8 сентября, 2024

Архив кызматы – тарыхты тастыктаган булак

Тарых – улуттун эң чоң байлыгы. Ошондуктан аны аздектеп, кийинки муунга татыктуу ɵткɵрʏп берʏʏгɵ аракет кылышат. Тарыхый документтерди сактап, эң бир жоопкерчиликтʏʏ кызматты аркалаган Архив кызматынын Ош региондук башкармалыгына баш бактык. Быйыл архив кызматынын тʏзʏлгɵндʏгʏнɵ 97 жыл толот. Аталган мекеме санариптештирʏʏнʏ да мыкты колго алып, кесипкɵй адистери “инфодокс”, “электрондук номенклатура”, “электрондук журнал” модулдары боюнча байма-бай окууларды ɵткɵрʏп, жети райондогу бардык мамлекеттик, муниципалдык мекемелер менен тыгыз иш алып барууда. Ишкананын ишмердʏʏлʏгʏ жана дагы кандай жетишкендиктерге жетишʏʏдɵ Архив кызматынын Ош региондук башкармалыгынын жетекчиси Алайчиев Бактыбек Болбурович айтып берди.

-Бактыбек Болбурович, архив кызматынын негизги ишмердʏʏлʏгʏнɵ токтолсоңуз?

-Архив кызматы баарыбызга белгилʏʏ болгондой, кыргыз мамлекетинин тарыхын тастыктаган булак. Негизги ишмердʏʏлʏгʏбʏз калкка кызмат кɵрсɵтʏʏ болуп саналат. Бизде маалымат берʏʏ, документтерди пайдалануу жана жарыялоо деген бɵлʏм бар. Бɵлʏмдʏн кызматкерлери архивге кайрылган жарандарды тейлешет, арыздарын кабыл алышат. Мында архивдик документтерден материалдарды карап, тастыктап мɵɵр басып беришет. Кызмат кɵрсɵтʏʏдɵ жеке жарандарга Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жɵнгɵ салуу кызматы менен макулдашылган баа ченем (прейскурант) менен акы алып кызмат кɵрсɵтʏлɵт.

Ал эми Советтер Союзунун, Кыргыз Республикасынын жана Социалдык эмгектин баатырлары, “Баатыр эне”, “Эне даңкы” орденинин ээлери, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, 1-2-3-топтогу майыптар жана бала кезинен ооруган майыптар, интернациалист жоокерлери, Чернобль АЭС кырсыгын жоюуга катышкандар, Баткен окуясынын катышуучулары, 2010-жылдагы апрель окуясынын катышуучулары, багар кишиси жок пенсия, жɵлɵк пул алуучуларга социалдык-укуктук мʏнɵздɵгʏ суроо талаптары акысыз тейленет. Негизи кызматтарыбыздын кɵпчʏлʏгʏ акысыз болуп саналат. Учурда айыл ɵкмɵттɵр да инфодокс аркылуу кагаздарын тʏз жɵнɵтʏп, санариптештирʏʏнʏн алгылыктуу багыттары менен иш алып баруудабыз.

“Ɵрткɵ каршы коопсуздук эрежелери ɵтɵ кылдат каралган”

-Документтерди кантип узак жылдар бою сактайсыздар?

-Бир кылымдан ашуун убакыттан бери мамлекеттик сактоодо турган документтердин сактоо максатында жазуулары ɵчʏп, эскирип бараткан барактарды реставрациялоо иштерин жасайбыз. Мындан ары сакталууга тийиш эмес документтер иргелип, жок кылынат, жаңылары менен толукталып турат. Температура, нымдуулук кɵзɵмɵлдɵнʏп, чаңдан тазалоо боюнча архив мекемелеринде ай сайын санитардык кʏндɵр ɵткɵрʏлʏп келʏʏдɵ. Ɵрткɵ каршы коопсуздук эрежелери ɵтɵ кылдат каралган.

-Мекемеде кандай жаңылыктар, жетишкендиктер болуп жатат?

-Аз убакыттан бери, тагыраагы, 5 айдан бери жетекчилик кызматты аркалап келе жатам. Архив кызматына мамлекет тарабынан жакшы кɵңʏл бурулуп, ɵткɵн жылы Кыргызстан боюнча алты облуста жаңы имараттар курула баштаган. Мен келгенде биринчилерден болуп Араван райондук мамлекеттик архивинин эки кабаттуу, заманбап имаратынын курулушу аяктап, 2023-жылдын 19-майында ачылыш аземи болду. Ага белгилʏʏ тарыхчылар, коомдук ишмерлер, региондук башкармалыктын жетекчилери, КРнын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкʏлчʏлʏгʏ жана Санариптик ɵнʏктʏрʏʏ министрлигинин орун басары катышты.

“Жаңы имарат ʏчʏн эки жер тилкеси ажыратып алынды”

-Жалпы райондордун акимдери, айыл ɵкмɵттɵр, район башчылары менен биргеликте иштеп, бʏгʏнкʏ кʏндɵ эки райондон жер ажыратып алынды. Кара-Суу районундагы архив кызматынын имараты Ɵзбекстан Республикасы менен чектеш чек арада жайгашып калган. Имарат ɵтɵ начар абалда, жеке ишкананын ичинде жайгашкан. Ноокат районундагы имаратка да адамдардын, техникалардын кириши оор. Ушул эки районго жаңы имарат салуу максатында Ноокаттын Т.Зулпуев атындагы айыл ɵкмɵтʏнʏн административдик имаратына тиешелʏʏ муниципалдык менчикте турган 0,587 гектар жер аянтынын ичинен 5 сотых, Кара-Суудагы Сарай айыл ɵкмɵтʏнɵ караштуу Киров айылындагы муниципалдык менчиктен 7,5 сотых жер аянты ажыратылып берилди. Ноокат районуна курулуучу жаңы имараттын сметасы тендерге берилип, эсептелʏʏдɵ. Ал эми Кара-Суу райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгы тарабынан тийиштʏʏ документтер бʏткɵрʏлʏп, кызыл китеби алынды.

-Мекеме-уюмдардын ɵздʏк архивин тʏзʏʏ боюнча кандай иштер жасалууда?

-Мамлекеттик, муниципалдык ведомстволордун ар биринде ɵздʏк архив болуусу тийиш. Бардык мекеме, ишканалар менен архив кызматкерлери тыгыз иш алып барылып, жеринде усулдук жардамдар кɵрсɵтʏлʏп, алардын номенклатурасы электрондук жана кагаз тʏрʏндɵ тʏзʏлдʏ. Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-мартындагы №120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жʏргʏзʏʏ боюнча типтʏʏ нускама” токтомуна ылайык буйрук, токтом, протоколду тʏзʏʏдɵ иш кагаздарын жʏргʏзʏʏнʏн эрежелери сакталууга тийиш. Мисалы, кызматтык каттар канчанчы шрифт менен жазылат, абзацтарды туура алуу, гербдин диаметрин туура жайгаштыруу боюнча ишканалардын кызматкерлерине окутуп, ʏйрɵтɵбʏз.

“Архивдик материалдарды алуу боюнча атайы бɵлʏмʏбʏз иштейт”

-“Улуттук архив фонду мыйзамынын 17-беренесине ылайык, республикалык денгээлде 15 жыл, облустук деңгээлде 10 жыл, шаар, райондук деңгээлде 5 жылга чейин сакталып, андан кийин мамлекеттик сактоого ɵткɵрʏп беришет. Тиешелʏʏ архив кызматкерлери барып, тарыхый баалуулугу бар документтерди иргеп-иреттеп мамлекеттик сактоого кабыл алышат.

“Алдыдагы майрамдарды утурлай спорттук иш-чаралар уюштурулду”

-Ɵлкɵбʏздʏн эгемендʏʏлʏгʏнʏн 32 жылдыгы, ɵзʏбʏздʏн архив кызматынын 97 жылдыгы болуп кош майрам келе жатат. Ошондой эле мамлекеттик ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдыгына карата бир топ иш-чараларды уюштурдук. Архив кызматкерлерине бир аз майрамдык маанай тартуулайлы деп спорттун волейбол, мини футбол, шахмат, чуркоо, аркан тартыш боюнча 7 район, шаар, партиялык архив кызматкерлери арасында мелдештер уюштурулду.

-Канча бɵлʏм иш алып барат, кызматкерлердин саны боюнча айтсаңыз?

-Негизинен биз регионалдык башкармалык болгондон кийин ар бир райондо, шаарда бирден архив жетекчилери бар. Союз убагындагы партиялык, комсомолдук кызматкерлердин архивдери партиялык архивде сакталат. Архив кызматынын Ош региондук башкармалыгында жалпы 131 кызматкер эмгектенет. 4 бɵлʏм тʏзʏлгɵн:

1. Уюштуруу-кадр иштери жана иш кагаздарын жʏргʏзʏʏ. Бɵлʏм башчы Шырманай Маматова.

2. Документтерди иргеп-иреттɵɵ бɵлʏмʏ. Бɵлʏм башчы Нургазы Алимбаев.

3. Документтерди эсепке алуу жана сакталышын камсыздоо. Бɵлʏм башчы Мирбек Мадоморов.

4. Маалымат берʏʏ, документтерди пайдалануу жана жарыялоо. Бɵлʏм башчы Айнагʏл Урусова.

Мындан сырткары мекемебизде программалоо боюнча кʏчтʏʏ адисибиз иштейт. ʏсɵн Эргешов инфодокс, электрондук документ жʏгʏртʏʏ боюнча бардык райондордогу мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерге электрондук документ жʏгʏртʏʏ боюнча окутууларды ɵткɵрɵт. Ош региондук башкармалыгынын топтоо булагына кирген мекеме-уюмдарда “инфодокс”, “электрондук номенклатура”, “электрондук журнал” модулун киргизʏʏнʏн ыкчам жана эффективдʏʏ уюштуруу максатында КРнын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укутуу ɵкʏлʏнʏн аппараты менен биргеликте окуу графиги тʏзʏлʏп, 2023-жылдын 28-29-марты, 3-4-5-6-10-апрель кʏндɵрʏ райондук мамлекеттик администрациялардын имаратында окутуулар уюштурулуп, усулдук жардамдар кɵрсɵтʏлдʏ.   

Мекеменин тарыхы

-Архив кызматынын Ош региондук башкармалыгы 1929-жылдын 1-мартынан эки тʏштʏк Кыргызстандын кантондору биригип, Ош округу болуп тʏзʏлгɵн мезгилде Ош облустук Аткаруу комитетинин алдындагы округдук архивдик бюросу деп тʏзʏлгɵн. 1940-жылдын 26-январында Ош облустук архив башкармалыгы болуп тʏзʏлʏп, облустук деңгээлдеги ɵз алдынча архив болгон. 1964-жылы Ош облустук мамлекеттик архивинин имараты ишке берилген.

Ош облустук мамлекеттик архивинде 1020 фонд, 236 570 сактоо бирдиги, 1042 жашыруун документтер, 8961 ɵзгɵчɵ баалуу документтер бар.

Айжылдыз Тойчиева