8 сентября, 2024

Халил кары: “НЕРВИ БЕКЕМ, ТYШYНYГY КЕНЕН АДАМГА ЭЧ КАНДАЙ ЖИН ЗЫЯН БЕРЕ АЛБАЙТ”

Акыркы кезде адамдар арасында руханий оорулардан жабыркагандар кɵп экенин психолог менен молдолорго кайрылгандардан билсек болот. Айрыкча кара дуба, сыйкыр, кɵз тийʏʏ, жин кирʏʏ сыяктуу дартка чалдыкканын, жʏрɵгʏ сыгылып, психикалык абалы оор болгонун, иши жʏрʏшпɵй жатканын айткандар бар. Мындай оорулардын кɵбɵйʏʏсʏнɵ эмне себеп болууда, ал тууралуу бизге Сулайман-Тоо мечитинин кызматкери Халил кары айтып берет.

“ЖИН АДАМДЫН ПСИХИКАСЫН ГАНА БУЗУП КОЁТ”

-Азыркы учурда кайрылгандардын кɵбʏнʏн маселелери: жʏрɵк сыгылуу, уйкусуздук, кɵңʏлсʏздʏк, жашоого болгон кызыгуусу кетип, жаш-кары экенине карабай энергиясы жок, алсыз болгон белгилер менен келишет. Ошол эле мезгилде кээ бир молдокелер социалдык тармактар аркылуу “эгерде ушул белгилер сизде болсо, демек сыйкыр, жин бар” деп айтышууда. Андай маалыматтардан соң адамдар “мени дубалап коюшкан же кɵз тийген” деген ишенимди ɵзʏндɵ калыптандырып, психикалык жактан ɵзʏн жеп, дем салдырууга ɵтʏшʏʏдɵ. Негизи сыйкыр, жин илими бар. Куранда Аллах Таала “Адам жана жинди жараттык” деп айткан. Ошондой эле Рахман деген сʏрɵɵдɵ “Биз жиндерди оттун жалынынын бʏтʏп аткан жеринен жараттык” деп айтылат. Муну талдаган аалымдардын сɵзʏ боюнча жин тʏтʏн, аба сыяктуу болот. Ал адамга физикалык жактан таасир эте албайт. Ал адамдын кан тамырында кан менен кошо айланып, психикасын гана бузуп коет. Психикасы бузулган абалда адам кɵп жʏрʏп калганда медициналык ооруларга чалдыгып баштайт.

“ПАЙГАМБАРЫБЫЗ БИР ГАНА ЖОЛУ ДЕМ САЛГАН, АЙЛАП ЭМЕС”

-Бизде кɵпчʏлʏк адамдардын “мени сыйкырлап койгон” деген жʏйɵ менен молдолорго барып, айлап-жылдап дем салдырып жʏргɵндɵрдʏн аягы жакшы болгон эмес. Себеби дем салып жаткан айрым молдолор да сыйкыр илими тууралуу ɵздɵрʏ деле анчейин биле беришпейт. Мисалы, биз жогоруда айткандай, кан тамыр аркылуу айланып тургандыктан, тамырын басып кɵрʏʏ аркылуу Жараткандын жардамы менен белгилерди байкап, так диагноз коебуз. Эгерде болсо белгилери билинет, биринчи кʏнʏ окуп чыгарып коебуз. Калган эки кʏн кайталанып калбоосу ʏчʏн текшерилет, болду ушул эле. Мухаммед Пайгамбарыбыздын дагы дем салуу сʏннɵтʏ, эрежеси бир гана жолу болгон. Пайгамбар эч качан жумалап, айлап дем салган эмес. Бир-эки кʏн дем салынды, жакшы болгон жоксуңбу, анда сен дарыгерлерге кайрылышың керек. Тилекке каршы, кээ бир молдолорубуз кара дуба деген диагнозду коюп алышып, адамдарды кыйнап коюшууда.

БУЛ ООРУЛАР КАЙДАН ЧЫГУУДА?

-Кээ бир дин ɵкʏлдɵрʏ, молдолор “Азыр адамдар намаз окубай, дааратсыз жʏрʏп, динден алыс болгон ʏчʏн адамдарга ушундай нерселер жабышууда” деп тʏшʏндʏрʏшɵт. А союздун маалындачы? Анда адамдар ал тургай динди жакшы таанышкан эмес. Динсиз болушкан, бир айылда бир гана молдо болгон. Мына ошол маалда адамдар бʏгʏнкʏдɵй ооруп, сыгылып, суицидке барып, жатып калышы керек эле да. Бул туура эмес маалымат. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ адамдардын руханий оорулар менен жабыркап жатканынын себептери адамдарда каалоо ɵтɵ кʏчɵп кетти, шʏгʏрчʏлʏк азайды. Колунан келбей турган нерселерди каалап алып, ал ишке ашпай жаткандыктан адамдардын жан дʏйнɵсʏ кыйналууда. Бар барынча, жок алынча жашаса, мындай оорулар болмок эмес. Экинчиси уйкусуздук басууда. Адам жакшы уктабай калганда сɵзсʏз кыжаалатчылык басып, жʏрɵгʏ сыгылып, ооруп баштайт. Себеби мээсинде жакшы эс алуу жок, дайыма чарчоо менен жʏрɵт. Мээде чыңалуу орун алып, кан тамырлар ичкерип, кан айлануу начарлаганда, адамда ар тʏрдʏʏ оорулар пайда болот. Ошол ʏчʏн депрессия менен сыйкыр, жин ооруларынын белгилери окшош болот.

Мындай оору негизинен адамдардын мʏнɵзʏнɵ да байланыштуу болот. Мʏнɵзʏ оор, тʏшʏнʏгʏ чектелʏʏ, адамдар менен мамиле тʏзɵ албаган, эгоист, жаратылыштан назик болгон, таарынчаак адамдар кɵбʏрɵɵк чалдыгат. Себеби андай адамдар дайыма нерв системаларына кʏч келтирип жашап, ички органдарды жабыркатат.

Ошондуктан, жашоону жакшы кɵз караш менен карай билʏʏ керек.

АДАМГА ЖИН КАНТИП КИРЕТ?    

-Адамда жин кирʏʏ каналдары бар. Жараткан муну нервдерге байлап койгон. Адам ɵтɵ катуу чочуганда же жинденген маалда нервди секунддарга кое берет. Ошол кезде жин кирип кетʏʏ коркунучу бар, эгер жанында жʏргɵн жин болсо. Ал эми сыйкыр жасалма жол менен болуп, буюртма алган жин сиздин жогоруда айткандай абалыңызды кʏтʏп жаныңызда жʏрɵт да каналдар ачылганда кирет. Канал ачылбаса кире албайт. Аллах Таала жиндерге адамдын канында жʏрʏʏ ырахатын берген экен. Ошол ʏчʏн алардын каалоосу адамдын канына кирʏʏ. Бирок, кирʏʏ да абдан кыйын, киргенден соң чыгаруу да кыйын.

“КƟЗ ТИЙYYДƟ ЭЧ КАНДАЙ ЖИН, ШАЙТАН ЖОК”

-Кɵз тийʏʏ, назар ɵтʏʏ жашоодо бар нерсе, экɵɵ бир эле тʏшʏнʏктʏ туюнтат. Кɵз тийʏʏдɵ эч кандай жин, шайтан жок. Болгону жашоодо терс энергиялуу адамдар жаралат. Мындай адамдар кɵзʏндɵ кара энергия бар экендигин ɵздɵрʏ деле билбейт, билген кʏндɵ да атайылап кимдир бирɵɵгɵ кɵз тийгизе албайт. Алар жашоодо жакшы адамдарды же баалуу нерселерди жан дʏйнɵсʏ менен катуу суктанып караганда гана кɵзʏндɵгʏ терс энергия таасир этет, болгону ошол. Кɵз тийʏʏнʏ да кезинде дем салдырып койбосо, адам алсыз болуп, нерв системаларына таасир этип, жин кирʏʏ жолдорун ачып салуу коркунучу бар. Бирок, андай адамдар ɵтɵ сейрек болушат жана алардын терс энергиясы ар кандай деңгээлде болушу мʏмкʏн. Бирɵɵнʏкʏ суктанган нерсесин дароо жыкса, экинчиники анчейин таасир этпеши ыктымал. Бул тууралуу пайгамбарыбыз да “Кɵз тийʏʏ – адамды мазарга, тɵɵнʏ казанга алып барат” деп белгилеген.

Негизи адамга руханий зыян бере турган кɵз тийʏʏ жана сыйкыр гана. Жараткан адам менен жиндердин ортосунда парда койгон делет. Ал парда нерв системасы. Нерви бекем, тʏшʏнʏгʏ кенен адамга эч кандай жин зыян бере албайт.

Рак, кант диабети, шал ооруларынын эч бири адамды суицидке алып барбайт. Бир гана жан дʏйнɵ оорусу адамды ɵзʏнʏн жанын кыюуга жеткирет. Анткени жан дʏйнɵсʏ жабыркаган адамга эч бир жерде тынчтык жоктой сезилип, жашоосу кыйынга айланат. Андыктан жашоого шʏгʏрчʏлʏк менен карап, топук кылып жашоо адамды жогоруда айтылган оорулардан сактайт.

Жашоосун ɵзгɵртɵ турган адам ɵзʏ гана, жашоодо башка сыйкырчы жок. Мына ошону тʏшʏнʏп жеткенде жашообуз жакшырат.

Жумагʏл  Кочкорбай кызы