24 апреля, 2024

УЛУУ ЖЕҢИШ УНУТУЛБАЙТ

Victory Day.Order of the red star with the Russian inscription Patriotic war on a wooden background with red carnations.Celebration on may 9.Memorial day.Greeting card.copy space

Адамзаттын тарыхында эч качан унутулбас, эч кандай шарт-кырдаалда эстен чыкпас жана баарына бирдей деңгээлде ыйык саналып, салыштырмалуу алганда бирдей белгиленгенген даталардын ичинде 9-май- Улуу Жеңиш майрамы ɵзгɵчɵ орунду ээлеп турары белгилʏʏ.

КЫСКАЧА ТАРЖЫМАЛЫНАН

Улуу Жеңиш миллиондогон солдаттардын жана тынч жарандардын ɵмʏрлɵрʏн алып кеткен ажалдуу согуштун аякташын белгилеген майрам. Бул майрам тарыхта тʏбɵлʏк калып,  от кечкен оор согушту жана  фашисттик армиянын ташын талкан кылган учурду улам кийинки муундарга эскертип турат. Бул майрам ошонусу менен улуу да, ошонусу менен ыйык.

 Улуу Ата Мекендик согуш Экинчи Дʏйнɵлʏк согуштун (1939-1945-жылдар)  курамдык бир бɵлʏгʏ болуп, 1941-жылдын 22-июнундагы таңкы саат тɵрттɵрдɵ башталганы расмий айтылып да, жазылып да жʏрɵт. Бул кʏнʏ фашисттик Германия 1939-жылы тʏзʏлгɵн ɵз ара кол салышпоо жɵнʏндɵгʏ келишимди бузуу менен СССРге кол салган.

Тɵрт жылга созулган согуштук аракеттер адамзат тарыхында болуп кɵрбɵгɵндɵй куралдуу ири салгылашуулары жана миллиондогон курмандыктары менен эсте калды. Согуштун ар кайсы жылдарында эки тараптан тең сегизден он ʏч миллионго чейин жоокерлер салгылашып, жети миңден 19 миңге чейинки  учактар, алты миңден 20 миңге чейинки танк жана штурмалоочу техника, 85 миңден 165 миңге чейин замбирек жана минометтук куралдар колдонулган.

Окупанттар Советтер Союзун кыска убакытта эле талкалап бʏт дʏйнɵгɵ ʏстɵмдʏгʏн камсыз кылуучу согуштук аракеттерин андан  ары улантууну пландаштырышкан. Бирок, ойлогондору оңунан чыкпай калды. Советтик аскерлер кандуу кармашуулар аркылуу душмандын шайын оодарып, советтик-германдык майдандын бʏткʏл тилкесинде фашисттерди коргонууга ɵтʏʏгɵ мажбурлап, аздан кийин душманга ɵлтʏрɵ сокку уруп баштаган.

Фашисттик Германия ɵзʏнʏн жеңилгендиги жɵнʏндɵгʏ актыга 8-майдан 9-майга оогон тʏнʏ, борбордук европанын убактысы боюнча саат 22ден 43 мʏнɵт ɵткɵндɵ кол койгон. Бул убакта Советтер Союзунда убакыт 9-майга ɵтʏп калган болот. Ошентип, СССР Жогорку Советинин Президиумунун Жарлыгы менен 9-май Жеңиш кʏнʏ деп белгиленип, ал кʏндʏ Совет эли азыркы майрам-салтанаттарга эч окшошпой турган маанайда майрамдашканы анын кʏбɵлɵрʏ тарабынан жазылып калган. Бардык жерде элдик сейилдɵɵ болуп, оркестр ойноп турган, ыр-бийден чарчаган жан жок, парк-скверлерде атактуу ырчы-бийчилер, ɵздʏк кɵркɵм чыгармачылык жамаатар ɵнɵрлɵрʏн тартуулашкан. Кечинде Улуу Жеңиштин урматына Москвада отуз замбиректен салют атылган.

 Ошол эле жылдын 24-июнунда Кызыл Аянтта Улуу Жеңиштин урматына Жеңиш парады ɵткɵрʏлʏп, Лениндин мавзолейинин алдына фашисттик туулар жана штандарттар ыргытылган. Жеңʏʏчʏ эки  маршал: Рокоссовский командалык кылып, тиешелʏʏ рапортту Жуков кабыл алган бул  парад кɵргɵндʏн кɵзʏн тамшандырган салтанат менен ɵтʏп, тʏбɵлʏк тарыхта калган.

Эске сала кетсек, Улуу Жеңиш майрамы СССРде “унутта” калгансыгандай болгон,тактап айтканда, 1948-жылдан 1964-жылга дейре 9-май майрам катары расмий белгиленбеген. Мааниси боюнча Улуу Октябрь Социалистик революцисынын кʏнʏ-7-ноябрдан кийинки экинчи майрам катары Брежневдин доорунда, 1965-жылы расмий бекитилген.

КƟЗ ЖАШКА ТОЛГОН МАЙРАМ

 Канткен менен бул Жеңиш оңой келген жок. Улуу Ата Мекендик согушта Советтер Союзунун 7110 шаары, 70 миңден ашуун айылы, 32 миң завод-фабрикасы кыйратылып, 98 миң колхоз-совхоз бʏлʏнгɵн. Бул кыйроолордун жалпы наркы 128 миллиард долларды тʏзгɵн. Советтер Союзу жалпысынан 25, 6 миллион адамынан, башка бир маалымат боюнча, 29,6 миллион адамынан айрылган. Согуш курмандыктарынын 13,7 миллионун тынч жарандар тʏзгɵн.

Согуштун ар бир бешинчи катышуучусу кʏжʏрмɵн сыйлыктар менен сыйланган. 11681 жоокер Советтер Союзунун Баатыры наамына татыса, 2532 жоокер Даңк орденинин толук кавалери болуп калышкан. Кыргызстандан согушка тɵрт жарым миңден ашуун жоокер катышып, алардын дээрлик жарымы орден-медалдар менен кайтышкан. Кыргызстандык 71 жоокерге Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.

Улуу Ата Мекендик согуш Совет элинин жʏрɵгʏндɵ эч ɵчпɵс так калтырганы айтпаса да белгилʏʏ. ”Согуш ага катышкан акыркы жоокер жерге берилгенде гана бʏтɵт” деген сɵз бар. Азыр арабызда ошол апаат согушка катышкан ардагерлер аз эле санда калды жана кʏндɵн-кʏнгɵ, айдан айга саны суюлуп баратат. Айрым аймактарда андай ардагерлер азыр жок экендиги  жʏрɵктʏ ачыштырат.

УЛУУ ЖЕҢИШТИН УЧУРДАГЫ АБАЛЫ

Жеңиш кʏнʏ азыр  КМШнын( майрамга карата жʏр-нары мамиле токтой элек Украинаны кошпогондо)  бардык аймактарында майрамдалат жана дем алыш кʏнʏ  деп белгиленет.

СССРдин кулашы менен Жеңиш майрамынын урматына аскердик парад мааракелик 1995-жылга чейин Кызыл Аянтта ɵткɵрʏлгɵн эмес. Ошол 1995-жылы дароо эле эки парад: Кызыл Аянтта жɵɵ жʏрʏш  жана Поклон Гореде аскердик  техника менен ɵткɵрʏлгɵн Андан бери карай аскердик парад жыл сайын ɵткɵрʏлʏп келе жатат. Баса, Улуу Жеңиштин урматына быйыл Кызыл Аянтта ɵткɵрʏлɵ турган аскердик парадка КМШ ɵлкɵлɵрʏнʏн арасынан Кыргызстандын мамлекет башчысы гана атайын чакыруу алгандыгы маалымдалган. Айтымда, бул чакыруу Улуу Ата Мекендик согушта Москваны коргоодо ɵлбɵс-ɵчпɵс эрдик кɵрсɵткɵн кыргызстандык гвардиялык Панфилов дивизиясына кɵрсɵтʏлгɵн урмат-сыйды да билдирет. Панфиловчулардын, айрыкча панфиловчу 28 баатырдын Волокаламск шоссесинде кɵрсɵткɵн эрдиги бир кездерде дʏйнɵнʏ дʏңгʏрɵткɵн. Британия премьер-министри Уинстон Черчилл аны Гавгамелла тумшугунда кʏч жагынан алда канча басымдуулук кылган Персия флотун быт-чыт кылып талкалап салган 300 спартачынын эрдигине бекеринен теңеген эмес.

“Жеңиш кʏнʏ” деген терминдин ɵзʏ Москвадагы салгылашуудан бир апта ɵткɵн соң Кызыл Армия массалык жана масштабдуу чабуулга ɵткɵндɵн кийин орустун адабий тилинде колдонула баштаган. Тактап айтканда, 1941-жылдын 12-декабрында “Москва темир жолчу” гезитинде  публицист Илья Оренбургдун “Жеңиш тагдыры” деген макаласы жарык кɵргɵн экен. Макалада тɵмɵнкʏдɵй саптар бар:  “Темир жол ɵлкɵнʏн снаряддар, нан, бомба жана мунай агып турган кан тамыры… Жеңиш кʏнʏ келгенде биздин жоокерлер биринчи болуп темир жолчуларды эстерине тʏшʏрʏшɵт”.

Улуу Жеңиш кʏнʏ постсоветтик мейкиндиктен тышкары дʏйнɵнʏн дээрлик бардык бурчунда сый-урмат менен белгиленип келе жатат.

Израилде 9-май Жеңиш кʏнʏ катары расмий майрам деп бекитилип, дем алуу кʏнʏ деп жарыяланган. 2017-жылы Израиль парламенти тарабынан 9-майды расмий майрамдоо жɵнʏндɵ мыйзам кабыл алынган.

Сербияда 9-май мамлекеттик майрам катары расмий бекитилген.

Германияда Улуу Жеңиш кʏнʏ “Боштондук кʏнʏ” деген аталышта 8-майда белгиленип келе жатат. Бул кʏн мамлекеттик майрам деп расмий саналбаганы менен жер-жерлердеи майрамдык маанайдагы иш чаралар ɵткɵрʏлɵт.

Улуу Британияда 2007-жылдан бери 9-май Жеңиш кʏнʏ катары расмий белгиленип келе жатат. Жеңиш майрам-салтанаты  Болгарияда 1945-жылдан 1989-жылга чейин мамлекеттик майрам катары шаңдуу ɵткɵрʏлʏп, 1989-жылдан тартып мамлекеттик майрамдардын тизмесинен чыгарылып ташталган. Бирок, Жеңиш кʏнʏ ушул мезгилге чейин бейрасмий маанайда болсо да шаан-шɵкɵт менен майрамдалып келʏʏдɵ.

Баянга чекит коердон мурда автор бардык согуш ардагерлерин куттуу Жеңиш майрамы менен куттуктап, ошолордун арасында Сталинграддагы улуу кармаштан тирʏʏ чыгып Латвия жеринде каза болгон чоң атасы Мамыттын, аны  жылдын суук мезгилинде кайыл болуп, эмчектеги кызын кɵтɵргɵн бойдон Кызыл-Кыядагы темир жол бекетине чейин узатып барган, ɵмʏрʏ ɵткɵнгɵ чейин жарын кʏткɵн чоң энеси Алтынайдын ыйык рухтарына терең ийилип, тизе бʏгʏп таазим кыларын жана аларды Улуу Жеңиш  менен кошо эч качан унутпоосун билдирет.

Абдираим  Мамытов