27 июля, 2024

Кыргыз тили – мамлекет тарабынан эле колдоого эмес, колдонулууга  муктаж

Эмнегедир кыргыз тили тууралуу жыйын аз болот. Эл аралык эне тил кʏнʏндɵ же 23-сентябрь мамлекеттик тилдин урматына тил кафедраларында же бакча, мектептерде иш-чаралар ɵткɵрʏлɵт. Жылда ошол эле кɵрʏнʏш, жылда ошол эле сынак… жылдары гана, жеңʏʏчʏлɵрʏ гана башка… Чын эле ушундайбы, биз эне тил тууралуу кеп кылабыз.

Каныбек Осмоналиев:

“Тилсиз мамлекет куруу да мʏмкʏн эмес”

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын тɵрагасы Каныбек Осмоналиев Ошко келип, жаңы кабыл алынган тил мыйзам боюнча кеңири баяндап берип, кайрылуу жасады. 

Ардактуу мекендештер!

-Коомдук цивилизация ɵнʏгʏʏнʏн эң жогорку чегине жетип турган кездеги бийиктигин да тилдин кубаты аркылуу туюндуруп берет. Эл коомдун бир бɵлʏгʏ, элди эл кылып турган анын тили экенине тереңден баа берʏʏгɵ мезгил келип жетти. Ар бир тил ɵзʏнʏн табиятынан бузулбай сакталышы керек. Илим жана техника, электроника доору гʏлдɵп турган кезде биз аз жерден эң баалуу ыйык тилибизди жоготуп алуу чегине жакындай тʏштʏк. Анткени смартфондун кʏчʏ тилдин касиетин,  негизги кубатын сʏрʏп чыгарып коё жаздады.

Тил адамдын басып ɵткɵн тарыхый доорун, жашап жаткан коомун ошондой эле  эртеңки тагдырын  да аныктай турган кудуретке ээ жана улуттун улут болмогунун негизги белгиси!

Тилсиз мамлекет куруу да мʏмкʏн эмес, ал эми тили болбосо миңдеген кылымдар жашап келген эл болсо да,  аларды жок болуп кетʏʏ тагдыры кʏтɵт.  Тилге абдан кɵңʏл бɵлʏп жатканыбыздын негизги себебинин бири биз жашап жаткан коом, адамдык таасир. Мунун мааниси тереңде…

Урматтуу мекендештер, жакында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жɵнʏндɵ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы кабыл алынып, 2023- жылдын 17-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду. Бул тарыхый учур, жаңы Кыргызстанды куруунун бир ɵңʏтʏн ээлейт.

Кыргыз эли дʏйнɵ элдеринин ичинен да эң байыркы сап башында турабыз. Конституциялык макамга ээ болгон Мыйзамды  кабыл алуу ʏчʏн биз узак жол бастык. Эми жан дʏйнɵбʏздʏн эң эле баалуу азыгы болгон  тилибизди сактоого, коргоого, аздектеп колдонууга ар бирибиз милдеттʏʏбʏз.

Эзелтен тил баарлашуунун негизги куралы болуп келет, мамлекетибиздеги тил саясаты улуттар аралык ынтымакты бекемдɵɵнʏ, эне тилибизди коргоону, ɵнʏктʏрʏʏнʏ жана колдонууну кɵздɵйт!

Кыргыз тили – мамлекет тарабынан эле колдоого эмес, колдонулууга  муктаж. Жалпы калайык-калк жапатырмак колдоого албаса, жалаң мыйзам кабыл алуу менен тилибиз ɵнʏкпɵйт. Тил ɵзʏнʏн ички ɵнʏгʏʏ мыйзамдарына  баш иет жана туруктуу эрежелердин ченемин сактайт.

 Кʏн сайын, саат сайын, бала бакчадан тартып мамлекеттик кызматкерге чейин коомдук турмуштун бардык тармактарында, иш кагаздарынын жʏгʏртʏлʏшʏндɵ, жалпы укуктук  ченемдик актыларды жазууда, илим тармактарында мамлекеттик тилди колдоно албасак эгемен экенибиздин белгиси  кайсы? Тилибиздин  кʏндɵн-кʏнгɵ ааламдашуу доорунун таасиринен улам сʏрʏлʏп бара жаткандыгы жалганбы?!

Эне сʏтʏ менен берилген – эне тил “Манас” шедеврине катылган, ал муундан-муунга уланып келаткан нарк-насил, каада-салт, улуттун ɵзɵгʏ экендигин айкындап турат.  Тилибиздин тазалыгы ʏчʏн кʏрɵшɵлʏ, аны байыталы, баалуулукту сактай  билели. Ɵз тилиңде эки сɵз билбесең, улутуңду кантип айтасың?

Урматтуу мекендештер, ким болбосун, кайсы улуттун же кайсы кесиптин ээси болбосун ɵз тармагында мамлекеттик тилдин ɵнʏгʏшʏнɵ кайдыгер болбойлу. Ар бирибиз ɵз алдынча ойлонолу, изденели. Ата-бабалардан аманат калтырылган улуу мурасыбызды сактап, келечек муунга татыктуу калтыралы!    

Заманыбыздын залкары Тʏгɵлбай Сыдыкбеков атабыздын «Тил – маданият башаты. Эне тилин билʏʏ башкы маданият. Ɵз эне тилин эң сонун билʏʏ, калган тилдерди колунан келишинче жакшы билʏʏ зарыл» — деген сɵздɵрʏ таамай айтылган. Буга маани бербей коюу  мʏмкʏн эмес.

Тилди мажбурлап эч ким сʏйлɵтпɵйт, тилди ар бир адам улутка болгон урмат менен   ʏйрɵнɵт жана мамлекетине болгон сʏйʏʏсʏн билдирет. Ɵзʏн-ɵзʏ сыйлай албаганды эч ким сыйлабайт.

Урматтуу мекендештер, биз бул багытта чечкиндʏʏ кадамдарды жасоого даярбыз. Жалпы мекендештерди кайдыгер карап турбай, намыстуулук менен тилибизди коргоого жана колдонууга чакырам!..

  “Тилибиз жоголуп бара жатып, кайра тирилип, оңоло баштаганда ушундан ары улансын деп майрам ɵткɵрɵ баштадык”

Ал эми “кыргыз тили жарды  тил” дегендерге мамлекеттик катчы Сʏйʏнбек Касмамбетовдун тɵмɵнкʏ мисалын окуңуз.

-Тилибиз жоголуп бара жатып, кайра тирилип, оңоло баштаганда “Ушундан ары уланып, оңолуп кетсин” деп майрам ɵткɵрɵ баштадык. Кыргыз тили кедей, сɵздɵрʏ аз, жетпейт дегендерге жооп берип кетсем. 1991-жылы парламентте Дооронбек Садырбаев “Канымды кашык кылдым, каруумду казык кылдым, мʏйдɵй журтка жʏйɵлʏʏ кеп айтсак, туш-туштан кашаа эле келе жатат. Ырыстуу элге ыдык кɵрсɵткɵн кандай ыйманы тар. Ыдык кɵргɵн сɵзʏнɵн жыдыган жылан сымал адамдардан арылбайлыбы?” деген. Ушуну которо аласыздарбы? Дагы бир легендарлуу парламенттеги сɵз, Ош окуясы боюнча депутаттын комиссиясынын тɵрагасына кайрылуу “Урматтуу тɵрага, сиз эмне сымаптай култ-култ, жылт-жулт деп эле колдон-колго куюласыз, кыйшактабай тʏз айтпайбызбы. Оштогу тоз-тополоң, будуңчаңга ким кʏнɵɵлʏʏ? Элдин маанайы паз, сабыры суз, билермандары биттин ичегисине кан куюп, тɵрт кыбыланы карап турган учур” деген. Эмне деген керемет, бир сɵзʏн жандыра жана которо албайсың.

Айгʏл Чотбаева, кыргыз тилчи:

“Кыргыз тили кыргыз тилчи мугалимдерге гана керектей мамиле жасалбаса”

-Эжеке, айтсаңыз, кайсы майрамга кɵбʏрɵɵк даярданасыз?

-Мектепте ар бир майрамга карата кызыктуу сабак ɵткɵнгɵ аракет кылам. Бирок 23-сентябрь — Мамлекеттик тил майрамына карата ɵзгɵчɵ даярданам. Анткени эне тилдин майрамы мен ʏчʏн, окуучуларым ʏчʏн ɵзгɵчɵ майрам болуш керек деп эсептейм.

-Кыргыз тилинин кадырын кантип кɵтɵрɵбʏз, дайымкыдай жалындуу, жаттаган сɵздɵрсʏз жооп бере аласызбы?

-Негизи популисттик чакырыктар, жаттама сɵздɵр ата мекен, эне тил, маданиятта гана жалындуу айтылат да. Тил боюнча жыйын же иш чараларга сɵзсʏз кыргыз тилчи мугалимди “сен барып келчи” деп кайдыгер жиберип коюшат. Мен айтар элем, кыргыз тилчилер ансыз деле тилди туу туткандарга кирет. Ошондуктан мамлекеттик тил боюнча жыйындар жылына бир-эки жолу эле болбой, башка тармактарды да тартып, тилге тиешеси жок же бар деп бɵлбɵй мамлекеттик тилге маани берʏʏ зарыл. Тилдин кадырын жаштар кɵтɵрɵт, улуулар ʏлгʏ болушу кажет.

Нурпери Мамаева, №26 Токтогул Сатылганов атындагы мектептин кыргыз тили мугалими:

“Мамлекеттик тилди мажбурлап окутуп, таңуулай албайбыз”

-Улуттук мектепте кыргыз тилин окутуу кандай жʏрʏʏдɵ, окуучулардын кабыл алышы кандай?

-Улуттук мектептерде мамлекеттик тилдин окутулушу мурункуга салыштырмалуу бир топ жакшы, талап кʏчтʏʏ. Окуучулардын баары бирдей эмес, айрымдары кызыгып ɵз эне тилиндей тез кабыл алып окушат. Кээ бир окуучулар кыргыз тилинде оозеки сʏйлɵгɵнʏ менен жазууда кыйналышат. Балдарды окутууда сʏйлɵɵ кебине да, орфографиялык катасына да, кол жазмасына да кɵңʏл бурабыз. Азыркы жаңы стандарт боюнча окуучуларга сабак ɵтʏʏдɵ логикалык ой жʏгʏртʏʏсʏн калыптандыруу учурдун талабы. Анткени «PISAда» окуучуларды ушул усул менен ар тараптуу жетишкендигин карайт эмеспи. Китептерибиз да ушул багытта жазылып, окууга 5-7-класстардыкы берилген. Жаңы китептерде мурункудай эреже жаттоо эмес, ар тʏрдʏʏ темада оозеки кебин ɵстʏрʏʏ менен бирге грамматикасын да кошо алып кетʏʏгɵ ыңгайлаштырылган. Биз эч качан мажбурлап окутуп таңуулай албайбыз го дейм. Мамлекет тарабынан тилге болгон муктаждыкты кʏчɵткɵндɵ гана окуучулардын эле эмес, Кыргызстандын жаранымын деген инсандын да кыргыз тилин ʏйрɵнʏшʏ жеңил болот.