27 июля, 2024

“Сары оору болуп ансыз да, Сагындым туулган жер сени”  

 Б. Алыбаев

Макаладагы ар бир сɵз, ар бир тыныш белги сагыныч, кусалыкка, эмоцияга толо. Мекендештерим тʏн уйкуларын кечип, чарчаганына карабай Кыргызстанга болгон сагынычтары менен бɵлʏштʏ. Бул кыргызга, мекенге болгон анык сый-урмат, сагыныч деп тʏшʏндʏм. Кɵзʏмɵ жаш толуп отуруп жаздым. Мекен сиздерди кʏтɵт!

Сайрагʏл Жолборсова, медицина кызматкери:

“Мекенде эркин, шашпай жашаганды сагынам”

-Кара-Суу районунун Мɵнɵк деген айылынан болом. Биздин айылда пахта кɵп эгилет. Он жылдан  бери Москвада жʏрʏп пахта тергенди абдан сагыныпмын. Былтыр барганда пахта терип кадимкидей  моокумум канды.  ʏйʏңдɵн алыста жʏргɵндɵ мекениңдин баа-баркын жʏрɵгʏң менен туюп-сезесиң. Ата журттун ар бир ташы,  топурагы кымбат экенин билесиң. Чоң мегополисте,  цивилизация жетишкен мамлекетте жʏрʏп ɵтɵ жɵнɵкɵйлʏктʏ сагынасың. Мекенде жашоо кандай керемет! Эрте менен турсаң ɵрʏк гʏлдɵгɵн, шуулдаган теректер, чымчыктардын чырылдап сайрашы эле  ɵзʏнчɵ пейзаж эмеспи. Мекендин баркын эч нерсе менен салыштыра албайм, мен ʏчʏн бийик, кымбат жана ыйык.  Мекенде эркин жашап, шашпай жашаганды, элимдин кең пейилдигин, меймандостугун сагынам. Ата-эне, бир туугандар,  тууган-туушкандарды, айылымды, бирге чоңойгон досторумду анан да чаң кɵчɵмдʏ, чаң кɵчɵдɵ ɵткɵн балалыгымды сагынам. Сагынганда кээде эч кимге кɵрʏнбɵй бышактап алам. Бул адаттагыдай эле кубулуш да, кусалык  жаныңды тынч койбой турганда кадимкидей токтоно албай  ыйлайсың, буулугасың. Сагынычты  ыр жазып, атам менен,  тууган- урук, кыздарым менен  баарлашып жазам.

Шыңгырайт тунук аккан булактары,

Жылкылары кишенеп, так секирет улактары.

Ата журтум сагынганда бир ɵзʏңдʏ,

Эске тʏшɵт апакемдин кол булгалап узатканы. (“Ата журт” ырынан ʏзʏндʏ)

Кʏбɵ болуп биздин кɵчɵ баарына

Кубанычка, баш кɵтɵргʏс кайгыга.

Суранарым бир кɵчɵлɵш досторум,

Жакшы гана жаңылыктан жазгыла.

Салам айтып койгулачы айылга. (“Биздин кɵчɵ” ырынан)

Тууган-урук, ʏй-бʏлɵң тынч болсо кыжалат болбой иштейсиң.

Атамдын оору-сыркоодон алыс болушун тилеп кʏндɵ чалып турам. Мекенди эстегенде биринчи атам, анан боз топурак жамынган, бизди эрте таштап кеткен апам эсиме тʏшɵт. Неберелеримдин “найне” деп кубанткан кылыктары эсиме тʏшɵт. 

“Ɵз ɵлкɵмɵ кызмат кылсам деп тилейм”

-Кыргызстан мен ʏчʏн бейиштей эле сезилет. Эч жерде жок жаратылышы, таза абасы менен башка ɵлкɵлɵрдɵн айрымаланып турат. Орустар да кээде Кыргызстан жɵнʏндɵ жакшы сɵздɵрʏн айтып калса, кадимкидей кудуңдап сʏйʏнʏп алам. Кыргызстан эркин ɵлкɵ, Орто Азия боюнча демократия бизде гана ɵнʏккɵн. 8 жылдан бери менчик клиниканын операция бɵлʏмʏндɵ иштейм. Биздин мамлекет да  ɵнʏккɵн ɵлкɵлɵрдʏн катарына кирип, мигранттардын саны азайып,  ɵз ɵлкɵбʏзгɵ кызмат ɵтɵшʏбʏздʏ насип кылса экен.

Самаган Молдояров, мугалим:

“Мекен бул – бактылуу жашай турган жер”

-Мен мурда мигрант болуп чет элге кеткендерге кайсыл бир деңгээлде суктанчумун. Ɵнʏккɵн ɵлкɵлɵрдʏ, шаарларды кɵрɵт. Негизгиси бутка туруп атат, акча таап атат деп ойлочумун. Азыр мигрант болуп кеткендерге бир аз боорум ооруп, жардам бергим келип калды. Кыргызстандын жɵнɵкɵй эле кɵчɵсʏ да кɵзгɵ укмуш кɵрʏнɵт. Кыргызстанда болуп аткан ар бир жаңылык жʏрɵгʏбʏздɵн ɵтɵт. Кыргызстан деген бул – эркиндик, тынчтык. Мекен бул — бактылуу жашай турган жер.  Тамактарын сагынасың, эркиндикти, тынч уйкуңду сагынасың. Мигранттын мойнунда бир жʏк бар. Ошол жʏктʏ кɵтɵрʏп уктайсың, кɵтɵрʏп жашайсың. Кыргызстанда жʏрɵгʏң тынч.

“Кыргызстанда ооруп калсаң деле жыргал да”

Жашоодо жакшы нерсени, ɵзʏң ʏчʏн сонун нерсени чыдамсыздык менен кʏтɵсʏң го. Жакшы буюм аларда, же жакшы кʏнгɵ жетерде кʏтɵсʏң го. Азыр менин дал ошондой кʏтʏп жʏргɵн кезим.  Убакыт ɵтпɵйт. Бир ай бир жылдай. Тʏйшʏк ошончо. Кыргызстанда ооруп калсаң деле жыргал да. Дос-жар, ата-эне айланчыктайт. А бул жакта оорубашың керек. Ооруп калсаң кор болосуң. Бул жакка келип мугалимдик кесипти таштап кете албашымды тʏшʏндʏм. Окуучуларымды сагынып атам. Кудай буюрса, барып эле мугалимдигимди улантам. Кайра эч убакта таштап кетпейм деп ойлоп атам. Жʏрɵгʏм эңсеген, жакшы кɵргɵн жумушум ошол мугалимдик экенине дагы бир жолу ынандым. 

Мигрант ыры

Мезгил менен тең жарыша шашканда,

Мен тʏшкɵн жол болбойт артка кайтканга.

Мээрими жок сааттын ʏнʏ ойготот,

Мемиреген таңкы уйкуда жатканда.

Карап алып чексиз менен тереңди,

Кɵксɵɵм ага жетемин деп кɵгɵрдʏ.

ʏшкʏрбɵ деп ʏмʏт гана жетелейт,

ʏйдɵ туруп ʏшʏп калган денемди.

Таман асты болбош ʏчʏн деңгээлим,

Эртеңкиге эрк жаратат кɵргɵнʏм,

Бир максаттын сая тʏшʏп артынан,

Отко-сууга буюм таштап кɵнгɵмʏн.

Нурзида Абидинова, мугалим:

“Мекенди сагынбай болобу!”

-Мекен, анын орду дегеле салыштыруусу жок, шек-кʏмɵнсʏз баалуу жер. Аны алып кете албайсың, карегиңе сактаган аялуу, ыйык жер. Анда эң жакындарыбыз жашап-иштешет. Анда апам бар, чоң атам бар. Мендей эле Мекенден алыста жʏргɵн миңдеген четтеги мекендештеримдин жакындары: балдары, ата-апалары, чоң эне-чоң аталары, таята-таенелери, бир туугандары, айылдаштары, дос-жарлары, дил тааныштары, ɵң тааныштары бар. Кыргызстанда гана апаң ʏйрɵткɵн, атаң  сʏйлɵгɵн эне тилиңде эркин  сʏйлɵй аласың. Кыргызстанда гана сен чет элдик эмессиң, жат эмес, ɵзсʏң. Бул жердин абасы атырдай, суусу мʏрɵктɵй,  тоолору турушу эле бир каада, анда жашагандын ɵзʏ  бакыт!

“Ар жолу мекениме тирʏʏ барганыма шʏгʏр дейм”

-Учак конгондо тирʏʏ келгениме Жаратканга шʏгʏр дейм.  Муну ар бир четте жʏргɵн мекендешим айтат.  Кайтпайм, кайра келбейм деп барышып, кайра эле сыртка чыккан,  жумуш ордуна кайткан кыргыздардын бирɵɵсʏмʏн. Мекенди Апамдай, Атамдай ыйык, аялуу сезем. Ал ата-бабамдан калган аманат, аны кɵздʏн карегиндей асырап, сактап ɵз уулдарыма ɵткɵрʏп берем.

ʏйдɵн жети кадам чыкканда мусаапырсың  дешсе, чыккандан сагынууну артынып чыгасың. Максатыңа сагыныч, куса бир тең болот. Ага карабай кайраттана ɵз ʏйʏнɵн чыккан ар бир мекендешимди да аяймын. Мекенден сыртта ɵткɵн ɵмʏргɵ ɵкʏнɵм. Жашыл тукабадай ɵң жамынган тоолорун, кылымдар бою кайталаган ыры бар булак сууларын, жылдызы жыбыраган кɵрктʏʏ асманын, торсойгон дɵңсɵɵлɵрʏн, тɵрт мезгили анык белгилʏʏ керемет табиятын сагынып жашайбыз.

Бʏкалча Маматали кызы