27 июля, 2024

ОРУС-УКРАИН СОГУШУ БЫЙЫЛ  БYТПƟЙТ

Созулуп кеткен жана бʏткʏл дʏйнɵ коомчулугунун тынчын алып жаткан бул согуш эксперттердин эсеби боюнча, жакын аралыкта, айталы, бери дегенде быйыл бʏтɵ койбойт. Ортодо Россия менен Украинанын эле кызыкчылыктары жатса бир жɵн эле.Тирешʏʏнʏн максат-наркы эбак эле эл аралык масштабдан да ашып, дʏйнɵгɵ ким кожоюн стадиясында  турат. Тирешʏʏгɵ согуш майданы чекит коет деп учкай айтылганы менен, ал  майдандын маани-маңызы да украин армиясынын  оңунан чыкпаган каршы чабуулунан кийин дапдаана белгилʏʏ боло баштады.

КАРЫШКАН КАРШЫ ЧАБУУЛ

Дʏйнɵ коомчулугун удургутуп, украиндер менен кошо кулагын кыйла кызытууга ʏлгʏргɵн каршы чабуул оңунан чыкпай, батыш саясатчылары тараптан анын кыйрашы туурасындагы билдирʏʏлɵр байма-бай айтыла баштаганынан бери бир топ убакыт болуп калды. Ал эми “Вашингтон пост” гезити башкасын кой, америкалык чалгындын ɵзʏ бул иш чаранын ийгилигинен тʏңʏлɵ баштаганын жазып чыкты. Аскер аналитиги, “Арсенал Отечества” журналынын редактору Алексей Леонковдун пикиринде, каршы чабуулду башталышынан эле кыйроо кʏтʏп турган.

-Миналанган аянтчалар менен тосмолонуп, артиллерия жана авиациянын биримдиктʏʏ аракети менен коштолгон эшелондоштурулган коргонууну жарып ɵтʏʏ аракети чындап келгенде ɵзʏн-ɵз ɵлтʏрʏʏ менен барабар. Украин армиясы ɵтɵ чоң жоготууларга дуушар болду, себеби,  тиешелʏʏ инженердик чалгындоону ишке ашырышкан жок.

 Июндагы биринчи фазада эле украин армиясында кʏжʏрмɵн  уюшкандыктын, соккунун башкы багытына кʏч топтоо мʏмкʏнчʏлʏгʏнʏн жоктугу байкалган. Экинчи толкун башталганда булардын баары эсепке алынып, украин  командачылыгы жана нато генералдары тиешелʏʏ жыйынтыктарды чыгарат деп кʏтʏлгɵн, бирок андай  болгон жок. Алар бир тырмоочту эки ирет басып алгандан кийин каршы чабуул кыйроого  дуушар болорун аңдоо кыйын эмес эле.

Америкалыктарды азыркы тапта бул жаңжалдан жумшак, уят болуп калбагыдай маанайда акырын чыгып кетʏʏнʏн платформасы кɵбʏрɵɵк кызыктырып жаткандай пикир жаралат. Алардын эсеби боюнча калганын  европалыктар бʏтʏрʏʏгɵ же бʏтпɵсɵ улантууга тийиш. Вильнюстагы “Рамштайнда” Украинага аскердик-техникалык жактан жардам кɵрсɵтʏʏ боюнча келишимге кол коюшкан европалык ɵлкɵлɵрдʏн жардамга сарпталган чыгымдарын ɵз эсебинен толтуруп берʏʏ жагына АКШ милдеттенген. Америкада ноябрь айында ɵтʏʏчʏ президенттик шайлоого Байден кɵтɵрʏңкʏ  кɵңʏл менен “Биз аларга  баарын бердик, алар эптей алган жок. Бизде эмне айып? ”-деп кирип бараарында кʏмɵн жок.

ЭКИ БАШКА ТАКТИКА

Бардык зарыл курал-жарактар менен кошо азы-тʏлʏк, амуниция, тишелʏʏ аскердик техникаларды алып  турган, НАТОнун инструкторлорунун колунан даярдыктан ɵткɵрʏлгɵн украин армиясы эмне ʏчʏн тактикалык катачылыктарга жол берди деген суроо туулбай койбойт.

  -Эмне ʏчʏн дегенде НАТОнун тактикасы ɵзгɵргɵн,-дейт  Алексей Леонков. “Ирактагы “Чɵлдɵгʏ бороон” операциясынан кийин альянстагылардын эсеби боюнча,  эми толук масштабдуу согушту алып баруунун зарылчылыгы жок деп саналган жана сетецентрикалык согуштар концепциясы кабыл алынган. Аракеттер кыймылдуу батальондук-тактикалык жана роталык-тактикалык топтор аркылуу ишке ашырылат. НАТО туземдик армиялар менен болгон конфликттерде ɵз милдетин дал ушундай тактикага салып ɵтɵп жʏргɵн. Бирок, Россиянын армиясы  атайын аскердик операция учурунда Улуу Ата мекендик согуш маалындагы тактикага кайтканда, жогорудагы тактикалык топтор жараксыз болуп калды. Анткени, мындай коргонуу душмандын эселенген кʏчтɵрʏнɵ туруштук берʏʏгɵ жɵндɵмдʏʏ келет. Америкалык кʏжʏрмɵн устав боюнча алганда, эшелондоштурулган коргонууну жарып ɵтʏʏ ʏчʏн ʏч же жаман эмес дегенде, алты эсеге кɵп  аскерлер, аскердик кʏчтɵр жана артиллерия керек болот. Минтʏʏгɵ албетте, эч ким дааган жок.Даабайт дагы.

Эксперттин эсебинде, кыймылдуу тактикалык топторду колдонуу  тактикасы аркылуу киевдик режим бир секирик менен ДНР жана ЛНРди жок  кылууну кɵздɵгɵн.Ал республикалардын айланасында бʏтʏндɵй 120 миң штык ДНРменен ЛНРдин 1-2-аскердик корпустарынан бир топ эсеге кɵптʏк кылган аскерлер жана тиешелʏʏ техникалар топтоштурулган. Эгерде Россия кийлигишпегенде балким НАТОнун тактикасы иштеп кетмек. Алардын шаарды штурмалай турган аскерлеринин саны эле 9 миң адистен ашык болгон. Орус аскерлери ал адистер менен Мариуполдо, Лисичанскиде, Северодонецкиде, Артемовскиде кез келишти. Ошентип, азыр Украина америкалыктардын командасы астында бир эле милдетти “делай раз,  два, три” ” дегенди  аткарып жатышкандай таасир калууда”,-дейт Алексей Леонков.

СООДАДА ДОСТУК ЖОК

Сентябрдын башында Тʏркия президенти  Реджеп Тайип Эрдоган жана Россия президенти Путин Сочи шаарында жолугушту. Сʏйлɵшʏʏнʏн башкы темасы буудай соодасы болду. Бирок, эч кандай келишимдерге кол коюлган жок. Буудай соодасы боюнча жаңы келишим тʏзʏʏгɵ  Эрдогандын канчалык жан ʏрɵгɵнʏнɵ карабастан орус лидери позициясында бекем турду. Тактап айтканда, Россия буудай соодасы боюнча келишим тʏзʏʏгɵ даяр, бирок ал келишим Батыш буга чейинки берген убадаларын аткаргандан кийин гана тʏзʏлʏʏсʏ мʏмкʏн деп билдирди.

Эрдогандын буудай соода келишими ʏчʏн мынчалык кʏйпɵлɵктɵгɵнʏнɵ олуттуу эле негиз бар. Анкара ʏчʏн ал келишим ун ɵнɵр жайын чегинен ашырып буудайга толтурууну жана тʏрк булуңдары аркылуу ɵтʏʏчʏ кемелерден тʏшɵ турган  бажы тɵлɵмдɵрʏн билдирет. 

Эрдоган албетте, Тʏркия ʏчʏн бул пайдалуу келишимди тʏзʏʏ ʏчʏн титаникалык аракеттерди жасап кɵрдʏ. Бирок, Россиялык позицияны сындырууга кʏчʏ жетпеди. Эмне ʏчʏн экенин Владимир Путин ɵзʏ тʏшʏндʏрдʏ. Анын сɵзʏ боюнча, Россия бир нече ирет аталган соода келишимине Батыш ɵз убадаларын аткарат деген ишеним менен катышкан. “Эми алар дагы бизди алдап кетишти, дагы эч нерсе жасашкан жок. Жетишет эми! Эми биз айтабыз: “Биз бул келишимге каршы эмеспиз, биз ага, бизге берилген убадар аткарылгандан кийин гана толук кɵлɵмдɵ кайтууга даярбыз”,-деди орус лидери. Буудай айтылган убадаларга карабастан, ушул кʏнгɵ чейин Батыштын тыңгылыктуу ɵлкɵлɵрʏнɵ кетʏʏдɵ. Алардын ʏлʏшʏнɵ экспорттолгон буудайдын дээрлик 70 пайызы туура келип, жакыр ɵлкɵлɵргɵ 3 пайыздык гана ʏлʏш калууда. Башкача айтканда, келишим Россия тараптан кабыл алынууга мʏмкʏн деп эсептелген, ɵнʏгʏп келе жаткан ɵлкɵлɵргɵ жардам кɵрсɵтʏʏчʏ тʏрʏндɵ иштебей жатат.  

Эрдоган бул маселеде Путин менен  талашпады. “Украина буудай келишимине карата мамилесин жумшартууга тийиш. Буудай жеткирʏʏдɵгʏ диспропорцияны баса белгилеген Путиндики туура”,-деди тʏрк лидери. Эрдогандын сɵзʏ боюнча эл аралык азык-тʏлʏк коопсуздугун камсыздоо жагынан буудай келишими абдан керек.

“Украинага дʏйнɵлʏк буудай экспортунун болгону 5 пайызы туура келет”-деди Путин. “Буудайга баа тʏшʏп жатат, ачарчылык дʏйнɵгɵ коркунуч жарата элек.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча эч кандай документтерге кол коюлган жок”,- деп билдирди Россия  президентинин басма сɵз катчысы Дмитрий Песков. Анын сɵзʏ боюнча, сʏйлɵшʏʏлɵр “ сааттарды мисалыштыруу” форматында ɵттʏ. Буудай боюнча пикирлер эки ача кеткенине карабастан, орус-тʏрк мамилеси жана кызматташтыгы активдʏʏ ɵнʏгʏʏдɵ. Росссия Тʏркияда атомдук электр станциясын курууну улантууда. Анын биринчи блогу эмдиги жылы ишке берилет. Газ хабын куруу жагдайында сʏйлɵшʏʏлɵр жʏрʏп жатат. Товар жʏгʏртʏʏ ɵткɵн жылдын жыйынтыгы менен 62 млрд.долларды тʏздʏ. Эки ɵлкɵнʏн максаты – бул кɵрсɵткʏчтʏ 100 миллиар долларга жеткирʏʏ.

Жалпы  алганда, сʏйлɵшʏʏлɵр абдан конструктивдʏʏ ɵтʏп, Россия тарап андан канааттану алганын Песков билдирди.

Абдираим Мамытов