16 апреля, 2024

Аллергиядан толук кутулууга болобу?

Аллергия кʏнʏмдʏк жашоого тоскоол болуп, ʏйдɵ, кɵчɵдɵ, иште, ал тургай уктаганда да ыңгайсыздык жаратат. Бул дартты жок кылууга мʏмкʏнбʏ? Ɵз алдыбызча тамчылатма дарыларды колдонуу менен кɵйгɵйдʏ чече алабызбы? Аллерголог, медицина илимдеринин кандидаты Бактыгʏл Жантураева жооп берет.

-Аллергия кайдан пайда болот?

-Аллергия мурун менен кɵздɵ гана эмес, тери, ɵпкɵ ооруларында да кездешет. Мурун менен кɵздʏн аллергиясы сезонго карап, бак-дарак гʏлдɵгɵн мезгилде кʏчɵйт. Чɵптʏн тʏрлɵрʏ, ɵсʏʏ мезгилине жана чаңчаларынын миграцияланыша жараша сезондук аллергия эрте жазда, жай мезгилинде же кʏздɵ деле катталышы мʏмкʏн. Ал эми тамак-ашка, дары-дармекке болгон аллергиянын тʏрʏ сезон тандабайт, качан гана ошол зат организмге тʏшʏп, аллергиялык реакция козгогондо башталат. Мындан сырткары курт-кумурскалар чаккан убакта пайда болгон (инсектная) аллергия бар. “Аары чагып алып аллергия болдум” деп калышат го. Аллергиянын бул тʏрʏ ɵзгɵрмɵлʏʏ болуп эсептелет. Демек, аары биринчи чакканда аллергия болбой, экинчи чакканда аллергия болушу мʏмкʏн. Себеби бул жаныбардын уусунун кʏчтʏʏлʏгʏнɵ, организмдин иммунитетине байланыштуу. Организмде иммундук жана аутоиммундук процесс жʏрɵт. Алар ɵзʏн-ɵзʏ коргоп, сырткы таасирлерге даяр турушат.  Мында аарынын иммунитетин да эске алуу керек. Ал жайы менен нектарларды жеп, кʏзʏндɵ кʏчкɵ толгон кезде уусу кɵпчʏлʏк адамды аллергия кылат. 

-Аллергия кɵбʏнчɵ кайсы курактан башталат?

-Аллергиянын башталышы жашка карабайт. Сырткы факторлор кʏчтʏʏлʏк кылып, чаңдар, тамак-аш, дары-дармектер канчалык таасир бере берсе ички фактор жакшы болгону менен жардам бере албайт.

-Быйыл сезондук аллергиянын алгачкы белгилери байкалып, кɵрсɵтмɵ менен дары-дармекти ичтик дейли. Кийинки жылы кайталанбай калуусу мʏмкʏнбʏ?

-Бул аллергиялык реакциянын даражасынан кɵз каранды. Эгерде мурундун агуусу, бʏтʏшʏ, кызаруусу, кɵздʏн кычышуусу, чʏчкʏрʏʏ сыяктуу белгилер менен коштолуп, кийинки жылы кайталанган болсо, оору жоголбой эле ɵрчʏгɵнʏнɵн кабар берет. Кайра кайталанбайт деген божомол туура эмес. Мындайда бейтап  тийиштʏʏ текшерʏʏлɵрдʏн баарынан ɵтʏʏсʏ керек. Тери жана кан аркылуу текшерилет. Кан аркылуу анализ жʏргʏзʏʏ мезгилге карабайт. Ал эми тери аркылуу текшерʏʏ кыш мезгилинде гана жʏргʏзʏлɵт. Себеби кышта чаң, ысык сыяктуу таасир этʏʏчʏ факторлор болбойт. Эгер аллергия аябай ɵрчʏп кеткен болсо кыш мезгилин кʏтпɵй эле башка анализдер менен аныктап баштайбыз.

Аллергия тез жана жай реакция берʏʏчʏ эки типке бɵлʏнɵт. Аллергия чакыруучу заттар канга тʏшсɵ реакция тез жʏрɵт. Ашказан, ичеги же челкабык аркылуу тʏшкɵн болсо реакция акырын жʏрɵт. Мисалы, дары-дармекти ала турган болсок тамыр аркылуу бергенде аллергияны козгосо дароо эле билинет. Ашказанга тʏшкɵн аллергендер ичегиге, андан ары канга жылып, клеткаларга жеткенге чейин 2-3 кʏн убакыт ɵтɵт. Ошондуктан жай реакция берʏʏчʏ тип деп саналат. Жардам кɵрсɵтʏʏдɵ эки типке, эки башка ыкмалар колдонулат. Мисалы, тез реакция берʏʏчʏ тип оор абалга жеткирип, ал тургай ɵлʏмгɵ чейин алып барат. Мындайда бейтапты тез арада жандандыруу бɵлʏмʏнɵ алышат.

-Аллергиядан толук кутулууга мʏмкʏнбʏ?

-Мисалы, аллергиялык бронхиалдык астма бир пайда болгондон кийин айыгуусу ɵтɵ кыйын. Негизи эле аллергия деген пайда болгондон кийин ɵмʏр бою организмде кала берчʏ дарт. Болгону оорунун козголгон жана козголбогон мезгилдери бар. Аба алмаштырганда аллергия жоголду деген туура эмес. Ал жоголбойт, болгону козгоочу факторлор жок. Мисалы, Кыргызстандын тʏштʏк аймагы аябай чаңдуу келет. Аябай ысык, кʏндʏн нуру да башкача тийгендиктен тери карайып кʏйʏп калат. Ал эми тʏндʏк тарапта аба бизге салыштырмалуу нымдуу. Ошондуктан Ошто болуп жаткан аллергия Нарын же Ысык-Кɵл облусунда болбошу мʏмкʏн. Ал тарапка кетип 5-10 жыл жашап кайткан чакта да мурдагы аллергия кайталануусу толук ыктымал. Демек, биздин негизги милдетибиз таасир берʏʏчʏ факторлорду эле азайтуу. Ошондо гана аллергиянын мезгили жеңил ɵтɵт.

-Балага оорунун белгиси кɵбʏрɵɵк атадан ɵтɵбʏ же энеденби?

-Аллергия тукум куучулук белгини алып жʏрɵт. Эгер атада аллергия болсо балага 25%, энеде бар болсо 35% ɵтɵт. Экɵɵндо тең болсо оорунун белгиси 60% ɵтɵт. Гендин кандай тʏрдɵ берилгенине кɵңʏл буруу зарыл. Генетикада доминант жана рецессив деген эки тʏр бар. Доминант тʏрʏндɵ белгилер ата-энеден тʏз эле баласына ɵтɵт. Рецессив тʏрʏ 2-3-муунга берилет. Тагыраагы, чоң атадагы белгилер небереге же чебереге ɵтʏшʏ. Генден доминант тʏрʏндɵ ɵткɵн аллергия баланын ымыркай мезгилинен тарта билине баштайт. Диатез дегенди баарыбыз билебиз. Медицинада баладагы аллергиялык белгилерди аныктап, генден ɵткɵн болсо атопиялык дерматит деген диагноз коюшат. Тукум куучулук белги жок болсо жɵн эле дерматит делет.

-Дарыланууда эмнеге кɵңʏл буруу керек?

-Оору кɵпкɵ созулуп, убагында дарылабай же туура эмес дарылануу кооптуу. Мисалы, бронхиалдык астма кʏчɵп кетсе жʏрɵк ооруларынын козголушуна алып келет.

Медицинада сенсибилизация деген тʏшʏнʏк бар. Аллергия чакырбай турган нерселерге деле сезимтал болуп, сезгичтикти ого бетер кʏчɵтʏп салуу. Негизи тамак-аш азыктарынын аллергия чакыруучу деңгээли жогорку, орто жана тɵмɵн болуп бɵлʏнɵт. Жогорку деңгээлине бизде ɵспɵгɵн цитрус ɵсʏмдʏктɵрʏ кирет. Мындан башка шоколад азыктары, тоок жумурткасы, сʏт азыктары да бар. Бул продукциялар ɵзʏбʏздɵ ɵндʏрʏлгɵнʏ менен курамындагы белок аллергия чакыруучу зат болуп саналат. Ортоңку деңгээлде аллергия чакыруучу азыктарга буурчактар, картошка, кызыл тʏстʏʏ жана ток сары тʏстɵгʏ жемиштер кирет. Ал эми эң тɵмɵн деңгээлде аллергия кылуучу жемиштер сары, жашыл тʏстɵ. Аталган продукцияларга адамдын жеке жообу жогоруда айтып кеткенимдей сезимталдуулукка байланыштуу. Мисалы, кызыл тʏскɵ сезимталдуулук жок болсо, канча жесең да аллергия болбойсуң.

Аллергияны кʏчɵп кетпеши ʏчʏн ɵз убагында контролдоп, таасир этʏʏчʏ факторлорду азайтууну сунуштайм. Тезирээк айыксам болду деп врачтын кɵрсɵтмɵсʏ жок эле дары-дармектерди ыксыз пайдалануунун пайдасы жок.

Айжылдыз  Тойчиева