25 апреля, 2024

Косметикалык каражаттардын маалыматтык белгилери

Айымдар да, мырзалар да косметикалык каражаттарды сатып алууда алгач анын таңгагына кɵңʏл буруусу керек. Бирок, таңгактагы ар бир текстти эч ким окубай турганы талашсыз. Ошондуктан адамдардын убактысын ʏнɵмдɵɵ ʏчʏн атайы белгилер жана символдорду ойлоп табышкан. Кɵзгɵ дароо урунганы менен белгилердин маанисин билбей калуу да бир кɵйгɵй болот. Тамак-аш азыктарындагы белгилерди кандай так билсеңиз, косметикалык каражаттын белгилерин да ошондой жаттап алууңуз маанилʏʏ. Анткени экɵɵ тең кʏнʏмдʏк турмушта кеңири колдонулат.

Кичинекей банкалар эмнени тʏшʏндʏрɵт?

 Сактоо мɵɵнɵтʏ дайым эле кʏн, ай, жыл менен жазылбашы мʏмкʏн. Кичинекей банкаларга кɵңʏл буруңуз. Эгерде косметикалык продуктунун жарактуулук мɵɵнɵтʏ 30 айдан аз болсо, “ачылгандан кийинки мезгил” белгиси сɵзсʏз болот. Мисалы, капкагы ачылган банкада 12 м же 6 м (month-ай) деп кɵрсɵтʏлсɵ, ачылгандан тарта 12 ай же 6 ай колдонууга жарактуу делет. Бул белги бет майлардан баштап тырмак боёкторуна чейин кеңири кездешет.

Табигый косметика колдоносузбу?

 Экологиялык сертификаттар. BIO жана ECO логотиптери менен белгиленген продукциялар кɵптɵгɵн стандарттарга жооп берет. Алардын курамын табигый ингредиенттер тʏзʏп, экологиялык жактан таза аймактарда белгиленген технология боюнча ɵстʏрʏлгɵн ɵсʏмдʏктɵр болууга тийиш. Бул белгиси бар компаниялар косметика ʏчʏн ɵстʏрʏлгɵн ɵсʏмдʏктɵрʏнɵ ɵзгɵчɵ маани беришет. Мисалы, отоо чɵптɵр менен кʏрɵшʏʏдɵ эч кандай дарыларды чачпай, колдо гана ʏзʏп чыгышат. Ал эми зыянкечтерге каршы табигый препараттарды колдонот, ал тургай косметикага же витаминдерге арналган ɵсʏмдʏк талааларындагы иштерге муңай продуктулары да аралашпашы керек. Демек, трактор, комбайн сыяктуу техникаларды колдонбостон ɵстʏрʏʏ жана жыйноо иштеринин дээрлик баары колдо жасалат.

Жылуулукту сʏйбɵгɵн косметикалар

 “Кʏйʏп турган от” – мындай белгиси бар косметиканы жылуулук таратуучу булактардын жанында сактоого жана колдонууга болбойт. Мисалы, атырлар, одеколондор, тырмак боёктору ысыкка бат реакция берип, курамы бузулат. Ал тургай отто дароо тутанганга жɵндɵмдʏʏ.

“Жашыл чекит” – косметиканын сапаты жɵнʏндɵ эч нерсе айтпайт

 Аты жашыл болгону менен таңгакта бул белги ак-кара тʏстɵ. Сизге косметиканын сапаты жɵнʏндɵ эч нерсе айтпайт. Болгону ɵндʏрʏʏчʏ экологияны калыбына келтирʏʏгɵ жана аны ɵндʏрʏʏдɵн чыккан таштандыларды жок кылууга белгилʏʏ бир суммадагы компенсация тɵлɵп жатканын далилдейт.

Тобокелчиликке барбаңыз!

 Кол менен ачылган китепченин сʏрɵтʏ. Кардарларга косметикалык каражатты колдонуудан мурун кɵрсɵтмɵлɵрдʏ кылдаттык менен окуп чыгууну сунуштайт. Негизи мындай белгини пилинг, кислотасы бар татаал тʏзʏлʏштɵгʏ бет майлардан кɵрʏʏгɵ болот.

“Жаныбарларга ырайымсыздык жасалбайт”

 Продукцияны ɵндʏрʏʏдɵ жаныбарларга эч кандай сыноолор жасалбаганы коёндун сʏрɵтʏ менен кɵрсɵтʏлɵт. Мындан сырткары, бул белги продуктунун курамында кездешкен айрым жаныбарлардан алынган ингредиенттер мыкаачылыксыз алынганын тастыктайт. 2002-жылы Евробиримдикке мʏчɵ ɵлкɵлɵрдɵ жаныбарларга косметикалык сыноого тыюу салынган. Деген менен адам ɵмʏрʏнʏн коопсуздугу ʏчʏн алгач кимге сыноо жʏргʏзʏʏ керек? Бул кɵйгɵй бардык косметика ɵндʏрʏʏчʏлɵрдʏ дайыма тʏйшʏккɵ салып келет.

Граммына чейин алдабай саткан компанияны кайсы белги аныктайт?

 E-mark — ʏнɵмдɵɵнʏ жактыргандардын белгиси. Компания ар бир кардарга косметиканын граммына чейин алдоосуз сатууну убада кылат. Тагыраагы, бул белги керектɵɵчʏлɵрдʏн бардык укуктары сакталганын жана тɵлɵгɵн акчасына кʏйбɵстʏгʏн тʏшʏндʏрɵт.

Бажы биримдигине мʏчɵ ɵлкɵлɵрдʏн товардык белгиси

 ЕАС (Eurasian Conformitу – Евразиялык шайкештик) Евразия экономикалык биримдигине мʏчɵ мамлекеттердин рыногунда товар жʏгʏртʏʏнʏн бирдиктʏʏ белгиси. 2013-жылы иштей баштаган. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ Бажы биримдигине кирген ɵлкɵлɵрдɵ сатылуучу бардык товарларда болушу керек болгон зарыл символика.

Алгачкы атырды Наполеон колдонгон

 Алгачкы атырды Наполеон Бонапарт колдонгон. Атырга чейин биринчи одеколондор 1709-жылы Франциянын Кёльн аймагында жасалып, курамы спирт жана цитрустун эфир майларынан турган. Француздар аны “Eau de Cologne” (одеколон) бизче которгондо “Кёльндин суусу” деп аташкан. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ одеколонду кɵбʏнчɵ эркектер колдонушат. Атырлардан айырмасы жыпар жыттуу компоненттердин аздыгы жана денеде 3-4 саатка чейин сакталышы. Ал эми атырлар 8-12 саат ɵз кʏчʏн жоготпойт.   

Эмнеге египеттиктер кɵзʏн кара менен боёшкон?

 Макияж жасоону биринчилерден болуп египеттиктер ойлоп тапкан. Кийин римдиктер менен гректер кошулган. Косметиканы аялдар эле эмес, эркектер да колдонушкан. Мисалы, байыркы египеттиктер кɵздɵрʏн кара сыя менен сызып жʏргɵнʏн билебиз. Бул ыкманы колдонуу менен алар кɵзʏн «кʏндʏн нурларынан жана жаман рухтардан коргойт, каардуу рухтар адамдын жан дʏйнɵсʏнɵ кɵзʏ аркылуу кирет» деп ишенишкен. Кʏн нурларынан сактануу ʏчʏн пираттар да кɵзʏн карага боеп жʏргɵнʏ маалым.

Жылына орто эсеп менен 2,5 даана помада жейсиз

 Кʏнʏнɵ эриндериңизди 1-2 ирет боёсонуз нормалдуу эле кɵрʏнʏш. Эгер тез-тез боёп турсаңыз, анда помаданы жегениңиз кɵбɵйɵт. Бирок, кабатыр болбоңуз. Помада уулуу зат эмес, ден соолукка зыян келтирбей турганын илимпоздор  далилдеген.

Улуу Британия экинчи дʏйнɵлʏк согуш учурунда табигый ресурстарды ʏнɵмдɵɵ ʏчʏн бардык косметика ɵндʏргɵн компаниялардын ишин токтоткон. Кызыгы ɵлкɵ бийлиги ооз боёкторуна гана тыюу салбай, продукциянын бул тʏрʏн бардык аялдарга жеткиликтʏʏ камсыздап берген.   

Клеопатранын помадасы

 Египеттин акыркы ханышасы Клеопатра майдаланган кызыл курт-кумурскалардан ооз боёк жасаткан. Тарыхый булактарда 400-500 грамм помада алуу ʏчʏн египеттиктерге табиятынан кызыл тʏстʏ камтыган 70 миңдей курт-кумурска керектелген.

Айжылдыз Тойчева