25 апреля, 2024

Керимбек Калыкулов: «ЖYЙƟЛYY СЫН ƟСТYРƟТ»

Баш сɵз ордуна

24-26-апрелде Бишкек шаарында С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрынын чыгармачылык гастролу ɵттʏ.  Акыркы 20 жылдын ичинде борбор шаарга биринчи жолу гастролдук сапарга барган жамаат 3 кʏндʏк кыска убакытка карабастан, борбор калаанын кɵрʏʏчʏлɵрʏнɵ 6 спектакль жана концерттик кеңири программа тартуулады. Аларга 60ка жакын театр ишмери катышты. Ар бир спектаклге ылайык кийим-кечектерди, сахна жасалгаларын жана декорацияларды да кыйынчылыктарга карабастан жʏктɵнɵ барышкан.

“Гастроль кʏндɵрʏ ар бир спектаклге кɵрʏʏчʏлɵр агылып келип, узакка созулган кол чабуулар жана овация менен кабыл алып жатты. Артисттердин кучагы гʏлгɵ толду.Борбор шаардын театр сʏйʏʏчʏлɵрʏнʏн жылуу кабыл алышы менен кɵрʏʏ маданияты биздин ишмерлерге чоң таасир калтырды”, — деп белгилейт театрдын маалымат кызматы.

Алгачкы кʏнʏ коюлган “Кулан” тарыхый драмага (автор — А.Масылбекова, режиссер – Н.Мырзаканова) Министрлер Кабинетинин Тɵрагасы – Президенттин администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жана бир топ министрлер, Жогорку Кеңештин депутаттары келишти. А.Жапаров спектаклден кийин сɵз сʏйлɵп, Ош драма театрынын артисттеринин талантына баа берип, ɵкмɵттʏн “Ыраазычылык катын” тапшырды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык быйыл жергиликтʏʏ маданиятты колдоо боюнча чоң программа ишке киргизилип жатканын белгиледи.

Жогорку Кеңештин депутаттары: Жанар Акаев жана Медер Алиев  да театр ишмерлерин ийгиликтери менен куттуктап, режиссер Назгʏл Мырзаканова жана артисттер: Надира Сарыкова, Айпери Кулбаева, Арстан Эргешовду Жогорку Кеңештин “Ардак грамотасы” менен сыйлашты.

26-апрелде  тарыхый темадагы “Кубат бий”  спектаклине (автор – С.Жетимишов, режиссер – Т.Апыев)  Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев келип кɵрʏп,  кыргыз элинин XVIII кылымда жашап ɵткɵн  чыгаан инсаны Кубат бийдин ɵмʏрʏн сахналаштырган театр жамаатынын ишине чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле театрдын бир катар артисттерине жана кызматкерлерине  министрликтин ведомстволук сыйлыктарын тапшырды:“Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери” тɵш белгисине Гʏлжамал Эркинбаева жана Нурсейит Кудайбердиев ээ болду. Ошондой эле Мээрим Токтогул кызы, Тилек Адылов менен Ильяс Алдосов “Ардак грамота”  менен сыйланышты. Спектаклдин алдында театрдын таланттары чакан концерттик программа тартуулады.

“Борбордук белдʏʏ массалык-маалымат каражаттары элеттик театрдын гастролдук чыгармачылыгын кеңири чагылдырып, маалыматтык жактан жакшы колдоо кɵрсɵтʏштʏ. Гастролдук спектаклдерибиз жɵнʏндɵ жаңылыктар тʏрмɵгʏнɵ чыгарып, театр ишмерлеринен, кɵрʏʏчʏлɵрдɵн маек жасап,  эмгегибизди калың элге жеткирʏʏгɵ жана кɵрʏʏчʏлɵрдʏ тартууга мʏмкʏнчʏлʏк тʏзʏп бергенине кубанычтабыз”, — деп билдирет театрдын маалымат кызматы.

– Бишкек шаарына гастролго жакшы барып келдиңиздерби, Керимбек мырза!  Жол азабы дегендей, 14-15  сааттык узак жолдо ташыркап калбадыңыздарбы?

–Рахмат! Бул кʏндʏ кɵптɵн бери кʏткɵндʏктɵн, кыйналганыбыз билинбей, жакшы маанай менен барып келдик.Ош улуттук драма театрыбыз борбор калаага гастролго барбаганына 20 жылдай убакыт ɵтʏптʏр. Бул убакытта театрыбыз да ɵсʏп-ɵнʏктʏ, чыгармачыл муун жаңыланды, чыгармачылык ийгиликтер жаралып жатат. Борбор калаага жана башка аймактарга гастролго чыгуу менен тажрыйба алмашып, ар тʏрдʏʏ публика менен иштешип, чыгармачылыгыбызды байытууга аракет кылып жатабыз.

– Кандай курамда бардыңыздар?

– 3 кʏндʏк гастролго тʏрдʏʏ жанрдагы 6 чоң спектаклди алып баруу жана ага катышуучу 60тай адам менен узак жол сапар тартуу – албетте, оңой болгон жок. Ошондой эле ар бир спектаклге керектʏʏ декорация, кийим-кечектердин ɵзʏ эле бир чоң КАМАЗга жык толду. Аларды кʏнʏнɵ эки жолу сахнага жайгаштырууда жана алмаштырууда жумушчулар менен бирге эле артист жигиттерибиз да жабыла кол кабыш кылып, оюн кɵрсɵтʏʏ ʏзгʏлтʏккɵ учураган жок. Натыйжада биздин эмгегибиз акталды деп ойлойм.  Бизди ар тараптан колдоого алгандарга терең ыраазычылык билдиребиз.

– Бишкектик театр сʏйʏʏчʏлɵргɵ кандай репертуар сунуштадыңыздар?

– Репертуарыбыз бай болуп, 6 спектакль алып бардык: 2 дʏйнɵлʏк классикалык чыгарма, 2 тарыхый драма, 1 социалдык драма жана кечээ жакында бет ачары ɵткɵн жаңы драма бар эле. Алардын ичинде экɵɵ 2023-жылы «Эргʏʏ» улуттук сыйлыкка ээ болгон. Бул спектаклдерде театрыбыздын артисттеринин кɵпчʏлʏгʏ катышты.

– Борбор калаанын кɵрʏʏчʏлɵрʏ кандай кабыл алышты?

–Албетте, борбор калаада профессионал театрлар кɵп, чет ɵлкɵдɵн да мыкты театрлар гастролго келип турат.  Ошондуктан бишкектик кɵрʏʏчʏлɵрдʏн театралдык табити жогору экенин  жана спектаклдин жакшы-жаманын тура баалай алышарын билер элек.Анын ʏстʏндɵ Бишкекте театр таануучулар, адабиятчы, акын-жазуучулар, театр сʏйʏʏчʏлɵр, интеллектуалдар кɵп. Бул бизди бир аз жʏрɵксʏткɵнʏн жашырбайм. Биздин гастроль учурунда Жогорку Кеңештин депутаттарынан баштап, белгилʏʏ театр таануучулар, театр ишмерлери, журналисттер, кɵрʏʏчʏлɵр тарабынан мактоо да, сын да уктук. Бирок «Жʏйɵлʏʏ сын ɵстʏрɵт» дегендей,  адилет сын болсо кабыл алууга ар дайым даярбыз. Биздин театрдын чыгармачылыгы жɵнʏндɵ кандай гана ой-пикир айтылбасын, биз ʏчʏн пайдалуу болору айгине!

– Ош улуттук драма театрынын алгачкы жамаатын тʏзгɵн жана даңкын чыгарган артисттердин кɵпчʏлʏгʏ кийин Бишкек шаарына кетип, иштеп жʏрʏшпɵйбʏ. Алар спектаклдерге келип кɵрʏштʏбʏ? Кандай пикирде болушту?

– 50 жылдык тарыхы бар биздин театрдын уюткусун Кыргыз  Эл артисттери: Акылбек Абдыкалыков, Гʏлайым Каниметова, Назира Мамбетова, Шайымбек Кыдырмаев, Турганбʏбʏ Бообокова, Жамийла Сыдыкбаева, Райыма Абдубачаева, Токтобек Сатаров, кɵзʏ ɵтʏп кеткен  Марат Алышпаев, Дʏйшɵн Байдɵбɵтов, Ташбек Кудайбергенов, Муканбет Токтобаев, Тынар Аманов тʏзʏп, жалпы журтчулукка тааныткан деп дайыма сыймыктануу менен эскеребиз.

Алардын бир тобунун кɵзʏ ɵтʏп кетти. Ал эми азыркы кезге чейин театрда иштеп жатышкан улуу муундагы устаттарыбыз, Кыргыз Эл артисттери: Назира Мамбетова, Шайгʏл Алсейитова, Жамийла Садыкбаева, Гʏлайым Каниметова, Турганбʏбʏ Бообекова, Анара Назаркулова, Шайымбек Кыдырмаев агай-эжелерибизбиздин жамаатты кучак жайып тосуп алып, ар бир койгон спектаклге ʏзбɵй катышып, чыгармачылыгыбыздын чын ыкластуу кʏйɵрманы болушканына ыраазыбыз! 

Ал тургай гастролго барган жамаатыбызга сый дасторкон жайып, меймандостук каадаасын да жасашты. Биздин театрдын тʏндʏгʏн кɵтɵрʏп, кɵрɵңгɵсʏн жараткан залкарлар чыгармачылык эстафетаны татыктуу муун улантып жаткандыгына кубанычын жашырышкан жок.

–Алдыда кандай пландар бар?

–Быйыл Ош облусунун жана тʏштʏк аймагынын шаар-райондоруна кɵбʏрɵɵк гастролго чыгып, айыл элине спектакль жана концерт тартуулап, маданий тейлɵɵнʏ кʏчɵтʏʏнʏ максат кылганбыз. Май, июнь айлары бул максатты жʏзɵгɵ ашырабыз деп турабыз. Ошол эле убакта театрыбызда жаңы сезонго жаңы спектаклдерди даярдоо иши башталат.