12 мая, 2024

ЭМНЕГЕ КЫРГЫЗ ТИЛДYY МЕКТЕПТЕРГЕ СУРОО-ТАЛАП АЗ?

“Эртең тилим жоголору чын болсо, анда жакшы бʏгʏн ɵлʏп калганым” деп авар акыны Расул Гамзатов айткандай, бʏгʏн эне тилибизге мамлекеттик деңгээлде олуттуу кɵңʏл буруу талап кылынууда.

Жакында эле ɵлкɵ башчы Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жɵнʏндɵ” конституциялык мыйзамга кол койду. Мыйзам Кыргызстандын жарандарына жана республикада жашаган чет элдиктерге тиешелʏʏ. Анда кыргыз тилинин колдонулушунун жана тил саясатын мамлекеттик деңгээлде жʏргʏзʏʏнʏн укуктук негиздери белгиленген.

Ошондой эле анда кыргыз тилин билʏʏгɵ жана ɵз ишинде колдонууга милдеттʏʏ адамдардын тизмеси кɵрсɵтʏлгɵн. Ага мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген, ошондой эле жеке мекемелердин кызматкерлери кирет.

Мындан тышкары, мыйзамда:

-чет ɵлкɵлʏк уюмдардын аталыштары мамлекеттик тилде транслитерациялоо менен жазылары;

-менчигинин формасына карабастан телерадиокомпаниялар ɵз берʏʏлɵрʏнʏн 60% кем эмесин мамлекеттик тилде алып барышы керектиги;

-орус тили Кыргызстанда расмий тил катары пайдаланылары айтылат.

“Кыргызстан ɵзʏнʏн аймагында жашаган бардык этностордун ɵкʏлдɵрʏнʏн тилдерин эркин пайдалануу принцибин карманат жана бул тилдерди ɵнʏктʏрʏʏ ʏчʏн шарттарды тʏзʏʏгɵ кепилдик берет. Ар бир жаран эне тилин сактоо, окуп-ʏйрɵнʏʏ жана ɵнʏктʏрʏʏ ʏчʏн шарттарды тʏзʏʏгɵ укуктуу”, — деп жазылган документте.

Ал арада ɵлкɵдɵ кыргыз тилдʏʏ мектептердин азайганы коомчулуктун кɵңʏлʏн буруп, чоң талкууга жем таштады. Биз бʏгʏн ушул тууралуу кеп кылабыз.

“БАЛДАРЫМ ТАПТАКЫР КЫРГЫЗЧА ТYШYНБƟЙТ”

Ош шаарынын тургуну Багдагʏл айым эки баланын энеси. Ал жолдошу менен Орусияда миграцияда жʏрʏп, балдары да ошол жактан билим алып калган. Учурда улуу баласы 5-класска кɵчсɵ, кичʏʏсʏ жаңыдан мектеп босогосун аттаганы турат. Балдары кичинекейинен Орусияда ɵсʏп, бала бакчада тарбиялангандыктан, экɵɵ тең орус тилинде ой жʏгʏртʏп, кыргыз тилин тʏшʏнбɵй тургандыгын айтат. Эми гана шаарда ʏй-жайын тʏптɵгɵндɵ балдарын кыргыз класска берип, ɵз эне тилин ʏйрɵтʏʏнʏ каалайт. Бирок, бул канчалык натыйжасын береринен кыжаалат. Анткени Оштогу мектептердин басымдуусунда кɵбʏнчɵ орус тилинде сабак окутулуп, окуучулар орус тилинде сʏйлɵшɵрʏн кошумчалады:

 -Балдарым таптакыр кыргызча тʏшʏнбɵйт. ʏйдɵ жолдошум экɵɵбʏз кыргызча сʏйлɵшɵбʏз, бирок балдарым бала бакчадан орусча ʏйрɵнʏп, чɵйрɵсʏ да орус тилдʏʏ болуп калгандыктан, кыргызча билбей калышты. Мындан улам жолдошум экɵɵбʏз тең балдарга орусча сʏйлɵйбʏз. Албетте, бул бизди кейитет. Биз да балдарыбыз эне тилинде эркин ой жʏгʏртʏп, сʏйлɵй алган, ошол эле учурда башка чет тилдерди да билген инсан болушун каалайбыз. Эми ʏй-жайыбызды тʏптɵп алдык. Орусиядан кɵчʏп келдик. Буюрса, балдарымды шаардагы кыргыз класстарга жайгаштыруудабыз. Алгачкы жылы кыйналышат эми, бирок кɵнʏп кетишине колдон келген жардамды кɵрсɵтɵбʏз, — дейт ал.

“КЫРГЫЗ-ОРУС ТИЛДЕРИН БИРДЕЙ АЛЫП КЕТСЕ ДЕГЕМ…”

Миграцияда жʏргɵн жарандарыбыздын бири Алима да эки баласын жанына алдыртып, Орусиядагы мектептерге жайгаштырган. Ал алгачкы жылдары жайкы каникулдарда балдары кыргызча унутуп калбоосу ʏчʏн Кыргызстанга жɵ нɵтʏп турган. Бирок, кийинчерээк мектептеги мугалимдери орус тилин жакшы ɵздɵштʏрɵ албай унутуп калып жаткандыгын айтып даттанганда мекенине жиберʏʏнʏ убактылуу токтоткон:

-Уулум менен кызымды жакшы иштеп баштаганымда жаныма алдыртып, ушул жакта мектеп менен бала бакчага жайгаштыргам. Уулум мектепке 1-класска ушул жакта барган, азыр 4-класс. Чɵйрɵсʏ ɵзгɵргɵндɵ башында бир аз кыйналышкан, кийин кɵнʏп, орус тилин бат эле ʏйрɵнʏп кетишти. Мен да ʏйдɵ аларга тил билʏʏсʏнɵ жардам болсун деп орусча баарлашчумун. Кийин эне тилин унута башташыптыр. Мындан улам эки тилди бирдей алып кетсин деп, каникулда Кыргызстанга жɵнɵтʏп турчумун. Окуу жылы башталганда кыргызча сʏйлɵп, орус тилин унута тʏшʏп келишет. Мугалимдери тарабынан даттануу болгондуктан, быйыл каникулда жɵнɵткɵн жокпуз, — деп билдирди.

Албетте, бул миграциядан улам келип чыккан шарт. Анткен менен башка тилде суудай сʏйлɵп, ɵз эне тилин билбеген баласы менен сыймыктанган арабызда канчалар жʏрɵт. Башка тилди ʏйрɵнʏʏнʏ чектегиң келбейт, азыр кɵп тил билгендердин заманы эмеспи. Кыргызда “Канча тил билсең, ошончо дил билесиң” деп да коюшат. Бирок, ɵз эне тилиңди чанып же унутта калтыруу туура эмес экендигин белгилеп койгум келет.   

“КЫРГЫЗ ТИЛДYY КЛАССТАРГА СУРОО-ТАЛАП ЖОККО ЭСЕ”

Эл арасында эне тилге болгон мамиле салкын сезилет. Баласын орус тилдʏʏ бала бакчага, мектепке окуткусу келген ата-энелер четтен чыгат. Ал эми кыргыз класстарын издеген ата-энелер ондун биринде гана кездешет. Бул пикирди “Уникум”билим берʏʏ комплексинин жетекчиси Гʏлбайра Умарова да тастыктайт. Анын айтымында кыргыз класска болгон суроо-талап жокко эсе.

-Жеке мектептер суроо-талапка ылайык иш алып барышат. Ата-энеден кыргыз тилдʏʏ класстарга суроо-талап таптакыр болбосо, анда ачуудан пайда жок. Мындан 3-4 жыл мурда кыргыз класс ачканыбызда ʏч гана ата-эне сураган. Кɵбʏнчɵ ата-энелерде орус класска болгон суроо-талап кʏч, анан мугалим да орус улутунан болушун каалашат. Быйыл да кыргыз тилдʏʏ класс ачалы деп аракет кылдык, бирок эки гана ата-эне кызыктар болду. Себеби кɵпчʏлʏк ата-энелер Орусияда иштешет, ал жак менен жашоосу байланышкан, барып-келип турушат. Ошондуктан, эгерде баласы орус тилинде сʏйлɵй алса, Орусияга мектепке которуп кетʏʏ жеңил болот. Ошол себептʏʏ да орус тилдʏʏ классты тандашат.

Биздин мектепте кыргыз тили мамлекеттик программанын негизинде жумасына ʏч жолу окутулат. Андан сырткары кыргыз тилин ɵнʏктʏрʏʏгɵ арналган атайын клуб бар. Анда сармерден сыяктуу оюн-зооктор уюштурулуп, жомокторду окуп, тасмаларды кɵрʏп, талкуулап, ар кандай сынактарды уюштуруп турушат. Анткен менен орус, англис тилдʏʏ мектептерде ар кандай ыкма  колдонулуп жатканы менен баары бир аздык кылат, ʏйдɵ да кɵбʏрɵɵк эне тилде сʏйлɵɵ керек.  

Мамлекеттик тилди колдоо боюнча жарандарга суроо салганыбызда тɵмɵндɵгʏдɵй жоопторду алдык.

Кушбак Шайиев, Ош шаардык Кеңешинин депутаты:

“КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ МААЛЫМАТТЫ КƟБƟЙТYYБYЗ КЕРЕК”

-Биринчиден, кыргыз тилди баркташыбыз керек, сакташыбыз керек! Сʏйлɵшʏбʏз керек! Бул туура маселе. Мен колдоймун! Бирок маселе башкада болуп жатат. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ мамлекетибизде иш кагаздарыбыз толук 100% кыргызча боло элек. Кыргыз тилинде дʏйнɵдɵгʏ болуп жаткан акыркы маалыматтарды, ачылыштарды, акыркы жаңылыктарды кыргызча окуй алабызбы? Албетте, жок. Мектепте окутуп жаткан балдарыбызга кыргыз тилинде дʏйнɵнʏн деңгээлинде  билимин ɵркʏндɵтɵ алабызбы? Мен балдарымдан кыргыз тилин билишин жана так сʏйлɵшʏн талап кылам. Бирок кыргыз тилинде ой жʏгʏртсɵк дʏйнɵгɵ тең келе алабызбы деген маселе бар. Мен да жаран катары кыргыз тилинин ɵркʏндɵшʏн каалаймын, бирок биз биринчи кезекте кыргыз тилинде маалыматты кɵбɵйтʏʏбʏз кажет. Кыргыз тилинде балдарыбызга жетиштʏʏ маалымат болуусу зарыл.

Айгулья Атабекова, Ош шаардык Кеңешинин депутаты:

“ƟЗ ЭНЕ ТИЛИБИЗДИ БИЛБЕЙ ТУРУП, БАШКА ТИЛДИ YЙРƟНYП ЖАРЫТПАЙБЫЗ”

-Мамлекеттик деңгээлде кыргыз класс ачылышын колдойм. Себеби ɵз эне тилибизди толук билбей туруп, башка тилди ʏйрɵнʏп деле жарытпайбыз. Аны ɵткɵн убакыт тастыктап жатат. Же кыргызча толук билбей же башка тилди жарытпай ортодо же ары, же бери эмес болуп калдык. Ошондуктан мамлекеттик мектептерде дагы да болсо кыргыз тилин терең окутуп, жаңы кыргыз класстары ачылышы керек жана пайдалуу. Менин уулум шаарыбыздагы кыргыз класста окуйт. Кыргыздын нукура таза сɵздɵрʏн ʏйрɵткɵнʏ аракет кылам. Тʏшʏндʏрʏп, жомок айтканда колдонуп, себеби жомок баланын элестетʏʏсʏн, кабыл алуусун ɵздɵштʏрʏп, эске тутуусун калыптандырат.

Айнура Асамидинова, шаар тургуну:

-Кыргыз тили жɵнʏндɵ канча мыйзам жазылса да, муктаждык жаралбаса сʏйлɵтɵ албайбыз. Мамлекеттик тилге муктаждык жаратуунун ʏстʏндɵ иштɵɵ керек. Муктаждык болсо, ата-энелер балдарын кыргыз тилдʏʏ мектептерге берип, билбегендер ɵздɵрʏ эле ʏйрɵнʏшɵт. Англис тилин эч ким зордоп ʏйрɵтпɵйт, муктадык бар болгон ʏчʏн акча тɵлɵп окушууда.

Бектур Мырзаев, шаар тургуну:

-Кыргыз тилдʏʏ билим берʏʏ мекемелерде билим берʏʏ сапаты кɵп адамды канааттандырбагандыктан да орус тилдʏʏ мектептерге басым кɵп болушу мʏмкʏн. Же ата-энелер ɵздɵрʏ кезинде орус тилин же дагы башка тилди билбей, басымга кɵп кабылгандыктан, балдарын чет тилдерин ʏйрɵнʏʏсʏн каалат. Бул жана башка маселелер эне тилибизди экинчи орунга коюп коюуда.

Жумагʏл Кочкорбай кызы