27 июля, 2024

«Андижан полькасы» Ош ʏчʏн чыгарылган бий

Аш-тойлордо 7 жаштан 70 жашка чейинки катмардын баары катыра бийлеген «Кара жорго» бийи белгилʏʏ боло электе ɵлкɵнʏн тʏштʏк чɵлкɵмʏндɵгʏ  эл «Андижан полькасы» бийине бийлеп келгени белгилʏʏ. Кызыгы, бул бийдин автору айтылбай келген, анткени аталышына карап  бийди баары коңшулаш ɵзбек туугандардыкы деп эсептешет. Негизинен бий Ош ʏчʏн чыгарылганын эч ким билбесе керек. Анда сɵз башынан болсун. 

Журналист Салтанат  Файзуллаева  бийди негиздегендердин бири Розияхан Муминованын ɵз оозунан айткандарын бизге айтып берди.

«Оштун полькасы» деп ондой албай арманда кетти»

 -Мен анда “Ленин жолу”азыркы “Ош садоси” гезитинде иштейт элем.  Ал мезгилде Кыргыз ССРинин эл артисти Розияхан Муминованын 70 жылдык маарекесине карата аны менен маектешʏʏгɵ барып калдым. Сентябрь айы  болчу.  Мен андан «жашоодо аткара албай калган арманыңыз барбы?» деп сурадым. Оор ʏшкʏрʏп “кызым, арманым бар, болгондо да кандай арманым бар” деди.

-Илгери Ленин-Абад, Ташкент, Ферганада достук фестивалы ɵтɵɵр эле. Биз ал мезгилде Ошто бир бийди иштеп чыгып, сахналаштырып жатканбыз. Бул «Ош полькасы» болуп аталмак. Бийде мен эркекче кийинип чыкмакмын, чапан, башымда топу, бутумда ɵтʏк, бел боо менен. Бийди бышырып, иштеп бʏттʏк. Бирок чыгарманы оштуктарга али кɵрсɵтʏп ʏлгʏрбɵдʏк. Анан ошол убакта театрдан бизге Андижанда фестиваль болот, барасыңар дешти. Жолдошума эмне кылабыз десем, “ɵтʏктʏ чапанды ал, кечээги бийди кɵрсɵтɵбʏз” деди. Ошентип фестивалга жɵнɵп кеттик. Фестивалдын жʏрʏшʏндɵ ар тараптан келген ɵнɵр ээлери “биз Андижанга мындай ыр алып келдик, мындай ɵнɵр тартуулайбыз” деп атышты. Бизге кезек келгенде жолдошум “биз андижандыктарга Оштон Андижан полькасын алып келдик” деп айтып жиберди. Анан мен чыгып бийлеп баштадым. Баары кайра-кайра кол чаап эки-ʏч жолу бийледим. Баарына бий жагып, ошол кʏндɵн бий Андижан полькасы аталып калды. Биз да “Ош полькасы” деп оңдой албай калдык. Негизи бул бий Кыргызстан ʏчʏн чыгарылган бий эле. “Оштун полькасы” болмок. Муну айтып, оңдой албай жолдошум да ɵкʏттɵ ɵтʏп кетти. Биздин бир сɵздʏ адашып айтып алышыбыз бир чыгармабыздын Андижанга ɵтʏп кетишине себеп болду. Бул нерсени артка кайтара албайбыз деп жолдошум арманда кетти,- деген эле.

Гапирова Нуржахан, Ош полькасынын негиздɵɵчʏлɵрʏн кызы, балет бийчиси:

“ Мен Оштун бийи деп эсептейм”

-Биз тɵрт бир тууганбыз, башка бир туугандарымдан айырмаланып мен апамдын жолун жолдоп бий ɵнɵрʏн аркаладым. “Мурунку мезгилде тойлорго аялдар барбай жалаң эркектер барчу, барса да аял-эркек башка отурчу” деп айтып калышат эле. Апам тогуз жашынан баштап бийлеген экен. Эркектердин бийлегенин кɵрʏп суктанганын жашырган эмес. Чоң ата, чоң энелерибиз бардар жашаган адамдар болгондуктан ар он кʏн сайын туугандар биздин ʏйгɵ чогулуп турчу. Апамы келин деп чоң энем киргизчʏ эмес экен. Бир ирет 14 жаштагы апам конокторго чай алып кирет. Ошол жерде чоң эжебиздин бири эркектин кийимин кийип бийлеп атканын кɵрʏп калат. Ошондон таасирленгенби айтор, ушундай бий чыгарыш керек деп оюна сиңирип койгон экен. Атам Ибрагим Пазылов  ɵзʏ дирижер болуп музыка тармагында иштеген ʏчʏн апамды колдоп, эркектей кийинтип тойлордо алып жʏргɵн. Кийин театрга келип ушул бийди иштеп чыгышат. Анан музыкасын тандашат. Андижанда жайкы театр фестивалына барып жаңылып айтып алып ошол бойдон “Андижан полькасы” аталып калганын кɵп арман кылып айтып ɵтʏштʏ. Ошондуктан мен бул бийди Оштун бийи эле дейм. Ɵзбекстандын артисттери Мукарам Тургунбаева, Разия Каримова гастролдо жʏргɵндɵ ʏйгɵ келип, ушул бийди апамдан ʏйрɵнʏп кетип сахналаштырып коюшту. Бирок апамдай кылып аткара алышпады. Дагы бир ɵкʏнгɵнʏ “эмнеге Бишкекке чакырганда кетип калбадым экен, балким баары башкача болмок” деп  калчу. Апам 1941-жылы Бишкекте ушул бийди бийлеп, эл артисти наамын алып кайткан.

Маалымат ʏчʏн: Розияхан Муминова 1918-жылы 30-октябрда Ош шаарында тɵрɵлгɵн. 1932-жылдан ɵмʏрʏнʏн акырына чейин Бабур театрында балет бийчиси болгон. 1989-жылы 12-февралда каза болгон. Кыргыз эл артисти. Ысымы Оштогу кɵчɵгɵ ыйгарылган. 

Элира  Чынтемирова