13 мая, 2024

Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 6 ай  ичинде аткарган иштери жɵнʏндɵ маалымат

6 айда 4 сессия ɵтʏп, маанилʏʏ маселелер каралды

Ош шаардык Кеңеши 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында  бекитилген иш пландан сырткары да иштерди алып барды. Аталган убакыт ичинде 4 жолу  шаардык Кеңештин сессиясы ɵткɵрʏлʏп, аларда ар кандай тармактарды   камтыган 38 маселе каралды. Атап айтканда, киреше жана чыгаша  бɵлʏктɵрʏ 2 509 306,2 миң сомду тʏзгɵн Ош шаарынын 2023-жылга бюджети кеңири  коомдук талкуудан ɵткɵрʏлʏп,  бекитилди. Бул сумма 2022-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 908 796,2 миң сомго кɵп дегенди билдирет. “Улуу Жибек жолун жандандыралы” аталышындагы Ош шаарын 2023-2026-жылдарга социалдык-экономикалык ɵнʏктʏрʏʏ жана калкты социалдык жактан коргоо программасы,  “Ош шаарынын аймагында кɵрктɵндʏрʏʏ, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча эрежелер”,  “Ош шаарындагы аз камсыз болгон ʏй-бʏлɵлɵргɵ жана жеңилдиктерди алууга укугу бар тургундарга социалдык колдоо кɵрсɵтʏʏнʏн тартиби жɵнʏндɵ” Жобо  бекитилди.  Ошондой эле

• Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы   тарабынан аткарылып жаткан  иштер жɵнʏндɵ;

• Ош шаарында калктын саламаттыгын сактоо боюнча аткарылып жаткан иштер жɵнʏндɵ;

• Шаардагы айрым жолдорду тартипке келтирʏʏ жɵнʏндɵ;

•  Шаар мэринин 2022-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана  бюджетинин аткарылышы боюнча  отчетун;

• Коомдук коопсуздукту камсыздоо,  жашы жете элек ɵспʏрʏмдɵр арасында укук  бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу,  диний агымдардын жана экстремисттик-террористтик  кɵз караштагы кыймылдардын терс кɵрʏнʏштɵрʏнɵ  карата кɵрʏлʏп жаткан иштери тууралуу;

•  Ош шаарынын мʏлкʏнɵ сырткы жарнама жана маалымат обьектилерин орнотуунун жана пайдалануунун абалы жɵнʏндɵ;

•  Мэриянын  Ош шаарына инвестиция тартуу, тышкы экономикалык байланыштарды тʏзʏʏ жана ишкерлерге тʏзʏлгɵн шарттар  боюнча аткарып жаткан иштери жɵнʏндɵ;

• “Ош шаарынын мэриясынын  борбордук базар дирекциясы” жана “Жапалак унаа базары” муниципалдык ишканаларынын  жыйымдарынын ɵлчɵмʏн бекитʏʏ жана башка  шаардын жана шаардыктардын турмушуна тʏздɵн-тʏз тиешеси бар маселелер каралып, аларда орун алган кемчиликтерди жоюу боюнча чечимдер кабыл алынып, аткаруу ʏчʏн тиешелʏʏ  жактарга тапшырылды. Алардын ичинде  “Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалынын аймагында поликлиника куруу,  таштанды таштоочу жай “Жапалак” айылдык аймактык башкармалыгында жайгашкандыгына байланыштуу  ал жерде жашоочуларга тийгизген зыяндуулугун аныктап, таштанды ʏчʏн тɵлɵнʏʏчʏ акыны жеңилдетʏʏ, шаарда  тез жардам бекетинин филиалдарын ачуу,  А.Масалиев кɵчɵсʏндɵгʏ айлампадан (Грензовод) тарта Ош шаарындагы №2 К.Маркс атындагы орто мектебине чейин А.Шакиров кɵчɵсʏнɵ оор жʏк ташуучу унааларды жол боюна токтотууга (парковка) тыюу салуу,  Ы.Монуев жана А.Шакиров кɵчɵлɵрʏнʏн кесилишинде орнотулган жол чыракты жана шаардагы башка жол чырактарын текшерʏʏдɵн ɵткɵрʏʏ, жол тыгындарын азайтуу максатында аларды  кайра программалоо,  Ош шаарынын аймагындагы ички жолдордун абалын кɵзɵмɵлгɵ алуу жана аларды оңдоо сыяктуу кɵптɵгɵн маселелер бар.

Токтомдордун аткарылышына, бюджеттин максатуу пайдаланышына кɵзɵмɵл

Шаардык Кеңештин сессияларында кабыл алынган токтомдордун аткарылышын жана  бюджеттик каражаттардын максаттуу жана туура пайдаланылышын кɵзɵмɵлдɵɵ боюнча иштер  жʏргʏзʏлдʏ. Бул багытта шаардык Кеңештин туруктуу депутаттык комиссиялары жергиликтʏʏ  бюджеттин эсебинен шаарда курулган тротуарлардын,  Масалиев проспектисинин курулушун, Масалиев проспектиси менен Навои кɵчɵсʏндɵ курулуп жаткан жер ʏстʏндɵгʏ жɵɵ ɵтмɵктʏн курулушун, шаардык стадиондун ремонтун, 6 миң кубдук  4 даана суу резервуарларынын курулушун,  6 жаңы курулган жана 6 калыбына келтирилген  суу скважиналарын, Ленин кɵчɵсʏндɵгʏ 1 км  аралыктагы жолдун жана тирɵɵч дубалдын курулушун, Т-формасындагы жол менен туташтыруучу, поезд жолундагы 20 м  ɵтмɵк жолдун, Амир-Темур муниципалдык аймактык башкармалыгында жана Жапалак  айылдык аймактык   башкармалыгында курулуп жаткан 100 орундуу  бала бакчалардын курулушун,  менчиктештирʏʏ программасына киргизилген   28 муницпалдык обьекттин  абалын  жерине  чыгып кɵрʏштʏ. Аткарылып жаткан иштердин сапаттары боюнча ɵз пикирлерин билдирип, орун алган кемчиликтерди  жоюу жана  бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу боюнча сунуштарын  беришти. Айрыкча жаңы курулган тротуарлардын сапаты  начар экендигин белгилешип, аларды оңдоо боюнча шаардык жолдор башкармалыгына катуу талап коюшту.

 Шайлоочулардын суроо-талаптарынын аткарылышы кɵзɵмɵлдɵ

Ош шаардык Кеңеши,  муниципалдык аймактык башкармалыктардагы жолугушуулар  учурунда шайлоочулар тарабынан берилген  суроо-талаптардын аткарылышын кɵзɵмɵлдɵп турат. Шайлоочулардын  суроо-талаптарын аткаруу ʏчʏн ʏстʏбʏздɵгʏ жылы шаардык жолдор башкармалыгы аркылуу шаардын жолдорун жана тротуарларын асфальттоо ʏчʏн 33500,0 миң сом, Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏн алдына балдар ойноочу жана кичи футбол аянтчаларды, ошондой эле саркынды суу тʏтʏктɵрʏн тартуу ʏчʏн 16500,0 миң сом акча каражатары каралган.  Эскертип кетʏʏчʏ нерсе,  бул акча каражаттары эки ишкананын капиталдык курулуш боюнча негизги титулдук баракчасында каралган акча каражатынан сырткары,  шаардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча эл ɵкʏлдɵрʏнʏн демилгеси менен бɵлʏнʏп жаткан акча каражаттары болуп эсептелет. Депутаттардын демилгеси менен,  Амир-Темур кичи шаарчасынын №53 орто мектебинин бʏтпɵй турган жыйындар залы жана ашканасын оңдоп-тʏзɵɵ иштери жʏргʏзʏлдʏ,   Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жашоочуларынын кɵп жылдан бери суранып келе жаткан кайрылуусунун  негизинде, кыргыз тарыхындагы  маанилʏʏ  ордун эске алып, Алай канышасы  Курманжан Датканын айкели анын туулуп ɵскɵн Орке айылында  тургузулду. Айкелдин бийиктиги 2,10 метр, постаменти менен 4,20 метрди тʏзɵт.  Ушул эле башкармалыктын Тээке айылында узундугу 1 чакырым аралыктагы жолду тʏнкʏ  жарыктандыруу иштери аяктады.

Бала бакчаларды муниципалдык менчикке кайтаруу аракеттери

Ош шаардык Кеңеши муниципалдык чарба маселелерин  такай кɵзɵмɵлгɵ  алып турат.  Шардагы ээлери аныкталбаган электр кɵмɵк чордондорун райондук электр тармактар ишканасынын балансына ɵткɵрʏʏ,  ошондой эле  Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканаларынын эскилиги жеткен, жараксыз болуп калган автоунааларын эсептен чыгаруу боюнча маселелер туруктуу депутаттык комиссиялардын отурумдарында талкууланган. Аткарылышы боюнча шаардык мэрияга жана тиешелʏʏ кызматтарга тапшырмалар берилген. Азыркы учурда шаар боюнча  бардыгы болуп 2048 кɵмɵк чордондун 620сынын ээси жок болгондуктан, аларды тейлɵɵ кыйынчылык туудуруп, алардан пайдаланган калкты электр энергия менен камсыздоо ʏзгʏлтʏккɵ учуроодо.  Учурда  ээсиз делген 620 кɵмɵк чордондун 31нин документтери даярдалып бʏткɵн.  Бул маселелер туруктуу депутаттык комиссиянын кɵзɵмɵлʏндɵ турат.

Бул тармакты караган туруктуу депутаттык комиссия  Кармышак Ташбаев атындагы Ош шаардык борборлоштурулган китепкана тармагына,  мектептерге, балдар бакчаларына  жана фельдшердик-акушердик пункттарына барып, алардын иштери жана  абалы менен  таанышып чыгышты. Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын  Орке айылындагы фельдшердик-акушердик пунктунун,  №60 “Арча-Бешик” балдар бакчасынын, №52 мектептин, №29 мектептин, №16 мектептин  абалдарын жакшыртуу  жана жылытуу системаларынын ишин  жолго салуу боюнча  мэрияга жана билим берʏʏ башкармалыгына  сунуштарын беришти.

Ош шаардык Кеңешинин тɵрагасы С.Назылбековдун демилгеси менен мурда башка жактарга берилип кеткен балдар бакчалары  жɵнʏндɵ маселени кɵтɵрʏп,  бʏгʏнкʏ кʏнʏ аларды муниципалдык менчикке кайра кайтаруу боюнча иштер алып барылууда. Бул маселе боюнча убактылуу депутаттык комиссия тʏзʏлʏп,  башка жактарга берилип кеткен бала бакчаларынынын  азыркы учурдагы абалы жана  кандай багытта иштетилип жаткандыгы менен  жеринде таанышып  чыкты.Аныкталган маалыматтар  боюнча бардыгы болуп 35  бала бакча, анын ичинен  15и жеке менчикке, 20сы мамлекеттик мекемелерге берилип кеткен. Азыркы учурда мамлекеттик мекемелерге берилип кеткен 17 бала бакчаны  кайтаруу  боюнча маселе Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна сунушталды. Ошондой эле Ош шаардык Кеңешинин тɵрагасы Ленин жана А.Навои кɵчɵсʏнʏн кесилишинен баштап жаңы авто бекетке чейинки аралыкты унаалар ʏчʏн бир тараптуу жʏрʏʏсʏ боюнча сунушу колдоого алынып, бʏгʏнкʏ кʏнʏ ошол жол тилкесинде асфальт тɵшɵɵ иштери жʏрʏʏдɵ.

Сейил бактардын абалын жакшыртуу

Ош шаардык Кеңеши маданият тармагын ɵнʏктʏрʏʏгɵ анын ичинде шаардыктар ʏчʏн маданияттуу эс алууга жакшы шарттарды тʏзʏʏгɵ, эс алуучу жайларды, парктарды, сейил бактарды жашылдандырып, кɵрктɵндʏрʏʏгɵ кɵңʏл буруп келʏʏдɵ. Шаарда элге белгилʏʏ болгон эки чоң парк — Навои жана Токтогул атындагы парктар бар. Тилекке каршы,  бул парктар ɵз багытында  пайдаланылбай, айрыкча Навои паркы, андагы дарактардын кɵбʏ кыйылып, эс алуучу жай эмес, кирген адамды чарчата турган,  соода-сатык жайлары жана  эсепсиз  оюн-зоок  аттракциондору  жайгашкан базарга эле айланып калган. Бул жɵнʏндɵ шаардыктардан депутаттардын атына кɵптɵгɵн каттар келип тʏшкɵн.    Парктагы  муниципалдык жерлерди  ижарага алгандардан шаардын бюджетине айына болгону 115 миң сом тʏшʏп, негизги пайданы ижарачылар гана кɵрʏп калышкан. Анткени,  алар пайда кɵрʏʏ максатында ижарага алган жерлерин башка ишкерлерге субарендага берип, парктын ичинде дээрлик бош жер калган эмес.  Мындан улам шаардыктардан тʏшкɵн кɵптɵгɵн кайрылууларды эске алып, шаардык Кеңеш, жакында эле реконструкция болгон  Токтогул паркын дагы  базарга айландырбастан, шаардыктар бош убактыларында  тынч отуруп, китеп, гезит окуп, музыка угуп эс ала турган, эрте менен, кечинде Ак-Буура дарыясын бойлой сейилдеп, же спорт менен машыгып, рахат ала турган жайга  айландыруу максатында Т.Сатылганов атындагы эс алуу паркында аттракцион, батут, велосипеддерди ижарага берʏʏ жана башка балдардын оюн-зоок курулмаларын жайгаштырууга тыюу салуу, майрам кʏндɵрдɵн сырткары соода сатык иштерине жол бербɵɵ, ал эми А.Навои эс алуу паркында, муниципалдык жерлерди ижарага берʏʏдɵн шаардын бюджетине тʏшʏʏчʏ каражаттарды кɵбɵйтʏʏ максатында,  иш жʏргʏзʏп жаткан жеке ишкерлер менен Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын ортосунда тʏзʏлгɵн келишимдерди башкадан карап чыгып, аукцион ɵткɵрʏʏ жɵнʏндɵ  2022-жылдын 29-сентябрында токтом кабыл алган жана анын аткарылышы шаардык Кенештин кɵзɵмɵлʏндɵ турат.

Шаардык кеңештер менен достук байланыш

Ош шаардык Кеңешинде республикадагы жергиликтʏʏ кеңештер менен байланышты, достукту, ɵз ара кызматташууну чыңдɵɵ боюнча иштер  аткарылууда.  Бул багытта  Ош шаары,  Бишкек, Жалал-Абад, Каракол, Баткен, Нарын, Талас шаардык кеңештеринин эл ɵкʏлдɵрʏн жана аппарат кызматкерлерин  Ош шаарында тосуп алып,  жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу  маселелери боюнча тажрыйба   алмашуу, шаардын  тарыхы, кооз жерлери,  бир катар мекеме-ишканалардын ишмердиги  менен тааныштыруу  иш-чараларын жʏргʏздʏ. Ошондой эле аталган  6 шаардык кеңештердин депутаттарынын  ортосунда  футбол  боюнча достук беттешʏʏ ɵткɵрʏлдʏ.

Тажрыйба алмашуу, билим ɵркʏндɵтʏʏ

Ош шаардык Кеңешинин  иш планында белгиленгендей, шаардык  Кеңештин депутаттары эл аралык уюмдар, коомдук уюмдар, башкаруу органдары  тарабынан ɵткɵрʏлгɵн,  тренингдерге, семинарларга  жана башка иш-чараларга катышып, билим деңгээлдерин жогорулатып, иш-тажрыйбаларын арттырышууда. Бул багытта Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын тобу Россия Федерациясынын Казань шаарында “Евразия шаарлары жана глобалдык тренддер” деген темада “Бириккен шаарлар жана жергиликтʏʏ бийликтер” Бʏткʏл дʏйнɵлʏк уюмунунун (ОГМВ) Евразиялык аймактык бɵлʏмʏ жана Казань шаарынын мэриясы уюштурган евразиялык тренингге катышып келишти. Андан депутаттар эл аралык муниципалдык  кыймыл  чɵйрɵсʏндɵ шаарларды ɵнʏктʏрʏʏ, муниципалитеттер аралык ɵз ара кызматташуунун кʏчɵтʏʏ, эң жакшы практикалар менен алмашуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу,  туруктуу ɵнʏктʏрʏʏнʏн максаттарын ишке ашырууда жергиликтʏʏ бийликтердин катышуусун камсыздоо, глобалдык максаттарды ишке ашырууга жана дʏйнɵлʏк  маанидеги  кɵйгɵйлɵрдʏ чечʏʏгɵ салым кошуу  жɵнʏндɵ угуп, ʏйрɵнʏп, практикалык иштерге катышып, билим алып келишти.

Ош шаардык Кенешинде Эл аралык институт  “Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында каралган жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруунун укуктары, ролу жана орду” деген темада семинар ɵткɵрʏп, анда  Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкарууга тиешеси бар мыйзамдар боюнча кеңири тʏшʏнʏктɵр берилип, аткаруу бийлиги жана жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу жɵнʏндɵ презентациялар жасалды. Ошондой эле иш-чарада мамлекетте жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруунун таасирин кʏчɵтʏʏ боюнча эдвокаси карталарын тʏзʏʏ, жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруунун ишмердигиндеги чечʏʏнʏ талап кылган маселелерди иликтеп табуу, аларды чечʏʏ ʏчʏн борбордук бийлик органдары менен байланышта иш алып баруу боюнча   кичи топтордо практикалык иштер алынып барылып,  депутаттар жергиликтʏʏ  кɵйгɵйлɵрдʏ чечʏʏ багытында  иш-тажрыйбаларын арттырышты.

Депутаттардын тобу “Аракет” коомдук бирикмеси  тарабынан уюштурулуп,   Ош шаарынын пилоттук  конуштарынын ɵкʏлдɵрʏ  ʏчʏн муниципалдык аймактык башкармалыктарда жана кварталдарда ɵткɵрʏлгɵн коомдук форумдарга катышып, жер-жерлерде орун алган кɵйгɵйлɵрдʏ изилдɵɵ,  анын максаттары жана  методологиясы,  негизги жыйынтыктарды кɵрсɵтʏʏ, кичи коомдук кеңештерди тʏзʏʏ, алардын ролдору жана функциялары,  аталган иштерди аткаруу жолу менен кɵйгɵйлɵрдʏ чечʏʏ жɵнʏндɵ маалыматтарга ээ болушту.

Кайрылуу каттарга кайтарым жооп

Ош шаардык Кеңешинде бардык иш кагаздар электрондук тʏргɵ ɵткɵрʏлʏп, кирген-чыккан документтерди каттоо “Инфодокс” системасы аркылуу жʏргʏзʏлʏʏдɵ. Жыл башынан бери  592   кат кирген, анын  54ʏ жогорку органдардан, 485и  мекеме-ишканалардан, 53ʏ  жарандардан келген кайрылуулар. Катталып кирген бардык  каттар  мыйзам чегинде   каралып,  алардын  ээлерине тиешелʏʏ жооптор  берилген.