Унаа сʏйʏʏчʏлɵр арасында “Аскар авто” деген ысым кенен тараган. Дубай аркылуу элдин табитине тɵп келген мыкты унааларды ташып, ишкердик кылган Аскар Сапарбек уулуна кайрылып, бир нече суроолорду узаттык. Каарманыбыздын айтымында, Дубайдан унаа сатып алуу арзан жана ыңгайлуу.
-Аскар, бул ишкердикти баштаганыңызга канча убакыт болду?
-Мен болгону 6 айдан бери Дубайда иштейм. Мурда чакан ишкердик менен алектенчʏмʏн. Бизнесте ар кандай оош-кыйыштар болот экен. Тилекке каршы, мен да 20 миң доллар зыянга учурагам. Ошондон кийин ишкердиктин ушул тʏрʏн тандоону чечтим.
-Дубайдан унаа ташуунун артыкчылыгы эмнеде?
-Негизиги артыкчылыгы унаалар биздин рыноктук баадан алда канча арзан. Мисалы, 10 миң долларлык унааларды 2-3 миң долларга арзаныраак, 15 миң долларлык унааларды 4-5 миңге, ал эми 50 миң долларлык унааларды 20 миң долларга чейин арзан алууга болот.
-Дубайда кʏн сайын унаалардын аукциону болуп турат экен, ошол боюнча айтып берсеңиз?
-Ооба, мында ар кʏнʏ аукциондор уюштурулуп, 600-700гɵ чейин унаалар ойнотулат. Баары Америка кошмо штаттарынан келген машиналар. Ошонун арасынан бизге да насип кылып, Кыргызстанга жɵнɵтʏп жатабыз.
-Унаалардын абалы кандай жапжаңыбы же минилгенби?
-Америкадан жеңилирээк урунуп, кырсыктаган машиналар келет. Аларды арзан алып, оңдотуп кардарларга жɵнɵтɵбʏз. Америкадан Дубайга кайсы ɵлкɵлɵрдʏ аралап келерин билбейм, бирок, бир жарым айда келет. Ал эми Дубайдан Кыргызстанга 15-20 кʏндɵ жетип барат. Сатып алуучулар кɵбʏнчɵ абалы жакшы унааларды алып бер деп ɵздɵрʏ видеочалуу аркылуу кɵрʏшɵт. Аукцион ойнолгуча биз да, унааларды жакындан тааныштырып, видеолорун жɵнɵтʏп турабыз.
Бул ишкердик аркылуу ар бир жараныбызга, карапайым элге жылы жаңы, абалы жакшы, арзан унааларды минсин деп ниет кылып жʏрɵбʏз. Анын артынан ɵзʏбʏз нан таап жатабыз дегендей. Бизге ушунча ишеним артып, унааларыбызды тандап жаткан элибизге терең ыраазычылык билдирем.
Окшош макалалар
Легендарлуу парламент депутаттары: “Мамлекеттин бир тыйынына кɵз артпай иштегенбиз”
Энени тʏйшʏккɵ салган тɵрɵттɵн кийинки депрессия
STEАM – сабакты теория эмес, практиканын негизинде ɵтʏʏ