27 июля, 2024

Ревматологиядагы оорулардын баары абдан кɵйгɵйлʏʏ

Дарыгерлик кесипти тандоо чоң эрдик. Алар билим алып, изденʏʏгɵ студенттик, жаштык кезин гана эмес, ɵмʏрʏн арнашат. Такшалган устат болгондон кийин шакирттерине жол кɵрсɵтʏп, ɵзʏнɵн кийинки жаш адистерди да тарбиялашат. “Илимдеги инсан” рубрикабызда окуучулары, кесиптештери жана окуу жай сыймыктанган профессор Абдимуталиб агай менен маектештик.

Абдимуталиб Мамасаидов, медицина илимдеринин доктору, профессор, терапевт, жогорку категориядагы ревматолог:

“Биздин ʏй-бʏлɵдɵ врач жок дешип…”

 -Медицинанын ревматология багытын тандап калууңузга эмне тʏрткʏ болгон?

-Мен мектепти бʏтɵрдɵ эң чоң агам “биздин ʏй-бʏлɵдɵ врач жок, Абдимуталибди мединститутка тапшырталы” деп атам экɵɵ кеңешиптир. Ошентип ʏй-бʏлɵдɵ алгачкылардан болуп медицинаны тандап, Араван районунан Фрунзедеги Кыргыз мамлекеттик медициналык университетине окууга бардым. Жаңы чɵйрɵгɵ бат эле кɵнʏп, окууну ɵздɵштʏрʏп, 1-курсуман  тарта “кызыл диплом алышым керек” деп кыялданган элем. Университетте ички оорулардын экинчи кафедрасы болгон, 4-курста окуп жʏргɵндɵ ошол кафедранын жетекчиси, профессор Бененсон Ефим Владимирович тайпага кирип, сабак берип калды. Бизге бир нече суроолорду берген. Мен суроолорго туура, так жооп берсем керек “сабактан кийин мага жолугуп кет”  деди. Барсам, медицинанын кайсы багыты менен кетеримди сурады, багыт тандай элек болчумун, анда студенттик кружокко катышуумду, ошол жерден темалар талкууланарын айтты. Эртеси студенттик кружокко катыша баштадым. Профессор ɵзʏ ревматолог болчу, бейтаптарды кабыл алган бɵлʏмдɵ кеңеш берип, сабактан сырткары бейтаптарды текшерчʏ. Кɵптɵгɵн илимий докладдар ревматология боюнча болор эле. Ошентип профессор Бененсон менен жʏрʏп ревматологияга кызыгып калдым. Институтту ɵзʏм ойлогондой кызыл диплом менен бʏткɵндɵн кийин агайдын сунушу менен кафедрада ординатор болуп иштеп калдым.

1989-жылы профессор Бененсон Россиянын Киров шаарындагы Мамлекеттик медициналык академияга кафедра башчы болуп шайланды. Мен да аталган университетке устатым менен барып иштеп калдым.

“Ойногонго да убакыт аз болчу”

-Окууга тапшырган жылы айылдан жыйырмадай бала келип, медицина, политехника, филология, айыл чарба жана башка ушул сыяктуу ар кайсы факультетке тапшырганбыз. Ал убакта Кыргыз мамлекеттик университети гана бар болчу. Мединститутка тапшыргандар башка факультетте окуган студенттерге суктанат элек. Алар сабактан чыгып, ойногонго да убакыт табышчу. Экзамен жакындаганда катуу даярданып коюшпаса башка убакта убактылары кенен болгон. А биз кʏнʏгɵ окуп, ишемби, жекшемби кʏндɵрʏ гана айылдаш балдар менен футбол, волейбол ойночубуз.

“33 жашымда докторлук ишимди коргодум”

-Кандидаттык жана докторлук ишти жазууда кайсы темалардын ʏстʏндɵ изилдɵɵлɵрдʏ жʏргʏздʏңʏз?

-Негизи Фрунзеде ординатураны ɵтɵп жʏргɵндɵ эле илимий кеңеште “Ревматоиддик артритте В-лимфоциттердин спонтандык жана антигеспецификалык активдʏʏлʏгʏ” деген кандидаттык темамы тандаган элем. 1997-жылы Россиянын беш патентин алып, Волгоград мамлекеттик медициналык университетинде 33 жашымда докторлук ишимди коргодум. Ошол эле жылы конкурстун негизинде ОшМУнун медицина факультетине кафедра башчы болуп жумушка келгемин. Докторлук ишимин темасы “Ревматоиддик сезгенʏʏ ооруларында В-лимфоциттин активдʏʏлʏгʏ”. Т жана В-лимфоцит иммундук системанын негизги клеткалары. Иммундук система баарыбызга белгилʏʏ болгондой ички жана сырткы «душмандардан» коргойт. 1988-жылы Россиядагы илимий жетекчим Зборовский Александр Борисович “Кɵпчʏлʏк илимпоздор Т-лимфоцит боюнча изилдешет, ал эми В-лимфоцит ɵтɵ аз изилденген клетка” деп мага ушул теманы сунуштады. Адабияттарды таппай аябай кыйналгамын. В-лимфоцит боюнча бир китеп тапсаң Т-лимфоцитке 500-600 китеп табууга мʏмкʏн эле. Кудайга шʏгʏр, чыдап аягына чейин бара алдым. Изилдɵɵнʏн негизинде В-клетканын активдʏʏлʏгʏн азайтса полиартрит, башка ревматоиддик сезгенʏʏ оорулары азайыш керек деген ойго келгемин. Бул темамы илим изилдеген беш киши окуса, бирɵɵ туура деп, тɵртɵɵсʏ болбогон сɵз деп айтышчу. Кийин кандан В-лимфоцитти бɵлʏп алууну ʏйрɵндʏм. Кɵп ɵтпɵй ага каршы дарылар иштелип чыга баштады. 15 жыл ʏстʏнɵн иштеп, 2 миллиард доллар сарптап, 1997-жылы белгилʏʏ швейцариялык Хоффманн-Ля Рош Лтд компаниясы “Ритуксимаб” дарысын иштеп чыккан. Компаниянын 30га жакын илимий институттары бар. Ал дары биринчи чыкканда бир уколунун баасы 10 миң долларды тʏзгɵн. Бирок, эффект кʏткɵндɵн да жакшы болгон. Жылына бир бейтапка тɵрт жолу алууга болот. Акырындык менен тамчылаган асма укол дарыгердин кɵзɵмɵлʏндɵ 5 жарым саатка коюлат. Эгер дары тез тамчыласа реакция жʏрʏп кетʏʏ коркунучу бар. Убакыт ɵтʏп дары арзандады, учурда менин бейтаптарым ритуксимабдын бир уколун 60 миң сомго алып келип жатышат. Айтайын дегеним компания жʏздɵн ашуун илимий макалаларга таянып ритуксимабды иштеп чыккан, илимий материалдардын тизмесин да берген, арасында менин илимий ишим да кɵрсɵтʏлгɵн.

“Бир инфаркттан ɵлгɵн адамга жыйырма майыптыкка чыккан адам туура келет”

-Ревматологиядагы кайсы кɵйгɵйлɵр сизди тынчсыздандырат?

-Ревматологияда эң кериги тараган оору остеоартроз. Дʏйнɵдɵ 2 миллиард адам артроздон жабыркайт. Айрыкча карыган кезде карылыктын ʏзʏрʏн кɵрɵйʏн дегенде кыймылы чектелип, ооруп калышат. Бул оору коляскага чыгарып, майыптыкка чейин жеткириши мʏмкʏн. Ɵкʏнʏчтʏʏсʏ муун ооруларынан ревматизм кичинекей балдарда да кездешет. Ревматизм ɵтʏшсɵ 14-15 жаштарда жʏрɵк кемтигин пайда кылат. Тɵрɵгɵн жаш келиндер арасында да полиартритке кабылгандар бар. Дʏйнɵдɵ 80 миллион адам ревматоиддик полиартирит менен ооруйт. Эгер кыздарга убагында диагноз коюлса, тɵрɵткɵ мʏмкʏн эмес, оору катуу кʏчɵп кетет деп айтабыз. Полиартритке аябай кʏчтʏʏ дарылар колдонгондуктан тʏйʏлдʏккɵ терс таасир берет. Дегеле ревматологиядагы оорулардын баары ɵтɵ кɵйгɵйлʏʏ болуп саналат. Америкалык ревматологдор ассоциациясы “бир инфаркттан ɵлгɵн адамга жыйырма ревматологиялык оорудан майыптыкка чыккан адам туура келет” деп айтып келет. Майып болгондон кийин мамлекет тарабынан пенсия каралары белгилʏʏ. Билинбегени менен оорулуу адамдын ʏй-бʏлɵсʏнɵ жана мамлекетке финансылык оорчулук тʏшɵт, мунун социалдык-экономикалык мааниси чоң. Ооруну аныктоодо сɵзсʏз лабораториялык изилдɵɵ кылабыз. Эки анализ бар: ревматоиддик фактор жана АЦЦП (антител к циклическому цитруллинированному пептиду)

“Жакшы мугалим болом десең ʏч ишти бирдей алып кетʏʏ керек”

-Илим изилдɵɵ жаатында дагы кандай жетишкендиктер менен бɵлʏшɵсʏз?

-Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинде ички оорулардын кафедрасында жетекчимин жана студенттерге сабак берем. Ɵзʏмʏн тааныштарым да кээде “сен университетте иштейсиңби же ооруканадабы” деп сурашат. Биз университетте теориялык сабак ɵтсɵк, практиканын баары ооруканада бейтапты кɵрʏʏ менен ɵтɵт. Жакшы мугалим болом десең ʏч ишти бирдей алып кетʏʏ керек: сабак берʏʏ, бейтапты текшерʏʏ жана илимий иш менен алектенʏʏ. Учурда ɵзʏм да илимий макалаларды жазам. Жылына кеминде он эл аралык конференцияларга катышып, докладдарды жасайм. Мындан сырткары студенттер менен бирге илимий иш алып барабыз. Кафедрада студенттердин илимий кружогу бар. Азыр шакиртим менин жетекчилигим астында бир илимдин доктору, 7 илимий кандидаттык иштерин коргошту.

“Эки уулум тең врач”

-Уулдарыңыз да ревматология багытын тандаганбы?

-Жогоруда айтып ɵткɵнʏмдɵй алгачкылардан болуп медицинанын тандаганыман кийин жээндерим да бул кесипти аркалай баштады, эки уулум врач болду, азыр келинибиз да врач. Бирок, эки уулум тең ревматологияны тандаган жок. Чоң уулум кардиолог. Бишкектеги Орус-славян университетинде терапия кафедрасында доцент, улуттук кардиология борборундагы “артериалдык гипертензия” бɵлʏмʏндɵ улук кеңешчи жана докторлук ишинин ʏстʏндɵ иштеп жатат. Кичʏʏ балам гастроэнтерология багытын тандаган. ОшМУнун эл аралык медицина факультетинде чет элдик студенттерге англис тилинде сабак берет. Учурда илимдин кандидаттыгына даярданууда. 

Айжылдыз Тойчиева