7 декабря, 2024

Паранжыга тыюу салуу маселеси: Коомчулук даярбы?

Жʏзʏн жаап жʏргɵн аялдар коомчулуктун басымдуу катмарын тынчсыздандырып келет. Балким, буга паранжынын кыргыз каада-салттарына такыр тиешеси жоктугу себеп болуп жаткандыр. Бул маселени Жогорку Кеңеште депутат Шарапаткан Мажитова айтып чыгып,  кɵтɵрʏлгɵндɵн кийин коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратууда.

 Эркин Абразаков,  серепчи:

“Капкара паранжы кийип жʏрʏʏ салтка жарабаган нерсе”

-Ɵнʏгʏʏнʏн кыргыз жолу деп биздин окумуштуулар, интелегенция кɵптɵн бери ушул темага  кайрылып келет. Бир аз тарыхка карай турган болсок, кыргыз ɵзʏнʏн философиясы бар эл. Кыз-келиндер узун кийинип, кызыл ашыкка чейин кɵрсɵтпɵй, паранжынын ордуна беш кɵкʏл кыздар тебетей, топу кийген. Энелерибиз ак элечегин жараштыра салынып эле жʏрбɵдʏ беле. СССР кулагандан кийин Индия, Пакистан жана башка жакка барып жʏргɵндɵр ошол жактын идеологиясын, кийимин алып келип жатышат. Алардын кийими жаратылыш шартына ылайыкташканы баарыбызга белгилʏʏ. Биздин бейиштей болгон жерде эмнеге жʏзʏн жашырып жʏрʏшɵт тʏшʏнбɵйм. Демократия десе аша чаап кеткендейбиз. Бул жагынан алганда конституциябызда дин тутууга эркиндик бар. Бирок, мамлекетте, коомдо жашаганда айыл болобу, шаар болобу ɵзʏнʏн жашоо эрежелерии бар да. Шахиддердей капкара паранжы кийип жʏрʏʏ салтка жарабаган нерсе. Кара кийим эри ɵлгɵн аялдарга, аза кʏтʏʏгɵ арналган. Кыргызда “жʏз кɵрʏшʏп жʏрɵлʏ” деген жакшы сɵз бар. Ушул заманда бетин ачып коюп нормалдуу жʏрсɵ болот.

“Коңшу ɵлкɵлɵрдʏн эч биринде мынчалак диний фанатизм жок”

-Кыргыз коомчулугу, чоң-чоң шаарлар паранжыны тыюуга даяр эле. Диний ɵкʏлдɵр менен кɵбʏрɵɵк иш жʏргʏзʏʏ керек. Айрыкча кыздардын окуу борбору деген шылтоо менен мыйзамсыз ачылган медреселер толуп кетти. Жакында эле мыйзамсыздарын жапкыла деп укук коргоо органдарына тапшырма берилген. Эми республикалык деңгээлде биз цивилизациялуу ɵлкɵ болобуз десек светтик деп конституцияда жазылып турат. Ошого жараша коомдук жайларда ɵзʏбʏздʏ алып жʏрʏʏ эрежелерин табышыбыз зарыл. Коңшу ɵлкɵлɵрдʏн эч биринде мынчалак диний фанатизм жок. Эч нерсени тʏшʏнбɵгɵн, мектепке бара элек кыздарды да саясий интригаларга, диний фанатизмге баштап бараткандары коомчулукта бузулуп-жарылууларга, нааразычылыктарга алып келиши мʏмкʏн. Мектепке барбай, медреселерге окутуп койгон балдар фанатизм менен тарбияланып, турмушуна кедергиси тийиши мʏмкʏн. Жашы жете элек кыздарга нике окутуп койгон фактылар бар. Эми мындай билимсиз коомду тарбиялоонун бизге канчалык зарылчылыгы бар. Ушул жактан алганда диний башкармалык менен биргелешип, мамлекеттик кʏч органдар болобу, коомчулук болобу, массалык маалымат каражаттары аркылуу “кыргыз коому кантип ɵз эрежелерибиз менен жашайбыз” деген маселени байма-бай талкуулоого мʏмкʏн. Азыркы кɵйгɵйдʏ кʏч колдонуп, зордоп тыя албайбыз. Мыйзам чегинде гана алып барышыбыз керек. Балдарды медресе, мечиттерде эмес, мектептердеги дин таануу программалары аркылуу деле диний сабаттуулукка ʏйрɵтсɵк болот.

Ирсалат Базиева, шаардын ардагери, курултайдын делегаты:

“Башканы туурап, ɵзʏбʏздʏн каада-салтка каршы чыгуу туура эмес”

-Бир эле Кыргызстанда эмес, биз сыяктуу ɵлкɵлɵрдʏн баарында паранжыга кʏрɵш жʏрʏп жатат. Мен жаш кезимен шаарда чоңоюп, окууну бʏткɵндɵн кийин 1971-1973-жылдары Ноокат районунда “Пионер башаты” комсомол уюмдарында иштеп калдым. Ошол мезгилде Ноокатта чыптамадан жасалган паранжы кийген аялдар бар эле. Райондук комитет, комсомол жаштар уюму, Ноокат районунун акимдери баары уруксат берип, кɵчɵгɵ биз сыяктуу кызматкерлерди чыгарган. “Бетине чыптама тосуп келаткан аялдардын паранжысын чекеден алып ɵрттɵй бергиле” деп тапшырма жɵнɵтʏлɵт. Анда элдин ыйманы, адептʏʏлʏгʏ бар беле билбейм, эч кимиси каршылык кɵрсɵткɵн эмес. Жакындарынан да дататтанууларды уккан эмеспиз. Берилген тапшырманы эки кʏндɵ аткардык десек жаңылбайм. Ошондони кийин Ноокатта паранжы жамынган аялдар жок болгон. Эл жакшынакай эле костюм-шымчан, улуттук кийимчен жʏрɵ берсин, ошол учурда мусулманчылыгын да карманса болот. Динге эч ким каршы чыккан жок. Болгону жʏздʏ жаап жʏрʏʏ ар кандай кылмыштарга ɵбɵлгɵ тʏзʏп жатканы да белгилʏʏ. Башка мамлекетти туурап, ɵзʏбʏздʏн каада-салтка каршы чыгуу туура эмес деп ойлойм. Айыл башчылар эл менен тыгыз иштешʏʏсʏ зарыл. Ошто турган ɵзбек улутундагы тургундар аксакалды уккан, ынтымактуу улут деп билем, тʏшʏндʏрʏʏ иштерин алып барса жакшы жыйынтык кɵрсɵтɵ алышат. Ушул жол менен гана мамлекетке, ɵкмɵткɵ жардам бере алабыз.

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын маалымат кызматы:

“Аалымдар ар бир адамдын ɵзʏ жашаган мамлекеттин каада-салттарына дал келгендей кийинʏʏ зарыл деп эсептешет”

-Динибизде аялдардын авраты белгиленген. Шариятта (ханафий мазхабы боюнча) аялдар ʏчʏн колу (алаканы), бутту кызыл ашыкка чейин, жʏзʏн чач жана ээкке чейин кɵрсɵтʏʏгɵ уруксат берилет. Калган дене мʏчɵлʏрʏ аял ʏчʏн аврат деп эсептелет. Ооба, албетте, кээ бир аялдар бар, ɵзгɵчɵ такыбалыгынан улам никаб деген кийим менен жʏзʏн жаап коюшат, бирок бул алардын тандоосу. Азыр хиджабдын деңгээлине да жете албай жатабыз. Андыктан хиджаб азыркы учурга негизги парз деп эсептейбиз. Жараткан Алла Тааланын алдындагы милдетибизди аткарган болобуз. Аалымдар ар бир адамдын ɵзʏ жашаган мамлекеттин каада-салттарына дал келгендей кийинʏʏ зарыл деп эсептешет.

Дин таануучу Иманбек Азизилла уулунун журналист Эмилбек Момунов менен маегинен:

“Мыйзам менен тыйганча, жарандардын ɵздɵрʏ эле тыйылганы жакшы”

-Ɵзбекстанда никабга тыюу салуу тууралуу мыйзам демилгеленип, парламентинде жактырылды. Эми ага ɵзбек президенти кол койсо паранжыга тыюу салынышы кʏтʏлʏʏдɵ. Ага утурлай биздин ЖКдагы айрым депутаттар паранжыга тыюу салуу маселесин кɵтɵрʏп, бул жаатта коомчулукта кызуу талаш-тартыш жʏрʏʏдɵ. Чын эле тыюу салыш керекпи? Паранжынын шарияттагы ɵкʏмʏ кандай? Мамлекет тарабынан тыюу салынса динге каршы чечим болуп калбайбы?

-Ислам шариятында эркекке да, аялга да тиешелʏʏ жерлерин жамынуу буйрулган. Эркектердики киндиктен тизеге чейин, тизе кошо аврат эсептелсе, аялзатыныкы эки колу, эки буту жана жʏзʏнɵн башка жерлери аврат деп каралат. Аялзаты жʏзʏн ачууга уруксат. Демек никабдын (паранжы) негизги ɵкʏмʏ биздин мазхабда – мустахаб. Бирок фитналуу замандарда ваажибге кɵтɵрʏлɵт. А мамлекет фарз жана ваажиб болбогон амалдар боюнча зарыл учурда тигиндей же мындай деп чечим чыгара алышы мʏмкʏн. Бирок, паранжа менин кɵз карашымда кыйла татаал маселе. Аны мыйзам менен тыйганча, жарандардын ɵздɵрʏ эле тыйылганы жакшыбы дейм. Ушул багытта тʏшʏндʏрʏʏ иштерин кʏчɵтʏʏ, диний агартууну кубаттандыруу зарыл. Мисалы, биздин ʏрп-адатта кара тʏс жылуу каралбайт. А шарият жергиликтʏʏ элдин салт-санаасын, ʏрп-адатын эске алат. Ошондуктан жоолукчан эже-карындаштар капкара тʏстɵн качканы жакшы.

-Мыйзам менен эле тыйып салса болбойбу?

-Ɵздɵрʏ белгисиз, бирок кɵтɵргɵн маселеси белгилʏʏ демилгечилер эки тобокелдикти эске албай жатышат. Биринчиси, динди толук тааныбаган, паранжыны диндин негизги принциптеринен деп билген топ бул мыйзамды динге каршы ачык кысым катары кабыл алышы мʏмкʏн. Экинчиси, динге салкын караган, улуттук нарк-насилди бетке кармаган катмарлар мыйзамды шылтоо кылып, кадимки хиджабга же жоолукка каршы жаңы кʏрɵш баштап, мыйзамды жоолукка каршы манипуляциялап жибериши мʏмкʏн. Же болбосо жоолукчан эже-карындаштарга басым ɵткɵрʏп, дискриминацияны баштап ийиши ыктымал. Муну кыргызда “бɵрк ал десе баш алат” деп коёт. Бул ɵз кезегинде тʏшʏнбɵстʏккɵ жик салып, диний араздашууга жол ачпайт деп эч ким айта албайт.