22 октября, 2024

СТАМБУЛДУН ЭҢ СОНУН МУЗЕЙЛЕРИ СИЗДИ КYТYYДƟ

Стамбул Тʏркиянын жандуу мегаполиси, тарыхый жерлери, коомдук жашоосу, музейлери, искусство жана маданият иш-чаралары жана кайталангыс гастрономия тажрыйбалары менен зыяратчыларга  кɵп катмарлуу саякат тажрыйбасын сунуштайт. Стамбулдун бай мурасы саякатчылар ʏчʏн эң сонун аялдама болот. Ал эми шаардын искусствосу жана маданий жерлери анын кооздугун сактап калууну камсыздайт. Стамбулдун кээ бир жерлери бар, ал жерлердеги кɵчɵлɵр бул улуу маданий байлыкты изилдɵɵгɵ келген конокторду алып барат. Жайдын жагымдуу кʏндɵрʏндɵ Стамбулда тарыхты, маданиятты жана искусствону бирге кɵрʏʏнʏ каалагандар ʏчʏн эң белгилʏʏ музейлерди чогулттук.

СТАМБУЛДУН ЗАМАНБАП ЖАҢЫ ЖYЗY МЕНЕН ТААНЫШЫҢЫЗ

Стамбул Модерн, Тʏркиянын биринчи заманбап  искусство музейи, Босфордун жээгинде курулган жаңы имараты менен шаардын сɵзсʏз кɵрʏлʏшʏ керек болгон жерлеринин бири болуп саналат. Мурунку имараты сыяктуу эле жаңы имарат Стамбулдун Европа тарабында, Босфордун Алтын Мʏйʏз менен кошулган жери Каракɵйдɵ жайгашкан. Pritzker сыйлыгынын ээси архитектор Рензо Пиано Галатапорт Стамбулдун аймагында жайгашкан жаңы  заманбап имаратынын долбоорун жасады. Имараттын дизайнын жасоодо архитектор Босфордун  жаркыраган сууларынан жана анын жарыкка чагылуусунан шыктанган. Стамбул Модерн кɵргɵзмɵсʏндɵ эл аралык жана жергиликтʏʏ сʏрɵтчʏлɵрдʏн тʏрдʏʏ дисциплиналардагы эмгектери коюлган. Мындан тышкары музей ɵзʏнʏн туруктуу жана убактылуу кɵргɵзмɵ жайларында дʏйнɵ жʏзʏ боюнча заманбап  искусствонун кɵргɵзмɵлɵрʏн ɵткɵрɵт. Стамбул Модерндин жаңы имаратындагы кɵргɵзмɵгɵ баргандан кийин Стамбулдун укмуштуудай кɵрʏнʏшʏн кɵрʏп, кафеге барууну жана кофеңизди ууртоону унутпаңыз!

АРХЕОЛОГИЯЛЫК МУЗЕЙЛЕРИ: ТАРЫХ ЖАНДАНГАН ЖЕР

Топкапы  сарайынын аймагында жайгашкан Стамбул археологиялык музейи ичиндеги экспонаттарынын арты менен дʏйнɵнʏн эң бай археологиялык музейлеринин катарын толуктайт. Комплекс ʏч негизги бɵлʏктɵн турат: “Археологиялык музей”, “ Байыркы Чыгыш чыгармаларынын музейи” жана “ Тифли павильон- музейи”. Анда Осмон империясынын  чегиндеги цивилизацияларга таандык бир миллиондон ашык экспонат бар. Комплекстин башкы имараты болгон Археологиялык музей дʏйнɵдɵгʏ эң биринчи музей катары курулган имараттардын бири болуп саналат. Бул керемет музейде архаикалык доордон 1-кылымдын аягына чейинки Дидима-Милеттин Ыйык Жолунун Бранкит айкелдери жайгашкан. Рим доору, Коре жана Куростун айкелдери( жаштык менен кыз), Галикарнастын мавзолейинин арстанынын айкели, Зевстин белгилʏʏ Пергамон курмандык чалынуучу жайынын Афродитасынын башы, Александр Македонскийдин портрети, Афродисиада табылган скульптуралар, Рим доорунун ʏч чоң мрамор шаары Эфес жана Милет Музейде Тʏркиядагы музей илиминин негиздɵɵчʏсʏ  19-кылымда биринчи музей директору Осман Хамди бейдин жетекчилигинде жʏргʏзʏлгɵн казууларда табылган кɵп сандаган экспонаттар да бар. Алардын бири Осман Хамди Бей 1887-1888-жылдар аралыгында жʏргʏзгɵн казуу иштеринде  падыша Сидондун некрополунан табылган дʏйнɵгɵ белгилʏʏ Искендер Саркофагы. Анын имараттары, Стамбулдагы неоклассикалык архитектуранын эң кооз жана эң сонун ʏлгʏлɵрʏнʏн бири.

ПЕРА МУЗЕЙИ: ИКОНИКАЛЫК АРТЕФАКТТАР

Суна жана Инан Крач фонду тарабынан курулган Пера музейи Стамбулдун чок ортосунда жайгашкан Истиклал кɵчɵсʏнʏн так жанында, Тепебашында жайгашкан. Архитектор Ахилле Мануссос тарабынан тарыхый Bristol мейманканасы жана азыр музей катары курулган имарат бʏгʏнкʏ кʏнгɵ чейин бир нече кɵңʏл бурарлык кɵргɵзмɵлɵрдʏ ɵткɵрдʏ. Пера музейинин “ Чыгыш таануучу сʏрɵт” коллекциясында 17-19-кылымдар аралыгында Осмон башкаруусунан таасирленген сʏрɵттɵр орун алса, “ Анадолу салмактары жана чен-ɵлчɵмдɵрʏ” коллекциясында Анадолунун тʏрдʏʏ цивилизацияларына таандык 10 миңден ашуун буюм бар. “ Кʏтахия плиткасы жана керамика коллекциясы” Тʏркиянын Кʏтахия аймагынан жʏздɵгɵн кол ɵнɵрчʏлʏктʏ камтыйт. Гастролдо Осман Хамди Бейдин Суна жана Инан Кырач Фондунун Чыгыш таануучу живопись жыйнагынан ɵзгɵчɵ “Ташбака машыктыруучу” аттуу беш мыкты чыгармасын кɵрʏʏнʏ сунуштайбыз. Изабель Муньоздун “ Жаңы окуя- Гɵбеклитепеден жана анын айланасындагы сʏрɵттɵр” кɵргɵзмɵсʏ да 2023-жылдын 17-сентябрына чейин уланат.

БОСФОРДОГУ УНИКАЛДУУ “МУЗЕЙ ТАЖРЫЙБАСЫ”

Сакып Сабанжы музейи (SSM) Стамбулдагы Босфордун эң эски конуштарынын бири болгон Эмирганда жайгашкан. Музейдин башкы имараты болгон вилла 1925-жылы италиялык архитектор Эдоардо Де Нари тарабынан курулган. “Атчан сарай” деп аталган сарай 2002-жылдан бери музей,  искусство жана маданият борбору болуп саналат. SSM убактылуу жана туруктуу кɵргɵзмɵлɵрʏ, консервация жана изилдɵɵ бɵлʏмдɵрʏ, эң сонун окуу программалары  Босфордун укмуштуудай кɵрʏнʏшʏ менен ар тараптуу музей тажрыйбасын сунуштайт.  Мындан тышкары спектаклдер, конференциялар жана семинарлар ɵткɵрʏлʏп турат. Музейде каллиграфия жана живопись эмгектеринин бай коллекциясы жана кɵптɵгɵн дʏйнɵгɵ белгилʏʏ сʏрɵтчʏлɵрдʏн эмгектерин тартуулаган кеңири кɵргɵзмɵлɵр бар. Искусство менен маданиятка толгон музейдин сʏйкʏмдʏʏ бакчасынан Босфордун укмуштуудай кɵрʏнʏшʏн кɵрбɵй музейден чыкпаңыз…