13 мая, 2024

Тери-венерология борборунда конференция болуп ɵттʏ

Ош облустар аралык тери-венерологиялык борборунда тʏштʏк региондор аралык конференция болуп ɵттʏ. Конференциянын негизги максаты калкты тейлɵɵдɵ тери-венерология кызматынын сапатын жогорулатуу, улуу муундагы дарыгерлер менен жаш дарыгерлердин бири-бири менен пикир алышуусун камсыздоо жана тери ооруларын дарылоонун жаңы методдору менен таанышуу, аны практика жʏзʏндɵ колдонуу.

Жыйынга республикалык тери-венерология борборунун директору, жогорку даражадагы дарыгер Юсупова Дилара Мухтаровна, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын директору-Ош облусунун саламаттыкты сактоо координатору Арстанкулов Талантбек Курбаналиевич, Ош облусунун координаторунун орун басары Кожобекова Шарапат Мизамовна жана Ош облустар аралык тери-венерология борборунун башкы дарыгери Жээнбекова Майрамкан Исмаиловна жана жаш дарыгерлер менен бейтаптар катышты.

Юсупова Д.М:

-Бул кызматтын тʏзʏлгɵндʏгʏнɵ быйыл 100 жыл толот. Алдыда бир топ пайдалуу иш чараларды, конференцияларды ɵткɵрʏʏ пландалган. 1923-жылы Пишпек шаарында алгачкы жолу тери оорулары боюнча кабинет ачылган. Учурда тери-венерология борборунун инфраструктурасы жетишерлик деп айта алам.

Арстанкулов Т.К: — Тери-венерология тармагында ɵзʏнʏн кесибин сʏйгɵн гана адистер калды окшойт. Жаш дарыгерлерди кɵрʏп бул тармактын келечеги кең деп айта алам. Бʏгʏнкʏ кыйынчылыктарга карабай эл сиздердин ак эмгегиңиздерди ар дайым баалайт.

Жыйындын жʏрʏшʏндɵ жаш дарыгерлер оор делген тери оорулары бар бейтаптарды кɵрсɵтʏп, кантип дарылап жаткандарын жана дарылоонун жыйынтыктары тууралуу айтып беришти. Ошондой эле иш чаранын экинчи бɵлʏгʏндɵ ɵлкɵдɵгʏ жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар жана жугуштуу тери оорулары боюнча 2021-2023-жылдардагы 6 айлык  эпидемиологиялык абал жɵнʏндɵ маалымат берилди. Ош облустук тери-венерология борборунун башкы дарыгеринин орун басары Мавлюда Орозбаева кычыткы ооруларын заманбап дарылоо методдору тууралуу айтты.