25 апреля, 2024

КУРУЛТАЙ. ДЕЛЕГАТТАРДЫН ДЕМИЛГЕЛЕРИ

Биринчи Элдик Курултай ɵткɵнʏнɵ алты айга чукулдады. Бул аралыкта Курултай боюнча Конституциялык мыйзам долбоору сунушталып жатканы менен кабыл алына элек. «Тийиштʏʏ мыйзамдын кабыл алынбай жатканы делегаттардын иш алып баруусуна жолтоо болууда» дешет делегаттар. Курултайга Ош шаарынан жалпы 30 делегат калк арасынан тандалып, шайланып барышкан. Алар курултайдын ролу, бʏгʏнкʏ кʏндɵгʏ ишмердʏʏлʏктɵрʏ тууралуу кеп салышты.

Эркин Абдразаков, Ош шаардык Курултайдын тɵрагасы:

“ДЕЛЕГАТТАР – ЭЛ МЕНЕН БИЙЛИКТИН ОРТОСУНДАГЫ КƟПYРƟ”

-Биринчи Элдик Курултай ɵткɵндɵн бери анда кɵтɵрʏлгɵн маселелердин айрымдары чечилип, ʏстʏнɵн иш алып барылууда. Буюрса, кʏзʏндɵ дагы чогулуп, отчет беребиз. Президенттин, министрлердин жана башка тиешелʏʏ кызматтардын аткарылган иштери боюнча дагы сɵзсʏз маалыматтарын угабыз. Делегаттар бийлик бутагы эмеспиз. Бирок, биз кеңеш берʏʏчʏ, салттуу, элдин арасынан шайланган институтпуз. Альтернатив дагы эмеспиз, кеңеши менен жардам берʏʏчʏ эл менен бийликтин ортосундагы кɵпʏрɵбʏз. Ош шаары боюнча алсак, шаардын уставын кабыл алууга активдʏʏ катышсак. Ал эми  калкка сапаттуу кызмат кɵрсɵтʏʏ бул кыштан аман-эсен алып чыгуу, азык-тʏлʏк коопсуздугу, чек ара коопсуздугу жана улут аралык достукту чыңдоо маселелери биринчи орунда турат. Бул темалардын алкагында ой-пикир, долбоорлор болсо, ɵзʏбʏз жашаган аймактагы башкармалыктар менен биргеликте кɵтɵрʏп чыксак. Баарыбыз элдин ичинен шайланганбыз, акыл-эске толуп турган курактабыз. Андыктан, калкка ак дилибиз менен кызмат кылып, ʏлгʏ кɵрсɵтɵлʏ.

Равшан Батыров, делегат:

“КУРУЛТАЙДА МЕН КƟТƟРГƟН YЧ МАСЕЛЕДЕН ЭКƟƟ ЧЕЧИЛYYДƟ”

-Биринчи Элдик Курултай чынында буга чейинкилерден айырмаланды. Аймактардан барган делегаттардын баары трибунада сʏйлɵгʏсʏ келди, бирок ошончо адамды угуу мʏмкʏн эмес болчу. Анткен менен ар айылдан, шаардан ɵкʏлдɵр чыгып сʏйлɵдʏ, эмне айткысы келсе баарын айтышты. Эч ким тыйган жок. Бул биздин демократия жолундагы аракетибиздин эң чоң кадамы. Муну белгилеп кетʏʏм керек. Курултайда мен кɵтɵргɵн ʏч маселенин экɵɵ чечилʏʏдɵ. ʏчʏнчʏсʏ масштабдуу, чоң маселе болгондуктан, азырынча чечʏʏ ʏчʏн аракеттер да боло элек. Бул туризм жаатында. Сулайман-Тоо аймактык башкармалыгында, шаарыбыздын так ортосунда 13-15-кылымдарга таандык эки мечит бар. Бирɵɵ жыгачтан, экинчиси кирпичтен курулган. Келген коноктор, туристтер аларды кɵрʏʏ ʏчʏн сɵзсʏз барышат, суктанышат. Союз мезгилинде коңшу ɵлкɵлɵрдɵн Ошко туристтер кɵп келчʏ. Анда «Эгерде Сулайман-Тоого ʏч жолу чыкпасаң, сага Меккеге болбойт» деген ɵңдʏʏ легендалар бар болчу. Ушул нерселерди эске алып, туристтер ʏчʏн жагымдуу шарт тʏзʏп, аймакты ыңгайлаштырсак. Коңшуларда туризм абдан ɵнʏгʏп жатат. Биз дагы муну жолго салсак жакшы болмок. Болгону бир-эки жыл инвестиция кылсак, ɵлкɵгɵ 50 жылдап пайдасын бермек.

Ирсалат Базиева, делагат:

“МАСЕЛЕЛЕРДИ ТYЗ ЖЕТКИРИП, КАЙРА ЖООБУН АЛУУГА МYМКYНЧYЛʏК ТYЗYЛДY”

-Курултайдын уюшулганы эл ʏчʏн абдан жакшы болду. Анткени кɵптɵн бери чечилбей келген маселелерди тʏз жеткирип, кайра жообун алууга мʏмкʏнчʏлʏк тʏзʏлдʏ. Карапайым, жɵнɵкɵй калктан делегаттар барды.

Биздин Туран кичи районунун 10-кварталында мектеп жок. 2015-жылы курулган, бирок курулуш толук аягына чыкпай калган. Андан бери 8 жыл ɵттʏ. Балдарыбыз алыс жактагы мектептерге каттап кыйналышты. Бул боюнча курултайда кайрылдым эле. Ал жактан жооп келип, каралды. Азыр каражат маселеси чечилиптир. Бирок, куруучу компания каражат аз экенин, кɵбɵйтʏʏ керектигин айтып жатыптыр. Калаа башчысы да ɵзʏ барып, эл менен жолугуп, кɵрʏп келди. Бʏтʏрʏʏгɵ аракеттер болуп жатат дешти. Ошондой эле Дача айылында 10 миң адамдын ʏйʏнʏн документтери жок эле. Садыр Жапаровдун ɵзʏнɵ берилген каттын негизинде жер мунапысы боюнча токтомго киргизилип, анын негизинде мэр буйрук чыгарып берди. Ушул тапта 400дɵн ашык документ архитектурага тапшырылып, аяктоо алдында турат. Андан сырткары маршруттук каттам боюнча да маселе кɵтɵргɵнбʏз. Биздин аймакта учурда аталган кɵйгɵйлɵр орчундуу бойдон калууда.

Азизахан Далбаева, делегат:

“КУРУЛТАЙДЫН АТЫН ТYШYРБƟЙ, УЛУУЛАР ƟЗ ОРДУН БИЛИП, ЖАШТАРГА ЖОЛ КƟРСƟТСƟК”

-Манас-Ата кичи районунда 65 миңге жакын эл жашайт. Мен да тургундардын тандоосу менен делегат болуп калдым. Ош шаары боюнча эң кɵйгɵйлʏʏ делген 7 маселе трибунада айтылып, калганы кагаз жʏзʏндɵ тиешелʏʏ министрликтерге берилди. Курултай убагында уюшулган, элге эң керектʏʏ институт деп ойлойм. Буга чейинкилерди деле укканбыз, бирок ачык-айкын, карапайым калктын катышуусунда боло элек болчу.

Ɵзʏм 50 жылга жакын тажрыйбасы бар педагогмун. Делегатмын деп эле бардык жерге башымды салуудан алысмын. Биздин максат, милдет — кеңеш берʏʏ, кɵзɵмɵлдɵɵ гана. Качан гана Курултай боюнча мыйзам кабыл алынганда биз ошол мыйзамдын чегинде иш алып барабыз.

Ɵткɵн Курултайда мен башка маселелер менен катар аялдар кеңешинин ишин кʏчɵтʏʏнʏ колго алууну сурангам. Буюрса, аймактарда кеңештин тɵрайымдары шайланып, иштер жʏрɵ баштады.

Эми Курултай деген атын тʏшʏрбɵй, улуулар ɵз ордун билип, жаштарга жол кɵрсɵтʏп, кеп-кеңешин айтып турса деген тилек. Жаштар десе эле жаштар да ээликпей, улуулардан ʏйрɵнʏп, тажрыйба алышы керек. Ɵлкɵбʏздʏ бʏгʏнкʏ чоңдор же делегаттар оңдоп ийбейт. Бул келечекте ɵнʏккɵн ɵлкɵ курууга алгачкы кадамдар. Андыктан, Курултайды колдоо кажет.

 Алмазбек Алыкулов, делегат:

“ЖОЛ ТЫГЫНДАРЫН ЖОЮУ БОЮНЧА СУНУШТАРЫМДЫ БЕРГЕМ”

-Курултайдын ролун кʏчтɵндʏрʏʏ керек. Курултайда делегаттардын чечими менен иштебеген министр, депутаттарды кызматтан алса болот. Мына ушундай  тартип менен кадрларды кɵзɵмɵлдɵй алабыз. Ал эми Курултайда жол тыгындарын жоюу, азайтуу боюнча маселе кɵтɵрʏп, сунуштарымды бергем. Ɵзʏм ушул жаатта адис болгон ʏчʏн айланма жол, ɵтмɵктɵрдʏ тактап, сызып кɵрсɵткɵм. Ошондой эле  жылуулук камсыздоодо ʏйлɵрдʏн ичине чейин киргизип берʏʏнʏ тиешелʏʏ мекемелер ɵз жоопкерчилигине алуу сунушун айткам. Алар ʏйдʏн жанына чейин алып келип беришет, бирок ʏй жылыбайт, акчасы адаттагыдай эсептелет. Андыктан, жылытууну толук тиешелʏʏ мекемеге ɵткɵрʏп берʏʏ туура болот деп ойлойм.

Адылжан Атажанов, делегат:

“КУРУЛТАЙДАН КИЙИН БИШКЕК МЕНЕН ОШТО КYЙYYЧY МАЙДЫН БААСЫ ТЕҢЕЛДИ”

-Элдик Курултайда калктын дээрлик бардык маселеси жогорку жакка жетти. Президент укпай, билбей жʏргɵн маселелер айтылды. Мен да башка делегаттар катары аймактагы, шаарыбыздагы кɵйгɵйлɵрдʏ тизмектеп алып катышып келдим. Биринчи кɵтɵргɵн маселем, Бишкекке салыштырмалуу Ошто кʏйʏʏчʏ майдын баасынын 6 сомго кымбат болушу болду. Ошого байланыштуу жол акы, тамак-аш бардыгынын баасы ɵскɵн. Муну жогорку жакка жеткирип, андан жакшы жыйынтык болуп, бʏгʏн баалары теңделди. Мындан башка маданият, туризм, эл аралык мамилелер сыяктуу багыттарда бир нече ɵз сунуштарыбызды берип, колубуздан келгендерин аткарууга алуудабыз.

Тохтасин Абдукадиров, делегат:

“ДЕЛЕГАТТАР МУНИЦИПАЛДЫК БАШКАРМАЛЫК МЕНЕН ТЫГЫЗ ИШТЕШКЕНИ АРАКЕТ КЫЛУУДАБЫЗ”

-Элдик Курултайдын ɵткɵнʏнɵ алты ай болду. Бирок, Конституциялык мыйзам дагы эле болсо Жогорку Кеңеште кабыл алынбай жатат. Ага карабастан, Бишкекте Курултайда делегаттар тарабынан айтылган сунуш-пикирлер эске алынып, резолюцияга кирген айрымдарына бийлик органдары тарабынан жооп алынды. Биздин Амир-Тимур аймагында тʏзʏлгɵн иш-чаралар боюнча бир катар иштер аткарылууда. Алсак, №2 «Бɵбɵк» бакчасында кошумча 100 орундуу бала-бакча куруу, №53 мектептин ашканасын бʏтʏрʏʏ боюнча жана Дʏйнɵлʏк жаштар Ассамблеясы уюмунун жардамы менен баасы 6 млн. сомдук социалдык комплекс (окуу борбору,  дарыгерлер тобунун борбору жана мечит кирет) куруу, газ тʏтʏктɵрʏн тартуу иштери жʏрʏʏдɵ. Ошондой эле Осмонбеков кɵчɵсʏнɵ, №12 кварталга, Калинин  Массивине газ тʏтʏгʏ тартылат. Биздин делегаттар муниципалдык башкармалык менен тыгыз иштешкени аракет кылуудабыз.

Жумагʏл Кочкорбай кызы