28 апреля, 2024

Абдурашит Исанов, Н. Исановдун бир тууган иниси:  «Насирдин агам уулун ɵлтʏрʏп коркутабыз дегендерге да моюн сунбай иштеген»

Ɵлкɵнʏн туңгуч премьер-министри, кɵрʏнʏктʏʏ мамлекеттик ишмер Насирдин Исанов 48 жашында жол кырсыгынан каза болгон. 1991-жылы 29-ноябрда Ош — Жалал-Абад унаа жолунда автокырсыктан каза болгондугу тууралуу жакындары да массалык маалымат каражаттары аркылуу уккан. Тергɵɵнʏн расмий маалыматы боюнча  Исанов бараткан унааны ЗиЛ-130 жʏк ташуучу унаасы сʏзгɵн. Бирок каргашанын чоо-жайы азыркыга чейин ачыкталбай, саясатчынын жакындары тергɵɵ иштерине ишенбегенин айтышат. Мамлекеттик ишмер кɵзʏ тирʏʏ болсо  ушул жылдын 7-ноябрында 80 жашка чыкмак. Быйылкы эгемендик майрамы да президент С.Жапаровдун жарлыгына ылайык, Исановдун 80 жылдыгына карата  Ошто белгиленгени жатат. Бул дегени тарых качандыр бир кʏн ɵз баасын берип, мекенчил инсандардын кɵзʏ ɵтсɵ да тарыхта аты кашкайып жазылып, улам бир келечек муунга ʏлгʏ боло берет дегендик.

Исанов туулуп-ɵскɵн ʏйдɵ азыр маркумдун бир тууган иниси жашайт. «Бул ʏйдʏ агам экɵɵбʏз ɵз колубуз менен курган элек» деген Абдурашит Исанов агасы тууралуу биздин гезитке маек берген эле, кайталап басуудабыз, анткени  улуу инсандын ɵмʏр жолун бир тууганындай билген киши аз эмеспи.

«Кʏндʏзʏ окуса, тʏнкʏсʏн иштечʏ»

— Агам экɵɵбʏз катар чоңойдук. Мен андан 12 жаш кичʏʏмʏн. Кичинекейинен турмушка тың эле де папам кɵп айтчу. Мектепте окуп жʏргɵнʏндɵ тоок багып, жумуртка алып, аны сатып окуу куралдарын, мектеп формасын ɵзʏ сатып алчу экен. Ошол муштумдай кезинен эле апамдардан акча албаптыр. Кийин мектепти аяктап Москвага окууга тапшырды. Биздин ʏйдɵн бир эле ошол агам билимге суусаган инсан болгон. Москвадагы инженердик- курулуш институтуна тапшырып, ал жакта да кʏндʏзʏ окуса, кечинде иштечʏ эле. Эсимде, акчаны ɵзʏ таап, каникул учурунда келип кетчʏ айылга. Курулуш тармагында иштечʏ. Жакасы чоң пальтосу бар болчу, ошону кийип алып окууга жɵнɵсɵ суктана берчʏмʏн.

«Эмгекчилдигин эч кимибиз тартпадык»

-Ал киши менен сʏйлɵшʏп отуруп эс алчумун. Маңыздуу сʏйлɵп, максаттары бийик эле. Кичинекейинде комуз чапчу. Эсимде, ʏйгɵ меймандар келсе чаап бʏтɵ эле комузун колума кармап меймандардын ʏстʏнɵ кирип барыпмын. Ошондо уялганбы билбейм, колумдан комузду алып чыгып кеткен. Намыскɵй эле… Бир кʏнʏ Москвадан каникулда ʏйгɵ келип калды. Биз ал убакта талаадан отун ташыйбыз. Ар келгенде менин мектептеги окуумду текшерип турчу. Мен мектепке барбай, отунга кетип калганым ʏчʏн ачууланып, мени кɵтɵрʏп ошол отундардын ʏстʏнɵ ыргытып жиберген. Оку деп кɵп айтчу. Окууга кɵп ʏндɵдʏ. Ɵтɵ эмгекчил киши эле. Анын эмгекчилдигин эч кимибиз тартпадык.

«Исановдордон жалгыз ɵзʏм калгам…»

— Мен тɵрɵлгɵнгɵ чейин атам  менен апамдын бир уул, бир кызы каза болгон экен. Андан кийинки агам да эрте эле каза болуп калды. Насирдин агам 48 жашында каза болсо, андан кийинки эжем да мени жалгыз таштап кетти. Исановдордон жалгыз ɵзʏм эле калдым… Жашым 72де.

Н. Исанов ɵлкɵнʏн туңгуч премьер-министри болуп шайланганда 47 жашта болчу. Бул кызматта 9 ай гана иштеп калды. Агам каза болгон кʏнʏ мен Бишкекте элем. Жаңы-Базар айылында жаңы мечит салынып, ошого курулуш материалдарын алып келип бергиле дегенинен борборго кеткен элем. Бишкекте бир мейманканада жатсак теледен агамдын каза болгонун уккам. Кийин билсем, апамдар да теледен айтылган жаңылыктардан уккан экен. Биз ишенбеген, таң калган, ачыкка чыкпаган нерселер аябай кɵп. Ал убакта азыркыдай демократия деп кыйкырган эч ким жок. Кɵбʏ коркушчу. Каза болгондон кийин айдоочунун соту жʏрʏп жатканда жеңем балдары ʏчʏн коркуп сотуна барбай койгон. Ɵзʏм барып катышкам. Адашпасам, айдоочуну 8 жылга эркинен ажыраткан. Эч нерсе деп сɵз айткан эмес.  Колу сынган экен, азыр ойлосом колу деле эч нерсе болгон эмес окшойт, жɵн эле таңып коюшкан бекен деп коем. Эл арасында айтылган пикирлер да кɵп. Ɵз кɵзʏбʏз менен кɵрбɵгɵндɵй кийин эч нерсе дей алган эмеспиз.

«Уулун 9-кабаттан ыргытып жиберишкен…»

— Апам анда 80ди таяп калган. Насирдин уулуңуздун балдары ооруп калыптыр дешип Бишкекке алып келишти. Апам билбей эле келген. Мурун учпаган самолеттор учуп, жʏрбɵгɵн унаалар жʏрʏп кеткен. Денеси таза, аппак бойдон экен. Сɵɵгʏ борбордогу опера-балет театрынын алдында ʏч кʏн турган. Жʏзʏн ачып эле, элге кɵрсɵтʏп коюп коюшкан. Эл аябай кɵп келген. Аялдарды жанына отургузуп коюп чет жактан келгендер сɵɵктʏ тегеренип ɵтʏп коштошуп турушкан. Денени катырып коюучу дары менен ʏч кʏн сактаса керек. Ала-Арча кɵрʏстɵнʏнɵ коюшкан.

Ошол убакта кызы Марияны Шеримкуловго келин кылып берген эле. Тайманбас киши болчу. Ɵзʏ каза болгондон 5,6 жыл мурун агамдын тун уулу киши колдуу болуп каза болгон. 9 кабаттуу ʏйдʏн 9- кабатынан ыргытып жиберишкен. Анда Исанов курулуш министри болчу. Уулун ɵлтʏрʏп коркутабыз дегендерге да моюн сунбай ишин уланткан эле.

Агамдын азыр жубайы менен бир уул, бир кызы бар. Жеңемдер борбордо турушат. Уулу менен кызы ата жолун жолдоп саясатта жʏрʏшɵт.

«Тирʏʏ болгондо ɵлкɵнʏ ɵнʏктʏрмɵк…»

— Пландары кɵп эле. Учурда биздин айылда Исанов атындагы мектеп бар. Мектептин ичинде агамдын музейи уюштурулган. Колдонгон буюмдары, эмеректери, иштеткен компьютерлеринен бери сакталган. Улуу инсандын ɵзʏ ɵлсɵ да улуулугу ɵлбɵйт экен. Кайда барбайын фамилиямды айтсам «Насирдин Исановдун тууганы болосузбу?» деп сурап турушат. Кыска убакытта маңыздуу жашап, артынан ɵчпɵс из калтырган экен. Азыркыга чейин эч ким унутпайт. Тирʏʏ болсо ɵлкɵнʏн ɵнʏгʏʏсʏнɵ эбегейсиз салым кошмок.

Башкаларга окшоп мамлекеттин байлыгын жеп калайын, ɵзʏмɵ иштеп калайын деп деле ойлонбоптур. Азыркы мен жашап жаткан ʏйдʏн дубалын ɵзʏ тугузган. Мен кесегин алып берчʏмʏн. Кесиби куруучу болгону ʏчʏн курулуш иштерине башкаларды аралаштырчу эмес.

Акаев менен ат салышкан. 1990-жылдагы президенттик шайлоодо Аскар Акаев менен Насирдин Исанов экинчи турда кʏч сынашкан. Анда Акаев алдыга озуп чыгып, Исанов вице-президент болгонго жетишкен. Кийин саясатчылар чыныгы атаандаштар катары мамлекет башында чогуу туруп, бирге иштешкен.

Бактыгʏл Калдарбай кызы