27 июля, 2024

Эки жаштын гимнине айланган – Той ыры

Элдин калың катмары бул ырды тойлордун гимни катары санашат. Социалдык сайттарга баш баксаңыз “Той ыры” жɵнʏндɵ: “Легенда. Той ырларынын гимни, сонун ыр ʏчʏн рахмат. “Жаш кезимде бул ырсыз бир да той ɵтчʏ эмес. Бул ырды уксам жаштыгым эске тʏшɵт.” “Легенда! Башка сɵзʏм жок!” “Той ʏчʏн мындан ашкан ыр барбы!”, “Бул ырсыз той кɵрксʏз!”,  “Биздин жаштык!” деген эмоцияга, сезимдерге толо пикирлерди окуйсуз. “Бʏгʏн мына баш кошту эки жаш… той-тамаша кɵңʏлдɵ сʏйʏʏ жаз” деген саптары бар ырсыз бир да ʏйлɵнʏʏ тою ɵтпɵйт.

Ал эми Бактияр ага жɵн гана “Бул ыр 90-жылдары хит болгон окшойт” дейт. Жɵнɵкɵйлʏктʏн жеткен чеги!

Макаланы “Той ырын” коюп алып окуңуз.

Бактияр Токторов Баткен облусунун Лейлек районунда тɵрɵлгɵн.  “Биз” тобунун жетекчиси. Ырчы мектепте окуп жʏргɵн кезинде комузду гитарага окшоштуруп чертип, Алла Пугачёва, Валерий Леонтьев, Михаил Боярский жана башкалардын чыгармаларын туурап ырдап жʏрʏп эле ʏнʏнʏн диапазонун кеңейтип алган. Суворов атындагы аскердик окуу жайды бʏткɵндɵн кийин политехникалык институтка тапшырган. Ал жактан ыр дʏйнɵсʏнɵ жакын балдар менен гитара чертип ырдап жʏргɵн. 1990-жылы “Кыргызстан” деген топ тʏзʏп, “Периштем”, “Айпери”, “Таң чолпон жылдызым” аттуу ырларды жараткан. Кийин «биздин ырлар» деп жʏрʏп, ал топтун атын «Биз» деп ɵзгɵртʏшкɵн. Азыр Бактияр Токторов жазган  200дɵн ашуун ыр бар.

КРнын эмгек сиңирген артисти Бактияр Токторов: 

“Бул ыр болбогондо ʏйлɵнбɵй калат элек” дешет”

-Бактияр ага, сиздин ар бир аткарган ырыңыз хит болот, анан ɵмʏрʏ да узун. Дегеним  канча убакыт ɵтпɵсʏн ырдала берет, бир эле мисал, «Той ырыңыз» отуз жылдан бери ырдалбай, унутулуп калган эмес. Ар бир кыргыз билет дегендей…

-Рахмат. “Той ыры” 1989-1990-жылдары жазылган. Сɵзʏ, обону ɵзʏмдʏкʏ. Ɵзʏм ырдаганмын. Алгачкы ырларымдын бири. 1992-жылы экинчи альбомго кирген. “Ушул ырды укканда тойду элестетебиз. Ушул ыр менен тоюбуз башталган” деп угармандар айтышат. Кытайга барсам кытайлык кыргыздар “ушул ырды жакшы чыгаргансыз. Бул ыр болбогондо  биз ʏйлɵнбɵй калат элек”,- деп тамашалашып калышат. Мындай жылуу сɵздɵрдʏ укканда ɵзʏмдʏ бактылуу сезип кетемин. Ал жакта азырга чейин ʏйлɵнʏп жаткан жаштарды ушул ыр менен алып кирип, ушул ыр менен алып чыгышат экен.

“Той ыры” хит болгон окшойт”

— “Той ыры”  аттуу чыгармамды тойлорду элестетип жазганмын. 90-жылдары ошол ырым тойлордо хит болгон окшойт. Эсте каларлык ырлардын бири. Хит десек да болот. Мурда тойго кɵп чыкчу эмеспиз. Азыр деле кɵп ырдабайм. Ырдап бериңиз десе ырдап берем. Бирок  кɵбʏнчɵ “Буй-буйду” сурашат.

“Элдин жакшылыгына ортоктош ыр болгонуна кубанычтамын ”

-Азыр “Бийлейли, бийлейли, жаш селки турба”, “махабаттын кудурет кʏчʏ ал деле” деген коңшу элдердин ыр саптары эсиме тʏшʏп атат. Ошол коңшу элдердин той ырларынан кийин ушул “Той ыры” чыкты окшойт адашпасам. Бул ырым той ырларын катарын толуктап турганына, ырдын элге кызмат кылганына, жакшылыктарында жаңырып турганына, адамдардын жашоосунда жакшы таасирлерди калтырганына  абдан кубанычтамын. Элдин эсинде калып, кʏйɵрмандарымдын жашоосуна аз да болсо кубаныч тартуулай берсин. “Ош шамы” дайым алдыда болсун!

-Сизге да рахмат, ырларыңыз тʏбɵлʏк ырдала берсин.

Бʏкалча Маматали кызы