8 сентября, 2024

Улуттук кийим – улуу мурас

Улуттук баалуулуктарды жайылтуу, аны бийик даражада баалап, кийинки муунга ɵткɵрʏп берʏʏ ар бирибиздин мойнубуздагы милдет. Ал милдеттен рахат алып, улуттук кийимдерди изилдеп, дайыма улуттук кийим-кечелерге басым жасаган кыргыздын  кыргыз экенин далилдеген –  Тамара Кадырбаева.

Ош мамлекеттик университетинин профессору, искусство таануучу Тамара Кадырбаева: 

“Каада-салтка бек кыргыздын байбичесимин”

-Турсумбай Кадырбаев деген белгилʏʏ журналисттин эң чоң кызымын. Кесибим – ɵнɵр таануучу. Мектеп убагында эле кɵркɵм ɵнɵргɵ кызыкчумун, бирок атам ɵзʏнʏн кесибине тартып, сен кыргыз кыздарынын ичинен биринчи оператор болосуң дечʏ. Тагдырда бешенеге жазылганы болот экен, Фрунзеде Кɵркɵм ɵнɵр окуу жайында окуп калдым. Азыркы учурда улуттук этно кийимдерди изилдеп келем. Кыргыздын кызы, кыргыздын байбичесимин, 72 жаштан аштым.

“Кыргыз кыргыз боюнча кызыктуу”

-Биз кыргыздар башкача жолдо бара жаткандайбыз. Азыркы ааламдашуу цивилизациясында маданиятыбызды, салт-санаабызды, сактап калышыбыз керек. Ар бир элдин улуттук баалуулуктары ɵзʏнɵ сыйлуу, барктуу. Ар бир эл ɵзʏнʏн маданияты менен гʏлдɵй ачылып, ɵзʏнʏн тʏсʏ, заты, жыты менен таанылат. Анын сыңарындай биз кыргыз тилибизди, салт санаабызды, улуттук кийим-кечелерибизди жайылтуубуз абзел. Мурда кийим алсак кичине, же жеңи узун, этеги кыска дечʏ элек. Азыр ага деле карабай калдык, жеңдери узун болобу, чоң болобу, кичине болобу, “мода” деп коюп кийип жʏрɵбʏз. Мына ушул себептен кыргыз кийимдерин жайылтуу керек. Бʏгʏнкʏ кʏндɵгʏ президентибиз Садыр Жапаровдун жаңы указдары бизге туура келип жатат. Биз кыргыз эли азыркы ʏчʏнчʏ миң жылдыкта, технологиялык заманда, руханий дʏйнɵбʏздʏ кемсинтпей, баспай, кайрадан ачканга умтулуубуз керек. Кыргыз кыргыз боюнча бʏт дʏйнɵгɵ кызыктуубуз. Кыздарыбыз чачтарын беш кɵкʏл ɵрʏп, топуларын, кеп такыясын, кɵйнɵктɵрʏн кийип, шуруларын тагынып жʏрʏшкɵн. Жигиттерибиз суусар тебетейлерди, аксакалдарыбыз бакай калпактарды, байбичелерибиз ак элечекти кийишкен. Кайсы жерге, кайсыл ɵлкɵгɵ барба кыргыздын калпагынан таанышат. Илгери малчылар туюк калпак кийишчʏ, азыр базарда сатылган калпактын  баары туюк. Кыргыздар малчылардын ɵлкɵсʏ болуп калдыкпы!? Ошондуктан да, ар бир эркек, ɵзʏнʏн даражасына ылайыктуу калпак кийиши керек.

“Азыр мезгили эмес, окууңарды тынч бʏткʏлɵ”деп…”

 -1980-жылдары улуттук кийим кийгендерди “артист кɵйнɵк кийип алдыңбы?” деген кɵз карашта карайт элек. СССР убагында кыргыз кийимин кийʏʏ бир гана сахнада болгон.  Кыргыздын кийими жоголуп бараткан эле. Эсимде 70-жыл эле, Жыпар Жекшеев деген жигит менен кеңешип, топ тʏзгɵнбʏз. Ал Ысык-Кɵлдɵн болот. Анын калпагын апасы ɵз колу менен жʏндɵн кийиз жасап, андан калпак жасап тигип берген экен. Ал кызыл оймосу бар жемпир, башына калпак кийген жалгыз бала эле. Аны менен биргеликте, улуттук кийимдерди жаштарга жайылтууну кɵздɵп, ишке ашырууну туура кɵрдʏк. Кыздар менен сʏйлɵшʏп, узун барпырак кɵйнɵк, кичинекей кемсел, башыбызга топу, бутубузга маасы  кийип улуттук орнаментти ар тʏрдʏʏ кылып чагылдырууну кɵздɵдʏк. Аксакалдардан бери кийимдерди кийгизип, сʏрɵттɵрʏн тартып чыктым. Анын ʏстʏнɵн иштей баштадык. Бир айга жетпей директорубуз искусство таануучу агайыбыз Сарман Асанбекович чакырып: “Азыр бул нерсенин мезгили эмес, окууңарды тынч бʏтʏрʏп кеткиле, мезгили келсе жасайсыңар” ,-деди. Кɵрсɵ, биздин ишибиз КГБга жетиптир. Кийин эгемендʏʏлʏк алганда ал кишибиз депутат болду. Улуттук маданиятты, жолду тапкандай болдук.

“Качандыр бир мезгилде нукуралуулук бааланат”

-Андан бери кɵп жыл ɵттʏ, кайра эле жаман абалга тʏшʏп жатабыз. Мага бул нерсе жакпады. Биз кыргыздар бир нерсени кɵрʏп, аны туурап, ага ɵтʏп, андан аркысына ɵтʏп жʏргɵнʏбʏз туура эмес. Качандыр бир мезгилде ɵзʏбʏздʏн казыгыбызга келебиз деп ойлойм. Азыр студент жаш кыздарыма: “Улуттук кийимдерди унутуп бара жатасыңар” деп кейип калам. Маданиятка, тилге бай ɵлкɵбʏз. Кыргыз тилинде сʏйлɵйлʏ, кыргыздын улуттук кийимдерин унутта калтырбайлы. Кыргыздын кɵйнɵктɵрʏнɵн бир гана кʏч кубат аласың. Кɵйнɵгʏбʏз узун, тегерек болгондуктан бизге жердин энергиясын жɵнɵтʏп, канчалык жука болсо да, жерге тийип турганы ʏчʏн жылуулук берет. Кыргыз элинин маданиятын, барктуулугун, нарктуулугун, бийиктигин, каада-салттарын сактап калсак, ошол бизге чоң жеңиш. Илгерки заманда боз ʏйдʏн ичинде олтурган чоң эне, чоң аталарыбыз бир жигит кирип келсе, анын кийимин, калпак, чепкенин, камчысын кɵрʏп эмне ʏчʏн келгенин сезип билип коюшчу. Ал эле эмес, сайма сайганда дагы табийгаттын гʏлдɵрʏн карап гʏлдʏ, жалбырагын карап жалбыракты, саймага тʏшʏрʏп коюшчу. Кийимдерден “Илбирс тон” деген болчу. Азыр дээрлик жокко эсе. Кʏндʏзʏ ысык болсо, кечинде катуу суук болуп, сыртка кийип чыкчу элек.

“Азыр кыздарга кантип беш кɵкʏл чыгарабыз?”

Сен кыргыз экениңди тʏшʏнгɵндɵ, кыргызга тиешелʏʏ бʏт баары сен ʏчʏн кымбат болуп калат. Кыргыздын улуттук кийимдеринин баалуулугу ɵзгɵчɵлʏгʏндɵ. Мурун кыздарыбыз кептакыя кийишкен. Келиндер белдемчи тагынып, шɵкʏлɵ кийишчʏ. Жаш кыздар чачтарын беш кɵкʏл ɵрʏшкɵн. Ошондогу аталар кыздарына башкача сый-урмат менен кɵңʏл бɵлʏп карашкан. Улуттук арноменттеги сырды дагы да изилдеш керек деп ойлойм. Биздин маданиятыбызды каза берсең эч эле тʏгɵнбɵйт. Канчалык кɵп билсең, дагы эле ошончолук биле элегиң бар. Ал ʏчʏн дагы да изилденишиң керек. Биздин азыркы кыздарыбызга кантип беш кɵкʏл чыгарабыз, кантип суусар тебетей кийгизебиз, кантип кыргыздын улуттук кɵйнɵктɵрʏн кийгизебиз?! Кыргыздын улуттук кийимдерин тиге турган, аны жайылта турган окуучуларды тарбияланса жакшы болмок.  Ар бирибиз кыргыздын салтын, тилин билип, баланы жаштайынан баштап ошого ʏйрɵтʏʏбʏз керек. Улуу муундар дагы кийинки муундарга айтып эскертʏʏбʏз абзел.

ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин мугалими Баястан Темирбаев:

“Калпакчан” деп атап алышкан”

-Башка улут менен айырмалап туруучу ушул баш кийим бар экендигине сыймыктанып, кийип жʏргɵн кербезим. Мен ʏчʏн калпактын биринчи баалуулугу ɵзʏ болсо, экинчи баалуулугу кийип жʏргɵнʏмдɵ, ал эми ʏчʏнчʏсʏ патриоттуулуктун бир белгиси деп айта аламын. Илгери ата-бабаларыбыз баш кийимге ɵзгɵчɵ кɵңʏл буруп, аяр мамиле менен сактап келишкен. Азыркы жаш муундар, замандаштар, ошондой мамиле менен калпакты сактап, кийинки муунга жеткизип, башыбыздан тʏшʏрбɵй, ордун жогору коёбуз деген тилектерим жок эмес. Ар бир кыргызымдын уулу-кызы, ɵзʏбʏздʏн баалуулуктарыбызды жайылтууну, таанылтууну кɵздɵшʏбʏз керек. Колдон келишинче ак калпагыбызды башыбыздан тʏшʏрбɵгɵнгɵ аракет жасайлы.

“Мактоого татыганыма сʏйʏнɵм”

-Кайсы бир кийимге кɵнʏп калсаң, аны таштоого, кийбей коюуга болбойт. Мен ʏчʏн  калпак  дагы ошондой. Кийбей калсам  бир нерсемди унутуп калгандай боло берем. Калпак мен ʏчʏн эң ыңгайлуу баш кийим жана орду бийик.  Мени тааныгандар “Калпакчан” деген ысым коюп алышкан. Мектептеби, окуу жайдабы, же транспорттобу айтор, кɵргɵндʏн баары тамашалашат. Кээ бир чоң аталарыбыз, чоң энелерибиз атайы чакырып ɵз ойлорун айтып калышат. Мактоого татыганыма, ɵзʏмдʏн кыргыз экениме сыймыктанып сʏйʏнʏп калам.

“Кыздар тийишип калышат”

-Калпак кийип жʏргɵнʏмдɵ кɵп кыздардын тийишкени, бир жактан жагымсыз болсо, бир жактан кубаныч тартуулайт. Ɵзʏм да тамашакɵй, ачык инсан болгондугумдан, андай тамашаларга кɵп деле сына бербеймин. Негизи тамаша сɵздɵргɵ кɵнʏп деле калганмын. Таарынуу, капалануу деген менде жок. Тамашага аралашып “Калпакчан” экенимди танбаймын.

“Баалуулуктарыбыздын баркын билели”

-Канчалаган улуттардын арасынан ата-тегин, салт-санасын, мурасын билбей жʏргɵндɵр жок эмес. Аларга караганда бизде баары бар, мына ошол бар нерсебизди жокко санабай, кийинки муундарыбызга, келечектеги балдарыбызга, мурас катары калтыра алсак болгону. Бир эле калпак эмес, кыргыздын тилин, салтын, улуттук кийимдерин, деги эле баары эч качан унутулбоосун каалар элем.

Таңсулуу  Сʏйʏнали кызы