28 апреля, 2024

Кой-Таш окуясына тɵрт жыл.  Создуккан сот жараяны

Мындан туптуура тɵрт жыл мурда кыргыз саясатында мурдагы президенттерге байланышкан жагымсыз окуялардын дагы бири – Алмазбек Атамбаевди Кой-Ташта бир адамдын ɵлʏмʏ, ондогон  адамдардын жараат алуусу менен коштолгон кармоо операциясы жʏргʏзʏлгɵнʏ кɵпчʏлʏктʏн эсинен чыга элек. Бул окуяга байланыштуу жʏрʏп жаткан сот жараяны белгисиз мɵɵнɵткɵ артка жылдырылганы ошол оопалуу окуя орун алган кʏндɵрдʏ эскерʏʏ учурларына туш келгени маалым. Бишкектин Биринчи май райондук соту жараяндын жылдырылганына айыпталуучулардын бири ооруп калганы себеп болгонун билдирди. Кылмыш ишинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясына катышкан кʏч органдарынын кызматкерлери жабырлануучу деп табылган жана алар кɵрсɵтмɵ берип бʏтɵ элек.

СЫРТТАН КИЙЛИГИШYYГƟ БОЛБОЙТ

“Качкан да кудай дейт, кууган да кудай дейт” демекчи, айыпталуучулар тергɵɵ бир тараптуу жʏргɵнʏн сындап, кʏч органдарынын мурдагы жетекчилерин да суракка алуунун талап кылып келет. Ɵткɵн айда Кой-Таш окуясы Европарламентте да кɵтɵрʏлгɵндɵ ага кыргыз бийлиги тарабынан эч кандай реакция болбогонун айрым серепчилер белгилешет, бирок Кой-Таш окуясы жана ага байланышкан териштирʏʏлɵр сырттан кийлигишʏʏгɵ болбой турган маселерге кирээрин да эстен чыгарбоо эп.

Кой-Таш айылындагы 2019-жылдын 7-8-август кʏндɵрʏ болгон окуялардан улам козголгон кылмыш ишин Бишкектин Биринчи май райондук соту карап жатканы белгилʏʏ. Анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев,   мурдагы аппарат жетекчи  Фарид Ниязов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, Мээрбек Мискенбаев, Равшан Жээнбеков жана экс-президенттин бир нече тарапташтары баштаган жалпы 14 адамга айып коюлган. Башында сот отуруму  аптасына ʏч ирет ɵтʏп, акыркы убактарда дʏйшɵмбʏ кʏндɵрʏ гана ɵтʏп калган. Эми сот отуруму белгисиз мɵɵнɵткɵ жылдырылды. Кылдан кыйкым издегенге абалтан кɵнʏп бʏткɵндɵр ʏчʏн мындан ɵтɵрʏ жок болсо керек деген таасир калат.  Кыргызстанда сотторго ишеним начар деген  эскиден келаткан кʏʏнʏ дагы бир ирет кайтара кайрып алганга не жетсин.

РАСМИЙ ЖООП

“2022-жылдын 8-августунда сотто далилдерди изилдɵɵ тартиби аныкталган, –дептир маалымат булактарынын бирине берген маегинде аталган соттун басма сɵз катчысы Темир Ильясов. -Ага ылайык, биринчи жабырлануучулар, андан кийин кʏбɵлɵр суралат. Айыпталуучулар суралгандан кийин кылмыш ишиндеги материалдарды иликтɵɵ башталат. Анда тараптар жарыш сɵзгɵ чыгат. Кой-Таш окуясында 157 адам жабырлануучу, 124 адам кʏбɵ деп таанылган. Ушул кʏнгɵ карата Кой-Таштагы окуялар тартылган видеоматериалдардын баары кɵрсɵтʏлʏп бʏттʏ. Жалпысынан 86 жабырлануучу суралды. Алардын 65и милиция кызматкери, калган 18и “Альфа” атайын бɵлʏгʏнʏн кызматкери. Андан сырткары, жабырлануучу тараптын ʏч ɵкʏлʏ менен тɵрт кʏбɵсʏ кɵрсɵтмɵ берди. Сот  Ички иштер министрлигине жабырлануучуларды сотко алып келʏʏ тууралуу ɵз маалында кабарлап жатат, бирок сот жараяндарына бир-экиден гана жабырлануучу келип, кээде  такыр эле келбей жатат. Ошондой эле сот жараяны создуккан дагы бир себеби адвокаттардын жоопкерсиздиги, суракка ала турган адамды ɵз маалында алып келинбɵɵсʏ болуп жатат”.

АЙЫПТАЛУУЧУЛАРДА НЕ АРМАН?

Тергɵɵ материалдарына ылайык, Атамбаевди кармоо операциясына катышкан кʏч органдарынын кызматкерлери жабырлануучу деп табылган. Учурда алар кɵрсɵтмɵ берип бʏтɵ элек. Бирок, алардын алды-кийинки кɵрсɵтмɵлɵрʏнɵ кандайдыр бир таасир этʏʏ аракеттери да болуп жаткансыйт. Экс-депутат Мээрбек Мискенбаев Кой-Таш окуясындагы айыпталуучулардын бири. Анын пикиринде сот жараяны негизсиз эле создуктурулуп жатат.

“Сотто жабырлануучулар тʏшʏнʏксʏз эле нерселерди айтып жатат. Барганбыз, турганбыз, анан эл келип бизди сабап кетти” дегендей кɵрсɵтмɵлɵрдʏ берип жатат. Биз болсо аларга айтып, суроо берип жатабыз. “Силер барганда элдин баарын уруп-сабап, тепкилеп, аткылап, ошол жерде эки сааттай болдуңар. Атамбаевдин ʏйʏн курчоого алып, ʏйʏн талкаладыңар да” деп айтып жатабыз. “Кимиңер кайда тургансыңар, эмне иш кылгансыңар?” десек жооп бербей жатат. Алар эки сааттан ашык курчоого алып турганда, Кой-Таштын ɵйдɵңкʏ бɵлʏгʏнɵн эл келип, аларды сʏрʏп чыгарган. Ошол жерде алты бала барымтага алынды деп маалымат беришпеди беле. Алардын арасынан эки-ʏчɵɵ “биз коркуп эле чыкпай койдук” деп айтып беришти. Мурунку бийлик бизге каршы “туткундарды барымтага алган” деген берене менен да иш козгоп койгон. Биз дагы ошол жерде бир топ адам жараат алган, желим ок жеген, ошолорду да кʏбɵ катары чакыралы деп ɵтʏнʏч берип жатабыз. Тилекке каршы, азыр аны кабыл албай жатат, ошол убак келсе кɵрɵбʏз деп айтып жатышат. Биз сотто ушунча ондогон  кʏч кызматкерин сурабай эле, аларды жетектеген министр Кашкар Жунушалиевди, атайын кызматтын тɵрагасы Орозбек Опумбаевди, Алмамбет Салиевди, бир тууган Жээнбековдорду угуп, биз ɵз жʏйɵлɵрʏбʏздʏ келтирип, сотту бʏтʏрʏп койсо болот деп жатабыз. Азыр эми бул сот  бешинчи жылга кеткени жатат. Азыр элдин баары эле Жунушалиев менен Опумбаев ушул жакта жʏргɵнʏн айтып жатат. Асылбек Жээнбеков, Алмамбет Салиев бул жакта. Сооронбай Жээнбековдун тойдо жʏргɵн сʏрɵттɵрʏ чыгып жатат. Ошолорду дагы сурап, сотту бʏтʏрʏп койсо болчудай болуп эле турат. Бирок, биздин жʏйɵбʏздʏ уккан киши болбой жатат. Бизде жеке адвокат жалдаганга каражатыбыз жок болгондуктан, мамлекеттик жактоочуларды беришкен. Ошондо беш адамга бир адвокат берилген. Азыр ɵзʏбʏз сʏйлɵп, ɵзʏбʏздʏ ɵзʏбʏз эле актап жатабыз”, — дейт Мискенбаев.

Азыр Кой-Таш окуясына байланыштуу айып коюлган Равшан Жээнбеков гана камакта олтурат. Ал былтыр октябрда Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакка алынган. Ɵткɵн айда Кой-Таш маселеси Европа парламентинде кɵтɵрʏлгɵн. Анда европалык социалисттер партиясынын тɵрага орун басары Катарина Рот Неведялова “тɵрт жылдан бери адамдар иштеген жумушунан алагды болуп, сотко бара берʏʏдɵн тажашты” деген. Ошондой эле ал Кыргызстандын укук тартибин коргоо органдары кʏч кызматкелеринин 2019-жыл, 7-8-августтагы аракетине арызданган 1700 жай тургундун суроолоруна алигʏнчɵ жооп бербей, териштирʏʏ баштала электигин билдирген. Ал арада Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков Атамбаевдин Испанияда “дарыланууда” жʏргɵн сʏрɵтʏн жарыялады. Анда экс-президент бул ɵлкɵнʏн премьер-министри Педро Санчес, жубайы Лариса жана уулу Кадыр менен сʏрɵткɵ тʏшкɵн.

“БУЛ ЭКИ АДАМДЫН ТИРЕШИ ЭМЕС”

Кой-Таштагы окуялардан кийин 8-августта ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште кайрылуу жасаган. Анда бул окуяларга Атамбаев экɵɵнʏн жеке тиреши себеп болбогонун  маанилʏʏ  жана олуттуу жагдайлар менен четке каккан.

“Айрым кʏчтɵр бул окуяны Жээнбеков менен Атамбаевдин жеке тирешʏʏсʏ деп жатышат. Бул эки адамдын тиреши эмес. Бул коррупциянын туу чокусу болгон  бардык кылмыштуу иштерди ачууга, тергɵɵнʏн мыйзам чегинде таза жʏрʏшʏнɵ, соттук процесстердин адилеттʏʏлʏгʏн камсыз кылууга каршы жасалып жаткан кʏрɵш. Бул мыйзамдуулук менен ɵзʏм билемдиктин, ɵз кызыкчылыгын мамлекеттен ɵйдɵ коюунун тиреши! Тилекке каршы, ɵлкɵбʏздʏн тарыхында бир нече аттуу-баштуу саясатчылар камакка алынган учурлар болду. Баары тең мыйзамга баш ийип, тергɵɵгɵ келип, сот ɵкʏмʏнɵ баш ийишкен. Ал эми Атамбаев жеке керт башын ойлоп, тергɵɵгɵ баргандан баш тартты. Элди, жарандарды курмандыкка алып баруудан да баш тарткан жок”, — деп белгилеген Жээнбеков.

Бул окуяны иликтɵɵ ʏчʏн мамлекетттик коммисия тʏзʏлгɵн жана анын корутундусу 2019-жылдын аягында жарыяланган. Комиссиянын атынан баяндама жасаган депутат Тынчтыкбек Шайназаров бул окуяга байланыштуу Атамбаев менен анын тарапташтарын кʏнɵɵлɵгɵн.

“Иликтɵɵнʏн жыйынтыгында мамлекеттик комиссиянын мʏчɵлɵрʏ мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары азыркы бийлик башындагылар ʏй-бʏлɵлʏк бийликти куруп алды деген доомат коюу менен калкка жаман кɵрсɵтʏп, ɵлкɵдɵгʏ саясий кырдаалды курчутуу аракетин жасаган деген жыйынтыкка келди. Ошондой эле Атамбаевдин тарапташтары Бишкек шаарында митинг жана башаламандык уюштургусу келген. Бирок, укук коргоо органдары тʏзʏлгɵн кырдаалды кɵзɵмɵлдɵн чыгарбай, кырдаалдын курчушуна жол берген жок” деп белгилеген Шайназаров.

Абдираим Мамытов