кагазын алып, ыр курап олтурган экен. “Келгиле, сʏрɵткɵ тартсаңар медалдар тагылган костюмумду кийип алайын” деп жайдары маанайда бизди тосуп алды. Эсиңиздерде болсо, Касымбай ата беш китептин автору. “Кɵз айнек тагынганыма аз гана убакыт болду” деп согуш учурун баяндап, кебин баштады.

-Согуш башталганда 17 жашта элем, 1942-жылдын январь айында аттанганбыз. 25 жашка чейин мекенди коргоодо жʏрдʏм. Бул аралыкта 3 жыл согушта болдум. Андан кийин 5 жыл кызмат кылдым. Бизди алгач эле Ыраакы Чыгышка алып кетишкен. Жаштайыбыздан колубузга курал алдык. Жеңгенибиз тууралуу кабарды уккан учур азыр дале кɵз алдымда. Бир аскер колуна баш кийимин кармап алып, бизди кɵздɵй чуркап келе жатат. Кандай кабар келет деп баарыбыз карап турабыз. Ал келип эле “Согуш бʏттʏ!” деп кыйкырып жерге кулады. Баарыбыз кубанып, штабка келдик. Штаб башчысы баарыбызды куттуктап, “эми силер ʏйʏңɵргɵ кетесиңер” деп кɵңʏлʏбʏздʏ кɵтɵрдʏ. Ошол кʏнʏ тʏштɵнʏʏдɵ дасторконго мол тамак-аш коюлуп, жакшы майрамдаганбыз. Анткени согуш учурунда ачка калып, чɵп жеген учурларыбыз болгон. Согуштан кийин СССР менен Япониянын ортосунда да кʏрɵш жʏрʏп, анда беш жылдык ɵмʏрʏбʏз ɵттʏ. Ошентип, 8 жыл дегенде мекенге кайтып келгенбиз.

“АГАМ ТУУРАЛУУ 80 ЖЫЛДАН КИЙИН БИЛДИК”

-ʏй-бʏлɵдɵ тɵрт бир тууган элек. Менден улуу агам Ыстанбай 1941-жылы ноябрь айында согушка кетип, кайткан жок. 1942-жылдын аягында кара кагаз келген экен. Бирок, кара кагаз кийин жоголуп, агам жɵнʏндɵ маалыматтарды таппай калганбыз. Кечээ жакында кайсыл шаарга коюлгандыгы боюнча маалыматтар келди. Маалыматка ылайык, агам Орусиянын Тверь облусуна коюлуптур. Агам менен бирге майданда жʏргɵндɵрдʏн айтуусунда снайпердин огунан каза болгон экен. Менде ушул гана маалыматтар бар. Менден кийин иним менен карындашым бар эле. Экɵɵнʏн тең кɵзʏ ɵтʏп кетти. Карындашымды 20 кʏн мурун 90 жашында жайына бердик.  

Касымбай ата карындашын жоктоп, эскерʏʏ жазыптыр. Ыр жазган дептерин барактап отуруп, бизге окуп берди.

Тɵрт бир тууган кенжеси,

Эрке кыз элең секелек.

Колмо кол кылып ʏчɵɵбʏз,

Жетилткен элек жетелеп.

Мен армияга жɵнɵрдɵ,

“Кетпе, ака, кетпе” деп.

Ыйлаганың жалгызым,

Дагы эле эстен кете элек.

Акырет сапар сен кеттиң,

Алымды сурап ким келет?

Карындашым барында,

Ойлобопмун мындайды.

Карындаштан ажырап,

Башталды дагы муң-кайгы.

Карылык келди башыма,

Жашым жетти чегине.

Убайымын тарттырбай,

Ушулардан башта эле

Алып кетсең эмине.

“БИЗ ДАГЫ ЧОҢ YЙ-БYЛƟНYН КАТАРЫН ТОЛУКТАП КАЛДЫК”

-Колхоз чарбада 35 жыл иштеп, пенсияга чыктым. ʏй-бʏлɵ кʏттʏм (ушул жерден Касымбай ата оор ʏшкʏрʏнʏп алып, сɵзʏн улантты). Карманып калганыбыз бир уул, бир кызым болду, башкасы жашында учуп кетти. Уулум мугалим болчу. 49 жашында кɵзʏ ɵтʏп, артында 7 баласы калды. Баланын кʏйʏтʏн тартып жʏрʏп, алты айдан соң кемпирим да бул дʏйнɵдɵн ɵттʏ. Ошондон тарта неберелеримди тарбиялоо менин милдетим болуп, аларды бутуна тургузуп, балдарды ʏйлɵндʏрʏп, кыздарды тууруна кондурдум. Азыр эми алардын урмат-сыйын кɵрʏп отурган мезгилим. Кичʏʏ небере уулумдун колундамын. Неберелеримдин алды алты балалуу болушту. Эл катары биз дагы чоң ʏй-бʏлɵнʏн катарын толуктап калдык. Кудайга шʏгʏр, жашообуз жакшы. Балдарымдын жамандыгын кɵрсɵтпɵ деп саар-кеч намазымда дуба кылып отурам.

Касымбай Жолдошов сɵзʏнʏн аягында Жеңиштин 78 жылдыгына карата эскерʏʏ ырын да окуп берди. Буюрса, 80 жылдыкта дагы бар бололу, дʏйнɵдɵ тынчтык болсун деген аруу тилектер менен ардагер атабыздын батасын алып кайттык.

Эскерʏʏ

Жеңиштин 78 жылдыгына

Он жети жашка чыкпастан,

Курал алып колума.

Коргодум Ата Мекенди

Алла Таала жан Эгем,

Тагдырга жазган экенби.

Жыйырма бешке чыкканча,

Сегиз жыл коргоп мекенди.

Уланып согуш беш жылга,

Ок тийсе да ɵлбɵдʏм.

Алла Таала жан Эгем,

Эсен-аман элиңе

Кайтасың деген экенби.

98 жашка чыксам да,

Ɵткɵн согуш азабын.

Мекенчил жаш балдарга,

Айтып келе жатамын.

Азабы курсун согуштун,

Оозуң барбайт айтышка.

Окко учкан достор элестеп,

Кайгырып жʏрɵк муңканып,

Жаш чыгат кɵздɵн бир паста.

Жʏрɵктɵ турат так болуп,

Кɵргɵн азап-тозоктор

98 жашка чыксам да.

Жолумду жолдоп неберем,

Чейрек кылым болду окшойт.

Коргоп жʏрɵт мекенин.

Сыймыктансам жарашат,

Мен бактылуу ветеран экенмин.

Элдин эсинен чыккыс жылдар ɵттʏ,

Иштешип жеңиш ʏчʏн кʏндɵ-тʏндɵ,

Беш жылга кандуу согуш уланып,

Так болуп калган адамдардын жʏрɵгʏндɵ,

Азыркы биздин бактылуу балдарыбыз,

Кандуу согуш кɵрбɵсʏн ɵмʏрʏндɵ.