22 октября, 2024

Тɵкмɵ акын Идрис Айитбаев: “Дин десе эле жоолукту, сакалды, топуну, жума намазды тʏшʏнʏп калдык”

Илим издеп алыста жʏргɵн  тɵкмɵ акын уулуңуздар Кыргызстанга келди дегенди угуп, аз да болсо маектештик. Бишкектен бери карай эл менен учурашып келгенин жана Нарын, Таласка да бара кетʏʏнʏ пландап жатканын айтты сɵз арасында. Кеп башынан болсун.

 “Барбаган жерде бакыт кɵп,

Барсаң бирок таппайсың.

Бакыттын баары шʏгʏрдɵ,

Кудайга шʏгʏр айтпайсың”.

“Египетте дагы 6-7 жыл жʏрсɵм деген планым бар”

-Египетке барганыбызга 2 жылга жакындап калды. ʏй-бʏлɵм менен жайкы каникулга келдик. Сентябрдын аягында кайтабыз. Ата-эне, тууган-урук, дос-курдаш менен  сагынычыбызды таратып кетели деп атайын келдим. Бишкектен бери карай эл менен учурашып, кыдырып келатам. Буюрса, Нарын, Таласка да барайын деп атам. Албетте, эл-жерди сагынасың. Ал жакта ʏй-бʏлɵм менен болгондуктан, ошолор менин мекенге болгон сагынычымды жазып турушту окшойт. Ал эми Египеттин эли жɵнʏндɵ айтсам, жаман эл болбойт, жаман адамдар болушу мʏмкʏн. Анын сыңарындай Египеттин эли аябай кичипейил, жɵнɵкɵй, карапайым калк келет. Аларда “эл эмне дейт” деген куру намыстык, кɵкʏрɵктʏ чапкыламай жашоо жок. Кудай ʏчʏн, ɵзʏ ʏчʏн жашашты ошолордон ʏйрɵндʏк. Алар ʏстʏндɵ кийген кийимин 3 учурда чечет: батпай, ылайык келбей калганда, жыртылып кетип аураты кɵрʏнʏп калганда, булганып, намазга жарабай калганда. Бɵлɵк учурда кийген кийими ɵңʏ ɵчʏп кетсе да, батып турабы 10 жыл болсо 10 жыл деле кие берет. Бирɵɵ келип бул кийимиңди кɵп кийип койдуң дебейт. Эки жылдан бери кар кɵрɵ элекмин. Аларда кыш болбойт. Ошого байланыштуу тɵрт мезгилдин бардыгында бирдей кийинип жашай беришет. Дʏнʏйɵгɵ аша берилип кеткен эл эмес. Жɵнɵкɵй, жупуну эл. Айрыкча илим жолунда окуп жʏргɵн студенттерге жардамын аябайт. Илим алуу — ийне менен кудук казгандай. Илим жолу тʏгɵнбɵйт, кете берет. 2 жылда колледжин бʏтʏрсɵм, андан кийин университетине тапшырсам, дагы 6-7 жыл жʏрсɵм деген планым бар.

“Чала молдо дин бузар болбоюн дедим”

-Египетке окууга кетʏʏмɵ эки себеп болду. Биринчиси: мурда Молдо Кылыч, Молдо Нияз, Тоголок Молдо деп акындардын ɵзʏндɵ да молдолор болгон. Ошол акындарыбызды карап туруп бʏгʏнкʏ акындар ошол акындардын акындыгын улаганыбыз менен молдолук жолун улабай жатабыз деп ойлодум. Кыргызстандагы болжол менен 70 акындын бирɵɵсʏ бабалардын жолу менен басыш керек деп ушул жаатка бастым. Экинчиси: мен мугалиммин, агартуу иштерин жʏргʏзɵм. Тарбиялык, адеп-ахлактык сабактарды берип жʏрɵм. ʏй-бʏлɵнʏн баалуулуктары жɵнʏндɵ сʏйлɵп келем. Ошондо элден келген суроолордун 70-80 пайызы диний билимди талап кылган суроолор болду. Кала берсе, калк да мага устаз деп кайрыла баштады. Ошондон улам “чала молдо дин бузар болбоюн” деп ушул жааттан билим алып келем. Чубак ажы, Элмирбек Иманалиев устаздарыбыз дʏйнɵ салды.  Дегеним ушул ɵнɵрдʏ, ушул жолду басып жʏргɵн алдыңкы туяктын изин арткы туяк басышка милдеттʏʏбʏз. Келгенден кийин буюрса, ислам дининин баалуулуктарын, кыргыздын улуттук нарк-насилин, каада-салтын, Куран менен бабалар басып ɵткɵн тарыхты айкалыштырып келечек муунга жеткирʏʏнʏ максат кылып атам.

“Дин деген сырткы кɵрʏнʏш эмес”

-Биз динди тар тʏшʏнʏп алдык. Динди жɵн эле  сырткы кɵрʏнʏш менен баалап калдык.  Тагыраагы, дин десе эле жоолукту, сакалды, топуну, жума намазды тʏшʏнʏп калдык да. Дин аябай терең. Ошондуктан окурмандарга айтарым, дин десе сакалды, топуну, жоолукту, жума намазды, жайнамазды тʏшʏнʏп калбагыла. Динди тереңдеп казып билгенде канчалык жеңил, оңой, таза,  ырахаттуу экенин тʏшʏнɵбʏз.

“Идрис Айитбаев кɵп эле жалкоо”

-Эгер жаман кɵрʏш керек болгон адам болсо, жеке ɵзʏмдʏ, ɵзʏмдʏн напсимди жаман кɵрɵм. Анткени, кɵп эле жалкоо да Идрис Айитбаев. Ошонусун жактырбайм. Кɵп максаттарды коюп, напсиге, шайтанга азгырылып, жалкоолук менен кармалып калган учурлар кɵп болот. Кыргызда “Айбанга таптоо, адамга мактоо жагат” деген сɵз бар. Дʏйнɵдɵ ɵзʏн жакшы кɵргɵн, мактаган адамдар кɵбɵйʏп баратабыз ансыз деле. Идрис Айитбаевдин жакшы жактарын жакын жʏргɵн досторум, кɵрʏп жʏргɵн калк, анан келинчегим жакшы билет. Жакшы адам бергенин унутса да, алганын унутпайт. Мен менден башка жакшы адамдарды билем. Ошолордой болсом дейм.

“Сʏйʏʏнʏ жок дегендердин ɵзʏндɵ жʏрɵк жок”

-Ааламдын турушунун, жаралышынын ɵзʏндɵ сʏйʏʏ бар. Кудай тааламдын ɵзʏнʏн элчисине, Мухаммед пайгамбарга сʏйʏʏсʏ болбогондо дʏйнɵ жаралбайт эле. Жаратуучунун ɵзʏндɵ сʏйʏʏ бар. Сʏйʏʏдɵн улам аалам жаралган. Сʏйʏʏнʏн ɵзʏн жок дегендердин ɵзʏндɵ сезим жок, жʏрɵк жок деген сɵз. Сʏйʏʏнʏн этаптары болот. Алгач Аллах Тааланын ɵзʏн сʏйʏш керек.  Анын элчилерин, пайгамбарларды, аалымдарды Аллах жараткан нерселердин бардыгын сʏйʏш керек. Кудайды сʏйɵм дегендер буйругун аткарыш керек. Алланы, периштелерди, пайгамбарларды сʏйʏʏ, дин илимин жеткирген, илим-билим тараткан устаздарды сʏйʏʏ, ата-энени сʏйʏʏ, тууган-урук, эл-жерди, бир туугандарды сʏйʏʏ, анан аялды, бала-чаканы сʏйʏʏ болуп эсептелет. Аялды, бала-чаканы сʏйʏʏ сезимин жогоруда атаган сʏйʏʏлɵрдʏн баарын аттап, биринчиге  коюп койгонбуз. Баш кошуп, турмуш кура элек сʏйʏʏ жɵнʏндɵ ойлонобʏз. Ага чейинки сʏйʏʏлɵр жɵнʏндɵ айтылбайт. Тилекке каршы, бул сʏйʏʏ тээ ылдыйда турат. Ага чейинки сʏйʏʏлɵрдʏн кадырына жетпеген инсан, аял-баланы сʏйʏʏнʏ да кыйратпайт. Сʏйгɵнʏнɵ жеткен адам бактылуу болбойт. Жеткенин сʏйʏп жашаган адам бактылуу болот. Сʏйгɵнʏмɵ жеттим деп тойдон кɵп ɵтпɵй ажырашып аткандар бар. Кеп сʏйгɵнʏнɵ жетʏʏдɵ эмес, кеп жеткенин сʏйʏп, кадырлап, сыйлап жашоодо. А бирок чыныгы сʏйʏʏнʏн кадырын качан Кудайга болгон, пайгамбарга, мекенге, эл-жерге, ата-энеге, бир тууганга, эже-карындашка, ага-иниге болгон сʏйʏʏнʏн кадырына жеткенде, жарына болгон сʏйʏʏнʏн кадырына жетет. Сʏйʏʏнʏн этаптарынан качып ɵтпɵш керек.

“Акын болсом да мугалиммин, мугалим болсом да мугалиммин”

-Кесибим – мугалим. Акындык ɵнɵрдʏ мугалимдик кесипке жабыштырып, мугалимдик кесипти ɵнɵрʏм менен, акындыгым менен кооздоп жʏрɵм. Эгерде акындыкты же мугалимдикти танда десе, ойлонуп отурбай мугалимдикти тандайт элем. Мугалим болуп кара сɵз менен айтып аткан тарбиялык ишимди комуз менен кооздоп, кайра эле мугалимдик кылып атам. Акын болсом да мугалиммин, мугалим болсом да, мугалиммин.

“Тɵкмɵлʏк менен тɵкмɵ акындар Кудайдын кыргызга берген белеги”

-Пенде эмне дейт экен дебей, кылган ишим Кудайга жагабы, жакпайбы деп иш кылам. Айтышта акындардын бардыгын сыйлайм. Ɵзгɵчɵ акындык ɵнɵргɵ келишиме айтыш ɵнɵрʏндɵгʏ  дɵɵ-шаа акындардын бири Жеңишбек Жумакадыр агайыбыз себеп болду десем болот. Ошто жанынан кɵрʏп, кийин устаз кылып, батасын алып, анан айтышка  келгенмин. Бʏгʏнкʏ кɵрɵрман, угармандардын айтыш ɵнɵрʏндɵ болуп аткан окуялардын дейлиби, акындардын тагдырларын дейлиби кʏзɵтʏп турган Ала тоонун элинен суранарым: ырчы бардык улутта бар, бийчи да бардык улутта бар. Ал эми тɵкмɵлʏк казак менен кыргызда гана бар. Акындык ɵнɵр кыргызга тартуу кылып берген Кудай Тааламдын белеги. Ошол ɵнɵрдʏ алып жʏргɵн акындарды да Кудайдын элге берген белеги катары кабыл алыңыздар. 

Бʏкалча Маматали кызы