8 сентября, 2024

“Тарбиячы ɵзʏ тарбиялуу болуш керек”

Карл Маркс

Бала эне- атанын колундагы аманат. Анын жʏрɵгʏ таза, каухар сыяктуу. Бала кичинекей тал чыбыктай  ийилчээк болот. Мына ошол кичинекей ийилчээк тал чыбыкты  жакшы жакка ʏндɵɵгɵ ɵз салымын кошуп келген Арапаткан Туменова  9 жылдан бери  бɵбɵктɵр менен иштешип, аларга ɵз билимин ʏйрɵтʏп мыкты тарбиячы болуп келет.   Бʏгʏн биз тарбиячы кесиби тууралуу кеп кылабыз.

Тарбиячы Арапаткан Туменова:

“Бакчага барбай калсам издешет”

 -Алай районуна караштуу,  №1мектепке чейинки билим берʏʏ мекемесинде 2014-жылдан тартып иштеп келе жатам. Кесибим мугалим. 2004-жылы Ош мамлекеттик университетинин тарых факультетин бʏтʏргɵнмʏн. Окууну бʏтʏрʏп мугалим болуп иштеп жʏрдʏм. 2014-жылы турмуш шартка байланыштуу Гʏлчɵ айылына кɵчʏп келгенбиз. Ал  кезде балам бакчага барчу, ошол себептʏʏ бала бакчада иштеп калдым. Мектеп менен бакчанын айырмасы ат менен тɵɵдɵй.  Биринчи жолу иштеп баштаганда кыйынчылыктар болду. Ошентсе да кыйынчылыктарды жеңип ɵтɵ алдым. Окуу курстарга барып, балдарды ɵзʏбʏзгɵ тартуу боюнча билим алдым. Ошонун негизинде балдар менен мыкты деңгээлде иштешип калдым десем болот. 

“Кызыктуу учурлар кɵп болот”

-Бакчада кызыктуу учурлар кɵп болот. Бир баламдын апасы орончу эле. Ɵзʏ да сабакты жакшы окуп, дайыма тыкылдап жооп берип турган бала. Тазалык боюнча сабак ɵтʏп калдым. Сабактын жʏрʏшʏндɵ “таза жʏрʏш керек, тишти, колду кечинде сɵзсʏз жууш керек” деп балдарга тʏшʏндʏрʏп жаттым. Анан балам: «Эжеке, тʏнʏ менен дагы даарат алып жатыш керек» дейт. Жаш баланын мындай ой жʏгʏртʏʏсʏ биз ʏчʏн абдан эле кызык болду. Бир жагынан тамашалуу сɵз болгону  менен  чындыгы бар. Апасынын кечинде даарат алып намаз окуганы, бул балага ʏлгʏ, мыкты тарбия.

Али деген жакшынакай балам бар эле. Тили кечирээк чыккан, бирок ошентсе да колдору менен, кыймыл аракети менен жакшы тʏшʏндʏрɵт. Сабак ɵтʏп жатып, “ит эмне дейт?”- деп калсам, колун оозуна салып калды. Кɵрсɵ тиштейт дегени экен. Тили анча чыга элек болсо да, акылы ушуга жеткендиги, кичинекей болсо да кɵп нерсени тʏшʏнʏп аңдаганы, кубандырбай койбойт.

“Балдардын кɵңʏлʏ таза болот”

-Дилиндеги нерсени жашырбайт. «Атам менен апам урушту да», «Апам барбай эле кой деди да» деген сыяктуу сɵздɵрдʏ айтып келишет. ʏйʏндɵ болгон кызыктуу учурларды туурап беришет. Бул сырттагы адамдарга кандай кɵрʏнɵт билбеймин, бирок бизге баланын мындай иш-аракети кызыктуу. Себеби кичинекей болсо да, ошол нерсени аңдап, анализ жʏргʏзʏп жатат.

“Мага кɵнʏп калышкан”

-Бакчадан кетпейм деген балдар кɵп болот. Апасындай эле болуп калдым. Ата-энелери бир жакка кетип жатканда «Арапат эже, карап туруңузчу, башкаларга кɵнбɵй жатат» деп баласын алып  келгендер жок эмес. Адамбыз да, иштери чыгып калат, башка нерсе болуп калат, мындай учурда тʏшʏнʏʏ менен балдарын карап берип турам.

“Бир балам мени издеп ыйлап…”

-2 кʏн иштеп 1 кʏн дем алам. Бакчага барбай калган кʏндɵрʏмдɵ балдарым кадимкидей эле издей башташат. Кечээ жакында эле бир балам мени издеп, ыйлап, эшикте кечке кʏтʏптʏр. Жардамчы тарбиячым: “Арапат эже келген, сен  кирип тургун” -деп алдап киргизген экен. Эрте менен бардым, мени кɵрʏп аябай сʏйʏндʏ. Мен дагы кубанып калам. Тарбиячым да: “балдарыңыз аябай сизди жакшы кɵрʏшɵт экен, кʏндɵ кирип келе жатып жолдон сизди карашат, кʏтʏшɵт”- деп кʏлɵт.

“Балдарымда кызгануу деген жок”

-Балдарым деле чоңоюп калышты. Кызым студент, балам 6-класста окуйт. Иштеген кʏнʏмдɵн бери  балдарымдан кызгануу, таарынуу деген нерселерди кɵрбɵдʏм. Тескерисинче кызым да, балам да, бɵбɵктɵрдʏ абдан жакшы кɵрʏшɵт. ʏйгɵ келип калышса, чогуу карашып турушат.

“Кичинекей белектери мен ʏчʏн баалуу”

-Салиха деген кызым бар. ʏйʏнɵ иштерим менен барып калдым. Мени кɵрɵр замат чуркап келип, ʏйʏнʏн астындагы гʏлдɵрдɵн жулуп бере койду. Жʏрɵгʏм жылып, башкача болдум. Андан сырткары бɵбɵктɵрʏм  ʏйлɵрʏнɵн атайы эжекеме деп, шоколад салып келишет. Бɵбɵктɵрʏмдʏн белектери кɵбʏнчɵ шириндиктер. Берген шириндиктерин кайра эле ɵздɵрʏнɵ берем, анткени алардын кɵңʏлʏ мен ʏчʏн кымбат. Ыйлап атса, сооротом.

“Тʏркияга барып келдим”

-Мен бала бакчада иштеп баштаганымдан бери кɵптɵгɵн ийгиликтерге жетиштим. 2022-2023-окуу жылында, «Жылдын мыкты тарбиячысы» конкурсуна катышып, Алай району боюнча гран-прини алып, облустук турга, республикалык турга ɵттʏм. Республикалык сынакта 3-орунду багындырып, Тʏркияга барып эс алып келдим. Бакчада иштеп жʏргɵндɵн бери кɵп жетишкендиктерге жеттим.

“Баланы тарбиялоону ʏй-бʏлɵдɵн баштасак”

-Баланын тарбияланышына ʏй-бʏлɵ биринчи орунда таасир этет. ʏйʏнɵн кандай жʏрʏм-туруму кɵрсɵ, ошондон ʏлгʏ алат. Андыктан болушунча жакшы жагың менен кɵрʏнʏп калышың керек. Кээ бир ата-энелер болот, бакчага келип, тарбиялаганын кɵрсɵткʏсʏ келеби  же баласын ошентип тарбиялайбы билбейм, айтор урушуп, кыйкырып калат. Ал нерсеге менин жʏрɵгʏм чыдабайт. Андай ата-энелерге ошол учурда барып тʏшʏндʏргɵнгɵ аракет кылам. Баланы алдап тарбиялоону, аны урушпоону сунуш кылам. Себеби бала апасы же атасы кеткен соң  бакчада бир кʏн кечке болот. Эгер ата-энеси урушуп койсо кɵңʏлʏ шат болуп жʏрʏʏсʏ кʏмɵн. Мʏмкʏн болушунча жакшы маанайда алып келип таштап кетишсе болгону. ʏйдɵн башка, бакчадан башка тарбияны албоосу керек.  Азыркы жаш ата-энелер, балдарынын оюн ɵтɵ эле эркин коюшат. Ал дегеним телефон. Ыйласа да, кʏлсɵ да, телефонду сооротуучу курал кылып алышкан. Бул балага эң чоң зыян алып келе турган нерсе. Бала башкалар менен аралашуусун токтотот, баарлашууну азайтат, кɵпчʏлʏктɵн чоочуркап, тил табышышы кыйын болот. Андыктан балага жакшы, эң мыкты деген тарбияны берʏʏсʏ зарыл. Мʏмкʏн болсо, мурунку ата-энелерибиздей улууну урматтаганга, кичʏʏнʏ ызаттаганга ʏйрɵтсɵк.

“Кыргыз тилин ʏйрɵтʏʏ керек”

-Биз кыргыз болуп жаралып, кыргыз болуп тɵрɵлгɵндɵн кийин баланы дагы кыргызча сʏйлɵгɵнгɵ ʏйрɵтʏшʏбʏз керек. Башка тилди билʏʏсʏн чектебейм, бирок биринчи орунда кыргыз тилин билʏʏсʏ зарыл. Баланы бакчадан кыргыз тилине ʏйрɵтʏп, сʏйлɵштʏрʏʏ бул биздин милдет. Ар бир сɵздʏн кыргызчасын айтып турсак, бала да ʏйрɵнɵт. Мисалы, телевизор эмес, “сыналгы”, папа эмес “ата”. Ушул сыяктуу сɵздɵрдɵн баштасак баланын тили кыргыз тилин сʏйлɵгɵнгɵ бурулат. Биздин бакча кыргыз тилдʏʏ бакча. Орус тилдʏʏ балдар да келишет. Саламдашуудан баштап кыргыз тилинде сʏйлɵйбʏз. Бир эле тил эмес, кыргыздын улуттук буюмдарын дагы унутта калтырбай айтып, билдирип турабыз.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы