27 июля, 2024

Алишер Тоотаев: “ЭМИ ТАРБИЯЛЫК МААНИСИ ЗОР ЫРЛАРГА БАСЫМ ЖАСАЙМ”

“Жашоо-турмуш ɵзгɵрʏлɵт турбайбы,

Жаштыгымда ойлобопмун мындайды…” деп обон созгон ырчы, обончу Алишер Тоотаев бʏгʏн Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын директору. Кызматка келгенине эки айга чукулдаганын айткан каарманыбыз элдин руханий дʏйнɵсʏн ɵстʏрʏʏгɵ, маданият менен жаштарды тарбиялоого эмгегин жумшай турганын белгилеп, чыгармачылыгы, аткарып жаткан иштери, пландары тууралуу азыноолак маек курду.

-Алишер мырза, саламатсызбы! Кызматка киришкениңизге аз гана убакыт болду. Жумушту эмнеден баштадыңыз? 

-Саламатсыздарбы! Филармонияны кɵрктɵндʏрʏʏгɵ кɵбʏрɵɵк кɵңʏл буруп жатабыз. Айланасында кɵбʏнчɵ эски дарактар болгондуктан, жаңы кɵчɵттɵрдʏ, арчаларды тигели дегенбиз. Бирок, бак-даракты кыюуга мораторий жарыяланып калган экен, тие албай жатабыз. Ал ʏчʏн Бишкектен уруксат алыш керек. Уруксат берсе, эски дарактардын ордуна жаңы кɵчɵттɵрдʏ тигебиз. Ошондой эле таштаман (брусчатка) бастырып, филармониянын короосун аллеяга айландырайын деген пландар бар. Жеке курулуш компаниялар менен сʏйлɵшʏп, бир демɵɵрчʏ таптык. Жакында биздин ɵтʏнʏчʏбʏздɵй кылып ɵздɵрʏ жасап беришет. Ага катар эле жарыктандырылып, адамдар отура турчу орундуктарды коюуну пландоодобуз. Буюрса, филармониянын айланасы тосулуп, аллея болот. Бул эми биздин алдыда аткарылчу ишибиз. Мындан башка да жасай турчу пландарыбыз бар, аны ишке ашканда айтайын. Ал эми ишке ашкандары боюнча айтсам, имараттын ичи-тышына видео-кɵзɵмɵл орнотулду. Андан сырткары сахнабызга заманбап LED-экран койдуртуп, ишке кирди. Ушул сыяктуу колдон келген иштерди жасап жатабыз. Азырынча чоң акча бɵлʏнɵ элек.

-Сахна демекчи, буга чейин эки залды бириктирʏʏ боюнча демилгелер айтылды эле…

-Эң чоң долбоорубуз ошол, эки залды бириктирип, реконструкция жасоо боюнча иш алып баруудабыз. Бул иш бʏтʏп калса, анын шылтоосу менен имарат капиталдык оңдоп-тʏзɵɵдɵн ɵтʏп калат. Филармониянын алдыңкы кɵрʏнʏшʏ да бир аз ɵзгɵрɵт.

-Филармониянын жери да так чечиле элек экени маалым болчу. Ал боюнча азыр жагдай кандай?

-Ооба, жер биздин эң негизги маселебиз. Муниципалдыкка тиешелʏʏ болгону ʏчʏн азыр ортодо турат. Сʏйлɵшʏʏлɵр, кат алышуулар болуп жатат. Жерди филармониянын балансына ɵткɵрʏшʏбʏз керек. Мекеменин короосу ɵзʏнɵ карабаганы туура эмес болуп калат экен. Филармонияга эл агылып келип турушу керек да, ал ʏчʏн адамдарды кызыктыра турчу шарттар болушу кажет. Бир нерсе жасоо ʏчʏн мэриядан барып уруксат алуу талап кылынат. Бул биздин жумушубузга тоскоол болууда. Буюрса, жерибизди, корообузду ɵзʏбʏзгɵ каратып алсак, кулачыбыз кеңейип калат эле.

-Кɵркɵм чыгармачылыкта кандай ɵзгɵрʏʏлɵр, толуктоолор болууда?

-Чыгармачылык багытта эстрадалык жандуу ансамбль тобун тʏздʏм. Учурда репертуарлары менен иштеп жатышат. Мында бир эле оркестрдик топ менен чектелип калган болчу. Фольклордук ансамбль да тʏзʏлдʏ, жакында ишке кирет. Камералык оркестр да тʏзʏлʏп жатат. Андан сырткары манасчы, тɵкмɵ акындарды командабызга алуудабыз. Филармониянын талабы ошондой эмеспи. Эң негизгиси жаштар менен жаңылануудабыз. Жаш профессионал музыканттар менен курамыбыз толукталууда. Азыркы тапта штаттык бирдиктер жетишпейт. Министрликтен кошумча штаттык бирдик сурадык. Эгер болуп калса, дагы толуктоолор болот.

-Ɵзʏңʏздʏн чыгармачылыгыңызга келсек. Салмактуу, турмуштук ырларыңыз менен калкка таанылдыңыз. Азыр чыгармачылыктан алыстап кеткендей туюлуп жатасыз.

-Туура, жетекчи болуп келгенге чейин ден соолук менен алпурушуп жʏрʏп, ачыгын айтайын кɵп эле нерседен аркада калыптырмын. Жараткан кимге оору, кимге шыпаа берет ɵзʏнʏн иши экен. Кудайга шʏгʏр, ден соолугум жакшыргандан кийин мындай жооптуу иштерге да кудайдын буйругу менен келип калдым. Ошонун артында чыгармачылыктан алыстай тʏштʏм. Азыр устаттарым, ʏй-бʏлɵм, жакындарым да “Жетекчилик кызмат менен алаксып калбай, чыгармачылыкты кошо алганча жʏр” деп айтышууда. Алардын кеңештери, сунуштары мени сʏйʏндʏрɵт. Ɵзʏмдʏн да негизги оюм ошол. Жумуш ордум чыгармачылыкка байланыштуу. Мындагы таланттар менен биргеликте ɵзʏмдʏн да чыгармачылыгымды ɵстʏрɵйʏн деген пландарым бар. Алдыда эң негизги делген иштерди жасап алып, анан чыгармачылыгыма киришем. Жаңы жазып, элге тартуулашым керек деген чыгармаларым бар. Буга чейин ɵзʏм ырдап чыкпасам да, аткаруучуларга берип жʏрдʏм. Кɵп эле аткаруучулар чыгармаларымды ырдап жʏрʏшɵт.

-Демек, угармандарыңыз алдыда жаңы чыгармаларыңызга кʏбɵ болушат?

-Ооба. Менде азыр чыгармачылык биринчи орунда туруш керек деген принцип бар. Чыгармачылыгымды мурун кандай тартуулап келсем, мындан кийин да тартуулайм. Чыгармачылык менен эл кыдырдык, жер кɵрдʏк, бир аз болсо да таанылдык. Демек, жараткан берген талантты кесир кылбай, багып, ɵстʏрʏп, калкка жеткирип, тартуулай беребиз. Мурун туулган жер, мекен жɵнʏндɵ ырларды ырдасам, эми элдин аң-сезимин жакшы жакка бурууга багытталган ырларга басым жасайм. Филармониянын башкы милдеттеринин бири да ушул. Кɵпчʏлʏк “Филармония эмне кызмат аткарат, максаты эмне?” деши мʏмкʏн. Филармония облустук деңгээлде элдин аң-сезимин, адеп-ахлагын жакшы нукка буруу, тарбиялык мааниси зор чыгармаларды элге жеткирʏʏ максатында иш алып барат. Бʏгʏн мен да муну ɵзʏмɵ максат кылып алдым. Ɵсʏп келе жаткан жаш муунга тарбия бере турган чыгармаларды жайылтууну каалайм.

-Мындай максаттын жаралышына эмне тʏрткʏ болду?

-Мисал катары айтайын, алыс барбай жакынкы кошуна ɵлкɵ Ɵзбекстанды алып карасак, ɵздɵрʏнʏн ыры, кинолору менен элин тарбиялап, маданиятын туура пайдаланып келе жатышат. Тасмаларын карасаңыздар, “Ɵзʏңдɵн чоң адамга акаарат кылба” деп коюшат арасында. Аны кɵргɵн кɵрʏʏчʏлɵр “Туура айтат” дешип тарбиялык маанисин ɵздɵрʏнɵ сиңире алышат. Муну менен кино максатына жетет. Ырларында болсо, башталышына “ата-энемдин мурасын дал ɵзʏндɵй балдарыма ɵткɵрʏп беришим керек” деген сыяктуу сɵздɵр менен баштап, клиптерин тартышат. Мына ушинтип ɵзбек туугандар маданияты аркылуу калкын тарбиялап келишʏʏдɵ. Бизде ушундай нерселер барбы? Ачыгын айтыш керек жокко эсе. Биз дал ушул багытта иш алып барууну кɵздɵɵдɵбʏз. Маселен, “Ата-энеңдин кадырын кɵзʏ барда билип жʏр” деген ыр бар. Бул чыгарма менен да кезинде канча адам тарбияланган. Мен дагы ошондой мотивдеги чыгармаларды жазайын деп жатам. Мунун алкагында авторлор арасында сынак ɵткɵрʏп, мыкты чыгармаларды калпып алып, репертуарларыбызды жаңылаган соң гастролго чыгалы деген максатыбыз бар. Эл келеби, келбейби ал экинчи маселе. Элди кыдырып, чыгармачылык, маданият менен тарбиялоо керек. Теледен, радиолордон ушундай ɵңʏттɵгʏ чыгармалар жаңырып туруусу кажет. Буюрса, максаттарыбызды ишке ашырууга аракетибизди жумшайбыз.

-Маегиңиз ʏчʏн рахмат. Ийгиликтерди каалайбыз!

Жумагʏл  Кочкорбай кызы