18 апреля, 2024

Азап тарттырган радиация же аскерлер Чернобыль апаатын кантип токтотушкан? 

Кезинде Чернобыль окуясы совет аскерлерине согуштан да жаман кесепетин тийгизген. 1986-жылдын 26-апрелиндеги АЭСтин жарылышынан улам чыккан зыяндуу затты бекитʏʏ, урандыларды тазалоо иштерине Кыргызстандан да бир топ аскерлер жɵнɵтʏлгɵн. Кɵзʏ ɵткɵндɵрдɵн башкасынын баары бʏгʏнкʏ кʏндɵ оорукчан. Ɵкʏнʏчтʏʏсʏ – радиациянын белгилери алардын кийинки муундарында да байкалып жатканы. Ардагерлерди угуп отуруп, кɵзгɵ жаш айланат. Дʏйнɵдɵ эч качан согуш, кырсык болбосо экен деп тиленесиң адам.

“Чернобыль окуясына ʏйлɵнбɵгɵн балдар тартылган эмес”

Фарид Камалдинов, Чернобыль ардагери:

-Окуя тууралуу маалымат келгенде аскердик бɵлʏктɵрдɵ тез арада мобилизациялоо иштери башталган. Биз запастагы аскер катары Оштогу шаардык военкоматка чакыртылдык. Райондон келгендердин баарын топтоп, Андижандагы поезд станциясына жɵнɵтʏштʏ. Андан ары Украинага кеттик. Ал кезде 36 жашта элем.

Толиб Алимов, Чернобыль ардагери.

-Фарид аке экɵɵбʏз Ош мебель фабрикасында чогуу иштечʏбʏз. Жогору жактан тапшырма келгенде аскердик милдетибизди эске алып, баш тартпай макул болдук. Барганыбызда бардык жер ɵрттɵнгɵн, чоң бир токой текши саргайып кʏйгɵн, конуштарды жаап салган экен. Абдан коркунучтуу абалга кептелгенине кʏбɵ болдук. Биздин милдет авариядан кийинки чыгып жаткан зыяндуу затты жабуу болгон. Радиация абдан зыян болгондуктан, Чернобылга ʏйлɵнбɵгɵн балдарды алышкан жок. Биз сыяктанып эки-ʏчтɵн балдары бар жигиттер барышты.

“6 айга алып кетишкен”

Толиб Алимов:

-Аскерлерди 6 айга деп алып кетишкен. Баргандан кийин 2 ай резервде жʏрдʏм, кийин Чернобылдын ичине кирип, 1 ай милдетимди аткардым. Биздеги зыяндуу нурлануунун ɵлчɵмʏн эсептеп турушчу. Мен белгиленген нормага жетип барсам керек, бир айда артка кайтарышкан. Айрымдар 2-6 айга чейин жʏрʏштʏ.

Фарид Камалдинов:

-Мен кызматта 3 ай болдум. 14.4 деген ɵлчɵмдɵгʏ зыяндуу затты сиңирип алуу менен артка кайтарышты. Мындай зыяндуу затты кадимки аймакта 10-20 жылда да топтой албайсың.

“Он эки ирет операция болдум”

Толиб Алимов:

-Азабын мына азырга чейин тартып жатабыз. Аябай кɵп жерим ооруду. Чернобыль ардагерлери дегендин баары эле “кесел”. Сыртыбыздан дени сак адамдай кɵрʏнʏшʏбʏз мʏмкʏн, ичибизде эмне болуп жатканы ɵзʏбʏзгɵ гана маалым. Ашказандан жабыркап операция болгон элем. Бʏтпɵй калып, экинчи ирет операция кылдырдым. Кɵп ɵтпɵй операциядан кийинки грыжа пайда болду. Радиациянын кесепети экен, ашказан бʏтпɵй отуруп, он эки ирет операция жасалды.

“Дубалдан чыгып жаткан радиацияны бекитип иштедик”

-Жалпы алып караганда Чернобылда оор деле иш жасаган эмеспиз. Бир КАМАЗ бетон алып келип, жарылган АЭСтин бир жерине тɵгʏп коёр эле. Тɵрт адам жʏгʏрʏп чыгып, атом станциясынын дубалдарынан чыгып жаткан радиацияны бекитчʏбʏз. Тɵгʏлгɵн бетонду тегиздеп чыгууга ашып кетсе 5-7 мʏнɵт убакыт кетет. Кайра бункерлерге качып кирип, чɵнтɵгʏбʏздɵ дозиметрдик карандашты врачка беребиз. Дозиметрдик карандаш деген адамдагы зыяндуу нурлануунун ɵлчɵмʏн кɵрсɵтʏʏчʏ прибор. Врач 0,7-0,8 ɵлчɵмʏндɵ зыяндуу нурлануу бар экенин ɵлчɵйт эле. Эгер зыяндын ɵлчɵмʏ кɵтɵрʏлчʏ болсо, андан да жеңил иштерге чыгарчу. Бир кʏндɵ зыяндуу нурлануунун ɵлчɵмʏ бир же бирден ашып кетчʏ болсо, организм керектʏʏ заттарды иштеп чыгуу ʏчʏн ʏч кʏндɵп ишке чыкпай турчубуз.

“Бардык иш «совет роботторуна» калып калган”

Фарид Камалдинов:

-Кɵпчʏлʏк ардагерлер келгенден кийин каза болушту. Ал жакта ɵлгɵндɵрдʏ бизге айтышкан эмес. Купуя сакталган экен. Ал тургай канчалык деңгээлде зыяндуу нурланганыбызды ɵзʏбʏзгɵ кɵрсɵтпɵй кагазга жазып койчу. Балким, белгиленген нормадан да ашыкча зыян тарткан чыгарбыз, кагазга нормага ылайыктап жазып жʏрʏшкɵндʏр деп ойлоп калам. Себеби, атом станциянын эң орчундуу делген 3-4-блокторундагы урандыларды чогултуу ʏчʏн Америка, Германиядан келтирилген роботторду ишке салышкан. Алар да тез эле иштен чыгып калды. Калган урандыларды биз “совет роботтору” тазалап чыкканга туура келди. Ошол кезде айласыздан, жаныбыз кашайып, ɵзʏбʏздʏ ушундай атаган жайыбыз да бар. 

“Кийинки муундарыңдын ДНКсынан радиациянын чыга бергени ɵкʏнʏчтʏʏ”

Толиб Алимов:

-Радиация ɵтɵ жаман зат чынында. Ошондогу зыяндуу нурлануунун белгилери балдарыбызда да байкалып жатат. Кийинки муундарыңдын ДНКсында аз-аздан чыга бергени ɵкʏнʏчтʏʏ. Кийин Россиядан, Украинанын ɵзʏнɵн, Кыргызстандан бир топ орден, медалдарды беришти. Бирок, ден соолуктун ордун эч нерсе басалбайт…

Фарид Камалдинов:

-Жаштарга айтарым, патриот болуп, мекенди коргоодон, мекенге кызмат кылуудан эч качан качышпасын. Биз да СССР убакта 15 ɵлкɵ бир тууган болуп, бири-бирибизди ар кандай апааттардан куткарганбыз. Мындан ары апаат келбесин. Канткен кʏндɵ да мекенди коргой турган жаштар.

Айжылдыз Тойчиева