29 марта, 2024

“ФРОНТКО” ДЕГЕН ДАРЕК МЕНЕН ТАПКАНЫБЫЗДЫН БААРЫН ЖƟНƟТЧYБYЗ”

Тылдагы согушта каармандык кɵрсɵткɵн апаларыбыздын бири 94 жаштагы Закия Абдраимова. Ал бʏгʏнкʏ кʏндɵ шаарыбыздагы “Боорукердик” ʏй-интернатында жашайт. “Согуш башталганда 13 жашта элем. Тылда катуу эмгектенип, ден соолугубузду жоготкон экенбиз” деген ардагер согуш учурун мындайча баяндады:

-Мен Омск облусунда тɵрɵлʏп, ɵскɵм. Согуш мезгилинде орукта ыктыярдуу иштɵɵгɵ тɵрт курбум менен бирге 15 жашыбызда военкоматка бардык. Андагы майор келип, биздин ийинибизге колун коюп: “бул жерде дагы согуш, бул жер дагы фронт. Мында иштей турган эч ким калбады, баарын алып кетти. Фронтко нан керек” деди. Биз ыктыярдуу тʏрдɵ аскерлерди тамак-аш менен камсыздоого жардам берип, тылда эмгектендик. Кʏнʏ-тʏнʏ тынымсыз иштедик десем болот. Кʏндʏзʏ буудайларды кургатып, тегирменге алып барып, андан кийин арабага жʏктɵп, фронтко жɵнɵтɵт элек. Бош убакытта колго байпак, кийим токуп, “фронтко” деген дарек менен гана тапканыбыздын баарын жɵнɵтчʏбʏз. Ɵзʏбʏз ач, нан жок, баарыбыз фронт ʏчʏн деп  запастагы майда картошкаларды жейт элек. Биздин аймакка чоў радио коюп коюшкан болчу. Ошондон Сталиндин “Рахмат силерге! Биз жеўип чыктык!” деген ыраазычылык сɵзʏ жаўырганда баарыбыз тɵбɵбʏз кɵккɵ жете кубанганбыз.

Закия апа Кыргызстанга 22 жашында келген. Ɵмʏрʏнʏн 38 жылын магазинде иштеп ɵткɵргɵнʏн айтып, буларды кошумчалады:

-Кандуу майданга атам, бир тууган агам барган. Атам жарадар болуп келип, колхоздо иштеп жʏрдʏ. Агам кайткан жок. Кайсыл шаарда курман болгону тууралуу билбейбиз. Анда фронтко деп гана алып кетишчʏ. 16 жашта гана эле. Апам алты баласы менен  бул жакта жеўиш ʏчʏн кʏрɵштʏ. Жаштыгыбызга карабай, согуштун айынан кɵп иштедик, оор иштерди жасадык. Бʏгʏн мынтип ден соолугубуз жакшы эмес, кʏч-кубат жок.

Жумагʏл  Кочкорбай кызы