27 июля, 2024

XX сессия. “Жаңы курулган жɵɵ ɵтмɵктʏн ʏстʏ жабылбайт”

Ош шаардык Кеңешинин кезектеги ХХ сессиясы болуп ɵттʏ. Ага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, шаардык Кеңештин тɵрагасы Салман Назылбеков, депутаттар, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана массалык маалымат каражаттарынын ɵкʏлдɵрʏ катышты. Жыйынды Ош шаардык Кеңешинин тɵрагасы Салман Назылбеков ачып, жаңы мандат алган «Улуттар биримдиги» депутаттык фракциясынын мʏчɵсʏ Алымбек Эргешовду тааныштырды. Аталган партиядан дагы 3 депутат мандатын мɵɵнʏтɵн мурда тапшырганына байланыштуу, жаңы депутаттар мандат алган соң кийинки сессияларга чакырыларын билдирди.

“984 жаңы жумуш орундары тʏзʏлдʏ”

 Кʏн тартибинде жалпы 15 маселе каралды. 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылышы тууралуу Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов пландаштырылган социалдык-экономикалык кɵрсɵткʏчтɵр ɵсʏʏ темпи менен жыйынтыкталганын билдирди.

“Ош шаарынын мэриясы бюджетти кɵбɵйтʏʏ, жашырылган салыктарды алып чыгуу, контролдук-кассалык аппараттарды орнотуу боюнча салык кызматы, ички иштер органдары жана муниципалдык аймактык башкармалыктар менен биргеликте иш алып барууда. Быйылкы жылдын 6 айында Ош шаарынын жергиликтʏʏ бюджетинин киреше бɵлʏгʏнɵ трансферттерди, атайын каражаттарды кошкондо 1 миллиард 104 миллион 96 миң сом жыйналып, 2022-жылдын тийиштʏʏ мезгилине салыштырганда 74 млн. 599 миң сомго, же 7,3 пайызга кɵбɵйгɵн. Ош шаарынын ɵнɵр жай ишканалары тарабынан 2023-жылдын январь-июнунда 4 миллиард 85,5 миллион сомдук продукция ɵндʏрʏлʏп, ɵткɵн жылга карата физикалык кɵлɵмдʏн индекси 89,8 пайызды, ал эми ɵсʏʏ темпи 112,8 пайызды тʏзʏп, 2022-жылдын тийиштʏʏ мезгилине салыштырганда 463 млн. сомго кɵбɵйдʏ. Ɵнɵр жай багытында 71 ишкана ачылып, 450 жаңы жумуш оруну тʏзʏлʏп, 213 миллион сом инвестиция тартылды. Рыноктук тейлɵɵлɵрдʏн кɵлɵмʏ 47 миллиард 597 миллион сомду тʏзʏп, 2022-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 8 пайызга, же 10 миллиард 471 миллион сомго жогорулады. Бул багытта 492 чарба жʏргʏзʏʏчʏ ишканалар жаңыдан ачылып, 984 жаңы жумуш орундары тʏзʏлдʏ.

Таза суу кɵйгɵйʏнʏн этабы менен чечилиши

-Курулуштун дʏң продукциясынын жалпы кɵлɵмʏ 2023-жылдын январь-июнуна карата 2 миллиард 157 миллион сомду тʏзʏп, ɵткɵн жылга салыштырганда 5,2 пайызга, же 205 миллион сомго кɵбɵйгɵн. Негизги капиталга тартылган инвестициянын кɵлɵмʏ 1 миллиард 396 миллион сомду тʏзʏп, ɵткɵн жылга салыштырганда 5,7 пайызга, же 137 миллион сомго кɵбɵйгɵн. Быйылкы жылы курулуш иштерине жергиликтʏʏ бюджеттен 900 миллион сом бɵлʏнʏп, ɵткɵн жылга салыштырганда 360,5 миллион сомго, ал эми республикалык бюджеттен 300,0 миллион сом бɵлʏнʏп, ɵткɵн жылга салыштырганда 71 миллион сомго кɵбɵйдʏ. Ош шаарынын тургундарын таза суу менен камсыздоо кɵп жылдан бери негизги кɵйгɵй болуп келген жана бул маселе этап-этабы менен жергиликтʏʏ бюджеттин эсебинен чечилип жатат. 1-этапта эски иштебей турган 6 скважина калыбына келтирилип, жаңы 6 скважина бургуланып, суу чыгарылып, негизги суу тʏтʏктɵрʏнɵ уланды. 2-этапта сыйымдуулугу жалпы 24000 куб метрди тʏзгɵн 4 суу кампасынын курулушу бʏткɵрʏлʏп, Кыргыз Республикасынын кɵз карандысыздык кʏнʏн белгилɵɵнʏн алкагында 31- август кʏнʏ пайдаланууга берилди. Кызыл-Кыштак жылгасындагы сел агып тʏшкɵн жердин ʏстʏнɵн ашар жолу менен 8,0 миллион сом акча каражатына диаметри 1000 мм болгон 750 метр суу тʏтʏкчɵсʏ Озгур суу тазалоочу станциясына тартылды. Ал суу тʏтʏгʏ аркылуу суткасына 45-50 миң куб суу станцияга толтурулат. Бул 6 миң кубдук 8 суу кампаны алмаштырат. Ал эми 3-этапта Азия ɵнʏктʏрʏʏ банкынын Кызыл-Кыштак жылгасындагы сел агып тʏшкɵн жердин ʏстʏнɵн 2,4 километр болгон аралыкка диаметри 1000 мм болгон суу тʏтʏгʏн орнотуу жана жаңы суу коргонун куруу менен “Ош шаар суу канал” муниципалдык ишканасынын плотинасына кошуу долбоору боюнча иштер быйылкы жылдын 3 кварталында башталат.

Жол инфраструктурасын жакшыртуу, унаа тыгындарын жоюу максатында аткарылган иштер:

-Увам кɵчɵсʏнɵ асфальт тɵшɵɵ, Р.Абдыкадыров кɵпʏрɵсʏн оңдоп-тʏзɵɵ, ирригациялык тʏйʏндɵрдʏ оңдоо, тротуар куруу иштери бʏткɵрʏлʏп, жол пайдаланууга берилди;

-А. Масалиев кең кɵчɵсʏнʏн И. Раззаков кɵчɵсʏнɵн Ж. Шамшиев кɵчɵсʏнɵ чейинки аралыгын реконструкциялоо иштери бʏткɵрʏлдʏ. Жолдун узундугу 3 чакырым, туурасы 28 метрди тʏздʏ;

-А. Масалиев жана А. Навои кɵчɵлɵрʏндɵгʏ жɵɵ жʏргʏнчʏлɵр жʏрʏʏчʏ ɵтмɵктʏн курулуш иштери бʏткɵрʏлдʏ;

-Алай кɵчɵсʏндɵ ушул тапта асфальт тɵшɵлʏп жɵɵ жʏргʏнчʏлɵр жʏрʏʏчʏ жол курулуп жатат;

-Ленин кɵчɵсʏндɵгʏ жолго тирɵɵч дубал куруу иштери жʏргʏзʏлʏп, тирɵɵч дубалдын узундугу 90 метрди, бийиктиги 6 метрди тʏздʏ;

-Ленин кɵчɵсʏн Мамажан кɵчɵсʏнɵн Загородный кɵчɵсʏнɵ чейин асфальт тɵшɵɵ, тротуар куруу, жашылдандыруу, жарыктандыруу иштери жʏргʏзʏлдʏ. Жолдун узундугу 1 чакырым;

-Ош-Бишкек жолунун “Т” кесилишинен шаарга кирген жолдогу темир жолго ɵтмɵк куруу иштери бʏткɵрʏлʏп жатат.

Аталган жолдорду кеңейтʏʏ жана куруу иштеринин жыйынтыгында шаар аймагындагы жол тыгындары маселеси болжол менен 30 пайызга чечилет. Жыл аягына чейин жалпы узундугу 8 чакырымды тʏзгɵн жɵɵ жʏргʏнчʏлɵр жʏрʏʏчʏ жолдорду куруу пландалган”.

Отчет угулган соң суроо-жооп бɵлʏгʏндɵ депутаттар шаардагы тʏрдʏʏ маселени кɵтɵрʏштʏ.

“85 жылдык мектептин имаратынын эскилиги жетти”

Депутат Жамал Ормонова:

-Шаарыбыздын так ортосунда жайгашкан Киров мектеби 85 жылдан бери кызмат кылып келе жатат. Имараты аябай эски. 1100 окуучуга ылайыкташкан болсо, учурда 3700 окуучу окуйт. Бир класста окуучулардын саны 50-60 ка чейин жеткен. 2018-жылы Жогорку Кеңеште кошумча корпус куруу боюнча уруксат берилгени менен кандайдыр себептерден улам иш токтотулуп калыптыр. Жыйында аталган маселе боюнча Ош шаардык мэриясы келген долбоорлордун баарына изилдɵɵ жʏргʏзгɵн. Тилекке каршы, Киров мектебинин территориясы туура келбейт. Ээлеген аймагы тардык кылат.

‘Жандандыруу бɵлʏмʏн тез арада ачуу керек”

Данияр Абдуллаев Ош шаардык тɵрɵт ʏйʏнɵ барып, реанимацияга келген адамды реанимация жок болгон ʏчʏн башка жакка алып баратканына кʏбɵ болгонун айтып, жандандыруу бɵлʏмʏн тез арада ачуу керектигин сунуштады. Ал эми Болот Баетов профсоюздун мыйзамсыз сатылган мʏлктɵрʏн кайтаруу талабын кɵтɵрдʏ. Ош эс алуу ʏйʏ эки жылга ижарага берилип кеткен. Ош шаардык прокуратурасынын коррупцияга каршы бɵлʏмʏнʏн башчысы Канат Насипов профсоюздун эки гектар аянты жана онго жакын мʏлктɵрʏ сатылып кеткенин айтып, иш соттук кароого жɵнɵтʏлгɵнʏн билдирди.

“Аялдамалардын эртерээк бʏтʏшʏн колго алуу кажет”

Эмилбек Раимов: “Майрам ɵткɵндɵн кийинки анча-мынча жумуштар бир аз солгундай тʏштʏ. Мисалы, аялдамалар. Алдыда кʏз-кыш мезгилери келе жатат,  муниципалдык менчик башкармалыгы ушунун эртерээк бʏтʏшʏн кɵзɵмɵлгɵ алсаңыздар”,-деди. Ал эми депутат Медербек Абдыманапов “Кыргызстанда жок деп салган жɵɵ ɵтмɵгʏбʏздʏн ʏстʏ жабылса, алдыдагы кыш мезгилдеринде тургундарга чыгып- тʏшʏʏдɵ кыйынчылыктар жаралбас эле” деген оюн билдирди. Бирок, курулуш адистери башка ɵлкɵдɵ курулган ɵтмɵктɵргɵ да карап чыгып, шаардын архитектуралык кооздугу ʏчʏн жɵɵ ɵтмɵктʏн ʏстʏн ачык калтыруу чечимин кабыл алган. Ɵтмɵктʏн аянты ɵтɵ чоң эмес. Жамгыр жааган кезде суусу агып тʏшʏʏсʏнɵ шарт тʏзʏлгɵн жана жарандардын тʏшʏп кетʏʏ коопсуздугу да кылдат каралган. Мындан сырткары сессиянын жʏрʏшʏндɵ окуучулардын тамагына кошумча акча бɵлʏп берʏʏ, инвестиция, таштанды полигону, таза суу, ооруканалардагы башаламандыктар боюнча кɵптɵгɵн маселелер каралып, тийиштʏʏ токтомдор кабыл алынды.

 Айжылдыз Тойчиева