24 апреля, 2024

КОНСТИТУЦИЯ – БИЗДИН ЭРКИН ЖАНА БАКУБАТ ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗИ

Кыргыз Республикасынын Конституциясы расмий тʏрʏндɵ Кыргыз Республикасынын башкы мыйзамы. Конституция сɵзʏнʏн кыргызча котормосу  “тʏзʏлʏш”,  “тʏзʏм” деген маанини туюнтат. Конституция акыркы кездерде кɵбʏнчɵ “Баш мыйзам” деп колдонулуп жʏрɵт. Жалпы алганда, коомчулукка бул сыйымдуу жана тʏшʏнʏктʏʏ эле сɵз болуп  калды.

5-май-Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ɵлкɵнʏн Баш мыйзам кʏнʏ катары белгиленет. Бул кʏн коомдук куруунун принциптери жана нормалары тʏптɵлгɵн, биздин ɵлкɵнʏн кɵз карандысыздыгы укуктук жактан бекемделген кʏн. Тарыхка кайрылсак, биздин эл, мамлекет бул бийиктикке карай миңдеген жылдарды, ондогон кылымдарды ичине камтыган узак жолдорду басып ɵттʏ. 1924-жылы Россиянын курамында автономиялуу облус, 1926-жылы автономиялуу республика, 1936-жылы СССРдин курамындагы ɵз алдынча республика болуп, эгемендʏʏ мамлекеттʏʏлʏккɵ жетиштик деп айтып келдик.

1991-жылы СССР кулагандан кийин да азыраак убакыт бою шарт-кырдаалга жараша СССРдин мыйзамдары менен жашап турууга туура келгенин да танууга болбойт. Ɵз алдынчалуулукка  жетишип, 1993-жылы 5-майда Эгемендʏʏ Кыргыз Республикасынын биринчи Конституциясын кабыл алынып, кайрадан 2010-жылдын 27-июнунда ɵзгɵртʏлгɵн. Азыркы учурдагы иштеп жаткан Конституция 2011-жылдын 11-апрелинде Кыргызстан элинин жалпы элдик добуш берʏʏсʏ, референдум аркылуу кабыл алынган.

Жалпы жонунан Кыргызстан СССРдин курамында болгон маалдарда ʏч ирет Баш мыйзам кабыл алынса, Союз кулап, Эгемендʏʏ мамлекет болгонубуздан бери ар бирине кийирилген чоң-кичик, маанилʏʏ-маанисиз ɵзгɵртʏʏлɵр жана толуктоолорду эсепке албаганда дагы ʏч жолу Конституция кабыл алынганын белгилей кетʏʏ керек. Канткен менен Эгемендʏʏлʏктʏн алгачкы жылдарында, тактап айтканда, 1993-жылдын 5-майында “легендаруу” деген ысымды алып жʏргɵн парламент тарабынан кабыл алынган Конституция аракеттеги азыркы Баш мыйзамга негиз болуп, аны кабыл алгандар менен бирге тарыхта калды. Ага канча убакыт бɵлʏндʏ, азырынча болжоо кыйын.

КОНСТИТУЦИЯЛАР ПАРАДЫ

Кыргызстандын СССР доорундагы алгачкы Баш мыйзамдарынын бири – Кыргыз АССРинин Конституциясы 1929-жылдын 30-мартында Экинчи бʏткʏл кыргыз Кеңештер съездинде кабыл алыган. Бул Конституция ошол убактардагы тарыхый шарт-кырдаалдарга жараша РСФСРдин Конституциясынын негизинде кабыл алынгандыгы айтпаса да тʏшʏнʏктʏʏ, ɵзʏ Россиянын курамында туруп автономиялык укук алып жатса, ушунусуна да шʏгʏр деш керек. Бул доордо СССРде туташ коллективдештирʏʏ процесси кызуу жʏрʏп жатканын да эсепке алуу керек. Ага чейин  кыргыз тарыхында бир да Конституция болгон эместиги менен бул Баш мыйзам салыштырмалуу мʏнɵздɵ баалуу экендиги талашсыз. Анан калса бул доор айрым тарых талдоочулардын эсебинде СССРде социализмдин негиздери курулган этап катары каралат.

Кыргызстандын СССРге толук укуктуу союздук республика катары кирʏʏсʏн 1937-жылы кабыл алынган Кыргыз ССРинин Конституциясы бекиткен.

Дʏйнɵ жана анын ичинде Советтер Союзу боюнча алганда, ал мезгил жеңил эмес жылдардан болгондугу белгилʏʏ. Улуу депрессия деген атка конгон дʏйнɵлʏк биринчи экономикалык кризиске СССР тушукпаганы менен ɵлкɵдɵ Сталиндик саясий репрессия кʏчтʏʏ башталган маал болуп, саясий активдʏʏлʏк деген тʏшʏнʏктʏн баары дал ошол репрессияга барып такалып, репрессия менен жыйынтыкталганы тарыхтан белгилʏʏ. Кыргыздын мен деген канча азаматтары ошол репрессиянын курмандыктарына айлангандыктан, алардын саясий аракет талаасы бош калган.

Кыргызстандын Советтик доордогу ʏчʏнчʏ Конституциясы 1978-жылы кабыл алынган. Бул  мезгилдерде ɵнʏккɵн капиталисттик ɵлкɵрдʏн социалдык- экономикалык кɵрсɵткʏчтɵрʏн кууп жетип, алардан андан ары ашып кетебиз деген Хрущевдук волюнтаризмдин сандырак планынын ойрону чыгып, Брежневдик “бейпил заман” келген убак эле.

Волюнтаризм жылдары демекчи, Кыргызстандын айтылуу Исхак Раззаков башкарган социалдык-экономикалык ɵнʏгʏʏсʏнʏн алтын дегидей эле он жылдык доору дал ошол жылдарга туш келгени белгилʏʏ. Бʏтпɵгɵн жумуштар бʏтʏп, башталбаган далай жаңы демилгелер колдоого алынып башталган ал доор Кыргызстан ʏчʏн Хрущевдук ɵзʏм билемдик(волюнтаризм) доору эмес, мамлекетти Раззаковдук калыс жана адилеттʏʏ башкаруу доору, ал эми Исхак Раззаков мамлекетти калыс жана адилет башкаруучунун бардык мезгилдеги эталону катары коомчулуктун эсинен ушул мезгилге чейин чыкпай келе жатканы жалпыга маалым.

Элде айтылгандай, “Башкы кɵч кайда барса, арт жагы ошол жакка барат”.  Кыргыз ССРинин 1978-жылкы Конституциясы да СССРдин Конституциясына шайкештирилип  иштелип чыкканы  айтпаса да тʏшʏнʏктʏʏ. Ал доордогу СССРдин Конституциясы “ɵнʏккɵн социализм” теориясын бышыктаганын тарыхчылар белгилеп жʏрʏшɵт. Ушундай Улуу держава дагы он жылдан кийин кулап калат деген ой ал убакта тʏшкɵ да кирбеген. Дʏйнɵдɵгʏ эң кубаттуу, алдуу-кʏчтʏʏ бул мамлекеттин мынчалык тездик менен кыйрап-кулап калган себептери тарыхчылар менен социологдор тарабынан али кɵп изилденери бышык.

Конституциялар парады Кыргызстан Эгемендʏʏлʏк алган жылдарда да уланганын эске сала кетʏʏ керек.

ЭГЕМЕНДYYЛYКТYН ЭҢ АЛГАЧКЫ КОНСТИТУЦИЯСЫ

Эгемендʏʏ Кыргызстанды биринчи Конституциясы 1993-жылдын 5-майында, “легендарлуу парламенттин” 12-сессиясында кабыл алынган. Аны базалык Баш мыйзам деп атаганга да негиз бар. Конституция кʏнʏ деп дал ошол Баш мыйзам кабыл алынган кʏн эсептелери да бекеринен эмес. Аны кабыл алган парламенттин курамы 1990-жылы ɵткɵрʏлгɵн альтернативдик шайлоонун жыйынтыгы менен тʏзʏлгɵнʏ маалым. Андыктан, “атын айры, изин ийри” деп айтканга эч кимдин оозу барбайт. Бул парламент Кыргыз Респуликасынын мамлекеттик кɵз карандысыздыгына саясий жана укуктук негиздерди жана демократиялык коомду куруу жана эркин базар саясатын уюштурууну тʏзгɵн бийлик органы катары тарыхта калды.

“Легендарлуу парламент” тарабынан кабыл алынган тарыхый актылар:

-Кыргыз Республикасынын суверендʏʏлʏгʏ жɵнʏндɵ Декларация (1990-жыл,15-декабрь);

-Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кɵз карандысыздыгы жɵнʏндɵ Декларация (1991-жыл 31-август);

-Кɵз карандысыз Кыргыз Республикасынын Конституциясы (1993-жыл, 5-май).

Конституциянын долбоору парламенттин комитети тарабынан 1991-жылы иштелип чыгып, коомчулукта эки жыл талкууланган.

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин тушунда эле Баш мыйзамга ɵзгɵртʏʏ киргизʏʏнʏн жаман жосуну башталып, ал тарабынан Конституцияга беш жолу ɵзгɵртʏʏлɵр кийирʏʏ демилгеленген. Баш мыйзамды ɵзгɵртʏʏ же жаңылоо жолу менен президенттик мɵɵнɵттʏ узартуунʏн одоно салты ошол мезгилде орногонун белгилей кетʏʏ керек. Конституцияга кезектеги оңдоп-тʏзɵтʏʏ  киргизʏʏнʏн шылтоосу менен 1994-жылы “Легендарлуу парламент” мɵɵнɵтʏнɵн мурда таркатылган.

1996-жылы Акаевдин ыйгарым укуктары кеңейтилип, президент ɵкмɵт мʏчɵлɵрʏн ɵзʏ дайындагандыктан, аткаруу бийлиги иш жʏзʏндɵ андан кɵз каранды болуп калган. Жергиликтʏʏ администрациялардын жетекчилери жана элчилер да президент тарабынан дайындалган. Мындайда бийликтин балансы бузулары айтпаса да тʏшʏнʏктʏʏ.

2010-жылдын 27-июнунда кабыл алынган Конституцияда республиканы башкаруу формасы жазылган эмес. Расмий булактарда парламенттик башкаруу формасы тууралуу айтылганы менен де-факто башкаруу формасы парламенттик-президенттик (аралаш) болгону белгилʏʏ. Бул Конституция 2021-жылдын 5-майына чейин иштеген.

Абдираим Мамытов