24 апреля, 2024

Педагог, балдар психологу Рано Ахматова: “Бала – убактылуу гана бала”

Бала тарбиясы ɵтɵ чоң тема. Жагдайга жараша учкай, ʏстʏрттɵн кеп кылганга туура келди. Сизге пайдалуу болсо, кубанычтабыз.

Каарман тууралуу кыскача…

Ош технологиялык университетинин Ɵзгɵндɵгʏ филиалынын педагогика бɵлʏмʏн жана Москва Улуттук академиясында “балдар психологу”адистигин окуп бʏтʏргɵн. Мугалим болуп иштеген. 4-5 жылдан бери балдар психологиясы менен алектенет.

“Урматтуу ата-энелер!”

-Убакыт учкан куш. Балаңыз убакыттын ɵтʏшʏ менен чоңоюп жатат. Ал сизге азыр муктаж. Болгон мээримиңизди, тарбия, жакшы кулк-мʏнɵздʏ берип калышыңыз керек. Тилекке каршы, кɵпчʏлʏгʏбʏз кантип туура мээрим берип, туура тарбия бергенди билбей эле балдарыбыз чоңоюп жатат. Ооба, жакшы кɵрɵбʏз, курсагын тойгузабыз, кийим, оюнчук алып беребиз. Бирок, байкасаңыз, алардын баарына жеткен балага ал деле кызыксыз болуп калат. Кийимин кийбей коюшу мʏмкʏн, оюнчугун бир ойногондон кийин карабай коюшу мʏмкʏн, сиз жасаган тамакты жебей да коёт. Балага бир гана сиз кызыктуусуз. Сизден эч качан тажабайт. Урушуп, урсаңыз деле сизге жакын боло берет. Ɵкʏнʏчтʏʏсʏ, бул да убактылуу. Бала чоңоюп атат. Балаңыз сизге муктаж болуп турган кезинде мээрим, сʏйʏʏңʏздʏ берип калыңыз.

“Бала дʏйнɵнʏ ата-энеси аркылуу тааныйт”

-Баланын кулк-мʏнɵзʏнɵ, аң-сезимине ата-энеси чоң таасир берет. Анткени, бала эң биринчи ата-эненин кол астында чоңоёт. Дʏйнɵнʏ ата-энеси аркылуу тааныйт. Айткандан караганда кɵргɵнʏн кɵбʏрɵɵк эстеп калат. Ата-эненин кулк-мʏнɵзʏ, ишеними акырындык менен балага ɵтɵт. Ата-эненин жакшы таалим-тарбия берʏʏсʏ  баланы туура жолго, жакшы кулк-мʏнɵзгɵ, жакшы адам болууга багыттайт. Ошентип балага тарбия берʏʏгɵ терең кɵңʏл бɵлʏʏ, ʏлгʏ болуу жана кɵзɵмɵл кылуу менен коомдо сапаттуу ʏй-бʏлɵлɵр курулат. Коомдо жакшы ʏй-бʏлɵлɵр кɵбɵйʏʏсʏ ʏчʏн ата-эне балага ʏлгʏ болуп, жакшы ʏй-бʏлɵ образын тʏзʏп берʏʏ зарыл. Негизи бала тарбиялоо боюнча ислам дининде ɵтɵ терең айтылган.

“Бул туура эмес, бирок телефон бериш керек…”

-Телефондо ɵтɵ кɵп отуруу баланын ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Бели бʏкʏрɵйʏп, сɵɵктɵрʏ туура эмес ɵсʏп калышы мʏмкʏн, кɵрʏʏсʏ начарлашы мʏмкʏн. Бирок телефон кармабай койсо да болбойт. Анткени, мындан кийинки жашообузду технологиясыз элестетʏʏ кыйын. Ошондуктан, балага телефонду такыр бербей коюу мʏмкʏн эмес. Жаш курагына жараша убак-убагы менен бериш керек. Апалар телефонду “нянька” катары, ɵздɵрʏнʏн тынчтыгы ʏчʏн колдонуп атышат. Бул туура эмес.

Ата-эненин эң чоң катасы…

-Балдар чоңдордой эле, ал тургай чоңдордон да жакшы тʏшʏнʏшɵт. Анткени, алардын жʏрɵгʏ ачык, жан дʏйнɵсʏ таза, бардык нерсени кабыл алганга, ʏйрɵнгɵнгɵ даяр. Ата-энеси же башка адамдар сʏйлɵй электе алар эмне ойлоп турганын сезе алышат. Адамдын кɵзʏнɵн окуй алат. Бул адам балдарды жакшы кɵрɵбʏ, жаман кɵрɵбʏ кɵз карашынан биле алышат, сезгич болушат. Ата-энелердин эң чоң каталарынын бири – бала эч нерсени тʏшʏнбɵйт  деп ойлогонунда. Ошондуктан балага тоготпогондой мамиле кылышат, кɵңʏл бурбай коюшат. Балдарга кичинесинен эле чоңдордой мамиле кылып, ой жʏгʏртʏʏсʏн ɵстʏрʏп, дʏйнɵнʏ эрте тааный бергени жакшы.

“Кандай ата болот деген суроо менен издеш керек…”

-Балага тарбия берʏʏнʏ эркек да, аял да бойго жеткен кезден баштап ойлонуп башташ керек. Тʏйʏлдʏк кезден эмес. Кыз бала “балдарыма кандай ата болот”, эркек киши “кандай апа болуп бере алат” деген суроо менен бири-бирин издеш керек. Баш кошкондон кийин эле балдардын тарбиясы, алардын орду, психологиясы, канча жашында кандай ɵзгɵрʏʏлɵр болору тууралуу китептерди окуп, даярданып башташ керек.

“ʏй-бʏлɵ балага аалам болуп кɵрʏнɵт”

-Кɵбʏнчɵ баланын кɵңʏлʏн эсепке албай коёбуз. Бала дагы чоң адамдардай эле ɵзʏнʏн сезимдери менен тɵрɵлгɵн. Баланын таарынганга, ачууланганга, ыйлаганга акысы бар. Биз болсо, баланы “эмнеге кичинекей болуп туруп таарынып атасың?” деп таарынганга жол бербейбиз. Ыйласа, ыйлаба дейбиз, уялса, уялба деп баланын сезимдерин ар дайым  жапканга аракет кыла беребиз. Бала кичинекей болгон ʏчʏн ʏй-бʏлɵ ага аалам болуп кɵрʏнɵт. Апасы ɵзʏнчɵ, атасы ɵзʏнчɵ чоң аалам. Эң кʏчтʏʏ, сыйкырдуудай сезилет. Себеби, баланын каалоолорун ата-эне аткарып берип атат. Ошол мезгилде бала кубанганда кубанычын, кайгырса, кайгысын бɵлʏшкɵнʏ келет. Жыгылса, бир жери ооруп калса, биринчи апасына чуркайт. Ошол кезде баланын ар бир сезимине эмоция билдирип турсак,  эмоционалдык байланыш тыгыз болот.

Ата-эне жана баланын ʏч байланышы

-Ал эми мээрим жɵнʏндɵ айтсак, ата-эне ɵзʏнɵ керектʏʏ болгон убакта гана баланы жакшы кɵрʏп, ɵпкʏлɵп коёт, болду. Ɵзʏнɵ керек маалда эле жакшы сɵздɵрдʏ айтып, кучактап коюп, мен баланы жакшы кɵрʏп атам деп жыйынтык чыгарганга болбойт. Балага туура мээрим бериш ʏчʏн бардык дене байланышын тʏзʏʏ керек. Чачынан сылап, колунан жетелеп, кучактоо  сыяктуу аракеттер зарыл. Бала менен баарлашып, кɵзʏнɵ тике карап сʏйлɵшʏʏ аркылуу сɵз байланышы тʏзʏлɵт. Ыйласа, кошо кайгырып, кубанса кошо кубануу менен эмоционалдык байланыш тʏзɵ аласыз. Мисалы, 3 жаштагы бала ʏчʏн оюнчугун сындырып алуу деле чоң проблема. Бизге болбогон нерсе болушу мʏмкʏн. “Ушуга да ыйлайсыңбы, башка алып берем го” деп айтсаңыз, бала: “апам мени тʏшʏнбɵйт” деп ойлоп калышы мʏмкʏн. Ошол ʏчʏн тʏшʏнгɵнгɵ аракет кылалы.

“А биз учканга жол бербейбиз”

-Биздин ата-энелер баланы ɵмʏр бою тарбиялагысы келет. Тарбия бʏтɵт. Мамилеге ɵткɵн учур келет. Ата-эне менен баланын ортосунда бир гана мамиле калыш керек. Жакшы тарбия берсе, жакшы мамиле болот. Балага кичинекейинен баштап акырын эркиндикти берип туруу зарыл. Чоңойгон сайын ал эркиндиктерди да чоңойтуш керек. 18 жашка чыкканда эркиндикти кɵбɵйткɵн туура. Себеби, ошол кезден канатын кагып уча баштайт. Биз ал кезде баланын канатын сындырганга аракет кылабыз. Андан кɵрɵ учканга канат болуп, учуруп жиберсек, ɵз алдынча ɵсʏп ата-энени сонун кылып коргоп алат. А биз учканга жол бербейбиз. Дайым эле “биз ата-энеңбиз, биз билебиз” деп баланын чоңойгонун кабыл албайт. Баланы да кыйнайт, ɵздɵрʏн да кыйнайт.

Балага тандоо эркиндиги берилиш керек. Качан?

-Кɵп жаш ата-энелер Европанын тарбиясына басым жасап атышат. Ал жакта “урушпаш керек, жазалабаш керек” деген жерин окуп алып балдардын айтканын кылып, кыйналып жʏрʏшɵт. Албетте, урушпаш керек, жазалабаш керек. Бирок андан да тереңирээк билим бар.  ʏстʏрттɵн окуп алып, адашып калышыбыз мʏмкʏн. Албетте, баланын  айтканын кылыш ʏчʏн ага текшерилген тандоого эркиндик беришибиз керек. Биздин текшерʏʏдɵн ɵткɵндɵ гана балага тандоо эркиндиги берилиш керек. Элестетиңиз, 5 жаштагы балага жашоо эркиндигин берип койсо, каалаганын кылышы мʏмкʏн. Баланын жашоодон тажрыйбасы жок. Айтканын кылыш керек экен деп баланын алдында бɵжɵңдɵп авторитетин жоготуп алышат. Ɵзʏң каалагандай кыл, каалаганыңды жаса дей берсе, баланын кежирлиги, агрессиясы кʏчɵп кетет. Себеби, бала “мага жашоодо жол кɵрсɵтʏʏчʏ ата-энем” деп ишенет. Эгер ата-эне ɵзʏң каалагандай жаша деп эле баланын кɵзʏн карай берген болсо, бала: “ата-энем билбейт экен анда мен башкарайын” деп башкаруу позициясына ɵтʏп алуу коркунучу бар. Азыр 8-9 жаштан эле балдарына сɵзʏ ɵтпɵй, балдары баш бербей калган учурлар кездешет. Себеби, ата-энеси байракты карматып коюшкан. Эч качан ата, апа деген статусту жоготпош керек. Бала бизди гана ээрчиш керек. Анткени, биздин жашоодон тажрыйбабыз бар, а баланыкы жок.

Бʏкалча Маматали кызы