12 мая, 2024

Илимбек Талантбеков, балчы: “Табигый жол менен таза бал алабыз”

Илимбек Талантбеков кесиби боюнча архитектор, шаар куруучу. Ал турмуш шартына байланыштуу Алай районунун Чий-Талаа айылына ʏй-бʏлɵсʏ менен келип, бал ɵндʏрʏʏ ишин колго алган. Бул жумушка мурунтан кызыгып жʏргɵнʏн, муну менен катар ʏй-бʏлɵгɵ, балдарга да убакыт кеңири табыларын, кирешелʏʏ булак экенин айтып, бал аары кармоодогу сырлары менен бɵлʏшʏп, бизге маек курду. «Адамдын аракети, жɵндɵмʏ жакшы болсо, бардык жерде иш алып кетсе болот» дейт каарманыбыз.

“5 БАЛ ЧЕЛЕК МЕНЕН БАШТАГАМ”

-Илимбек мырза, бал ɵндʏрʏʏ менен алек болгонуңузга кɵп болдубу? Кантип баштап калдыңыз эле?

-Аары кармоо кызыктуу жумуш. Аары менен алек болгондо башка бардык жумуштарды унутуп каласың. Анткени оюңдун баары ошого бɵлʏнʏп калат. Бал ɵндʏрʏʏнʏ мындан 4-5 жыл мурун баштагам. Студент кезимде эле аары кармоого кызыгып, интернет аркылуу издеп, кɵрʏп жʏрчʏмʏн. Кийин айылга келгенде аары кармоону ʏйрɵнʏʏ ʏчʏн устат издей баштадым. ʏйрɵтʏʏчʏ адам да таптым, алгач эки бал челек менен баштоону ойлондум. Бирок, устатым дароо эле 5 бал челек менен баштоону кеңеш берди. Ошентип, 5 бал челек, ичиндеги рамкалары, которуп келʏʏ чыгымдары баары биригип 50 миң сомго жеткен. Бирок, кайра эле ошол жылы кʏзʏндɵ тʏшʏмʏ ɵзʏн актады.

Менде деле башында каржы жагынан маселе болгон. Азыр шеригим бар, ал мени каражат жагынан камсыздап турат. Экɵɵбʏз ортодон иш кылабыз. Мына ошондой кызматташуу менен ага да, ɵзʏңɵ да пайда алып келсең болот. Буюрса, бул жаатта ийгилик жаратабыз деп ишенем. Акыркы кезде тʏшʏмʏбʏз 1 тоннага жетти.

“БИР БАЛ ЧЕЛЕКТЕН 40 КИЛОГРАММГА ЧЕЙИН АЛСА БОЛОТ”

-Аарыларды каяктан алып келгенсиздер? Тʏшʏм кандай берет?

— Чет мамлекеттен келген таза кандуу эне аарыларды гана алабыз жана ошолордон кайра ɵзʏбʏз эне аарыларды даярдап чыгабыз. Канчалык сапаттуу эне аарыларды даярдап чыксаң, тʏшʏм дагы жакшы болот.

Аарыларды ʏй-бʏлɵгɵ бɵлɵт. Аарылар ʏч же тɵрт рамка тукуму жана бир балы менен сатылат. Ошого салыштырмалуу баасы да ар тʏрдʏʏ болот. 2,5 миң сомдон 3,5 миң сомго чейин бир ʏй-бʏлɵнʏ сатып алса болот. Башында 30 ʏй-бʏлɵнʏ сатып алгам. Ал эми былтыркы жылы биз Украинадан келген эне аарыны колдонгонбуз. Ошонун балдарын азыркы учурда иштетип жатам.

Аарыларга кумшекер сыяктуу таттууларды бербей, талаа гʏлдɵрʏнɵн табигый жол менен таза бал алууга бʏт аракетибизди жумшайбыз. Эгер жакшы ʏй-бʏлɵ болсо бир бал челектен 15 килограммдан 40 килограммга чейин алса болот. Бул деле мал сыяктуу арык-торугу бар. Мисалы, карыган эне аары тукумун азыраак коюп калат. Ал эми жаш эне кɵбʏрɵɵк коет. Мына ошондон айырмаланып, бал челек жакшы болсо, 30-40 килограммга чейин алса болот. Албетте, бал челектерди гʏлдʏʏ жерлерге алып баруу керек.

-Таза бал менен кумшекер берилип алынган балды айырмалоого болобу?

-Кɵпчʏлʏк учурда бал жакшы болсун деп кумшекер же таттуу нерселерди аарыларга бергендерди угуп калам. Бирок, менин эки устатым бар, экɵɵнʏн тең 100-200 бал челектери бар. Алар балды таза тоо гʏлдɵрʏнɵн алышат. Мен алардан ʏйрɵнгɵндʏктɵн, ушул жолду улантып, кошумча эч нерсе бербей, таза бал алууга басым жасайм. Бал челектерди кɵбʏнчɵ Алай, Чоң-Алай райондоруна коебуз. Биздин балды эспарцет балы же ак бал деп аташат. Ак бал жумшак келип тамактан жакшы ɵтɵт жана ашказанга жеңил отурат. Таза бал менен кумшекер берилип алынган балды айырмалоо кыйын. Себеби аарылар кʏндʏзʏ талаадан бал чогултуп келсе, тʏнкʏсʏн 100-200 грамм шекер берсе, экɵɵ аралашат, кийин тартканда да аралашып, айырмалоо кыйынга турат. Мурун бизден 1-2 кг алгандар азыр бир чака (30 килограммдын тегерегинде) алып калышты. Бул дагы кардарларыбыздын бизге болгон ишениминен кабар берет. Биз да алардын ишенимин актоого аракет кылуудабыз.

-Аарыларды качып кетет дешет. Кандай учурларда качышат?

-Аарылар ар тʏрдʏʏ жагдайда качышат. Жаратылыштын мыйзамына ылайык, аарылар ɵздɵрʏ кɵбɵйʏп, эне аарыларды даярдап чыгарып, бɵлгɵнʏ аракет кылышат. Маселен, бир бал челекте 3-4 эне аары болуп кетсе, алар чогуу тура алышпайт. Бир бал челекте бир ʏй-бʏлɵ болгону жакшы. Башкалары ɵзʏнɵ тиешелʏʏ аарыларды ээрчитип чыгып кетишет. Эне аары жакпай калганда аарылар ɵздɵрʏ башка эне аары жасоого аракет кылышат, табияты ошондой. Ошондуктан узакка кароосуз калтырбоо керек.

— Суук мезгилдер келе жатат. Кышкысын аарыларга кандай кам кɵрʏлɵт?

-Ɵткɵн кыш биз ʏчʏн оор болду. Айылда шаардагыдан катуу суук болот эмеспи. Ошол себептен аарылардын ʏчтɵн эки бɵлʏгʏ ɵлʏп калды. Аларды кайра бɵлʏп, калыбына келтиргени аракет кылдык. Негизи аарылар кɵп ʏшʏй беришпейт, булар ачкалыктан же оорудан ɵлʏшʏ мʏмкʏн. Кандай оору? Аарылар биттейт же ичи ооруйт. Ошого карата ɵздɵрʏнʏн дарылары бар, убагында берип туруу керек. Бул дарылар жаз жана кʏз мезгилинде гана берилет. Ал эми бал алуу мезгилинде бере албайбыз. Себеби лабораториядан чыгып калуусу мʏмкʏн. Маселен, ичи ооруп дарыланган аарылардын балын тартпайбыз, анткени текшерʏʏдɵ билинет. Ошондуктан аралаштырбайбыз. Ошол эле учурда атайын фирмалар даярдаган витаминдер бар экенин угам, бирок колдонуп кɵргɵн жокмун.

Дарылоо атайын ветеринариянын талаптарынын негизинде жаз жана кʏз мезгилдеринде жʏргʏзʏлɵт. Антибиотик же дагы башка нерселерди ɵз алдынча бербейбиз.

-Аарылар ооруганын кантип билесиздер?

-Аарылардын ооруганын кɵрʏп эле байкоого болот. Мисалы, варроатоз деп коет, биттеп кеткенде канаттарында, жондорунда дароо кɵзгɵ кɵрʏнɵт. Эне аары жумуртка таштаган жерге бит да ɵз жумурткаларын таштайт. Аарылар ɵсʏп жетилгиче биттин балдары да жетишет. Булар аарылардын канаттарын жейт, зыяны кɵп. Ошол кезде жакшы кам кɵрʏп дарылайбыз. Ал эми ичи ооруганы бал челектеги аарылар кирип чыккан жерлер булганып калгандан байкалат.

-Лаборатория деп калдыңыз, текшертип турасызбы?

-Ооба, жылда лабораторияга текшертип турам. Бул бирɵɵ ʏчʏн эмес, ɵзʏм ʏчʏн. Анын жыйынтыгын ɵткɵн жылдарга салыштырып, кандай бал алып жатканыма байкоо жʏргʏзɵм. Азыр бардык бал ɵндʏрʏʏчʏлɵр балы таза экенин айтышат. Бирок, балдын таза экенин лаборатория гана тастыктай алат. Тастыктаманы алганда гана бал таза, сапаттуу болуп эсептелет. Кардарлар ʏчʏн да ишеничтʏʏ болот. Кардарларыбыздын кɵпчʏлʏгʏ Ош, Бишкек шаарларында. Ошондой эле Казакстанга, Орусияга да жɵнɵтʏп турабыз. Быйылкы жылы Кытай ачылганына байланыштуу ал жакка да чыгарсак деп пландап жатабыз.

-Абдан жакшы, ийгилик каалайбыз!

Жумагʏл Кочкорбай кызы