27 июля, 2024

Врач-косметолог, дерматолог Айзада Давлетова: “Замандын ɵсʏшʏнɵ жараша бетке заманбап кам кɵрʏʏ керек”

Бетти тазалоо бул – атайын шайман же аппараттын жардамы менен беттин терисин тереңден тазалап, андагы сезгенген безетки менен май шишиктерден арылтуу. Тери ɵлгɵн клеткалардан, сезгенген жерлерден арылат. Аны сулуулук салондорунда, атайын клиникаларда тиешелʏʏ адистер жасашат.  Тазалоодон кийин кандын айланышы жакшырып, зат алмашуу ылдам жʏрɵ баштайт,  май бездеринин иштеши калыбына келет.

-Айзада айым, жʏздɵгʏ безеткини сыгып, бетти ɵз алдынча тазаласа болобу?

-Чеке, мурун, ээкти  “Т” зонасы  деп коёт. Ошо Т зона ɵтɵ майлуу болуп кеткенде тешикчелер пайда болот.  Эгерде ʏй шартында бетти кɵп сыкса, тешикчелер кеңейет. Анан бетке крем, тоналдык кремдерди сʏйкɵгɵн кезде да тешикчелер билинип калат. Кɵпчʏлʏк айымдар мончодон, ваннадан чыккандан кийин ɵз алдынча сыгып тазалагысы келет. Тешикчелер сыккан сайын улам активдешип, машыгып кайра кɵбɵйʏп кетет.  Тешикчелер  “Т”  зонага гана эмес, беттин бардык жерине чыгып кетиши мʏмкʏн. Бул атайын медициналык билими бар адамдын иши. Аны такыр ɵз алдынча отуруп алып, каалаган убакта сыга бергенге болбойт. Атайын аппарат менен (Вакуумный чистка) тазалаган туура. Эгерде бет майлуу болсо, 1 айда бир жолу тазалаш керек. Бириктирилген типтеги бет териси болсо, 2 айда бир жолу тазалатса болот. Ал эми бет териси кургак болсо, 3-4 айда бир тазалаткан туура. ʏйгɵ бир жумада бир генералдык тазалоо жасагандай эле бетке да убак убагы менен кам кɵрʏп туруу керек.

-Беттеги тʏктɵрдɵн шугаринг аркылуу арылууда кандай кеңеш бересиз?

-Беттеги тʏктɵрдʏ, ошол эле кара чекиттерди да шугаринг, жабыштырып сыйрып алуу жолу менен тазалагандар бар. Мында сезимтал беттер андан бетер сезгич болуп жабыркап калышы ыктымал. Эгерде шугарингден кийин кʏнгɵ чыккан болсо, бетке так тʏшʏп калышы мʏмкʏн. Аны заманбап лазерь менен тазаласа болот.

-Эмне ʏчʏн бетти косметологго тазалатуу керек?

-Бетти тазалоо бул терини тереңдеп тазалоо болуп саналат. Чаң, газдар декоративдик косметикалар беттин клеткаларын билинбеген менен ʏстʏңкʏ катмарын тосуп калат. Тери ɵз алдынча май бɵлʏп чыгаргандыктан тери таза болуп туруу керек. Бет таза болбосо: кара чекиттер, ( жировик) майчалар беттин ɵңʏн бузат. Ошондуктан бетти атайын косметологго барып, тереңдетип тазалоо зарыл болуп саналат. Мындан тышкары биз ɵзʏбʏз кʏзгʏдɵн кɵрɵ албаган жерлерди тазалоо кыйынга турат. Бетти косметологго барып тазалатып туруу, ɵзгɵчɵ майлуу беттерге зарыл. Аларда майды бɵлʏп чыгаруу бат болгондуктан, теринин тешикчелери чоңоюп кетет.

Жеген тамагыңызга кɵңʏл буруңуз

-Ɵтɵ майлуу, таттуу, газдалган жана химиялык кошумчалары кɵп суусундуктар териге терс таасир тийгизет. Топчу гʏлʏн (календуланы) кайнак сууга демдеп, ал муздагандан кийин дакиден ɵткɵрʏп, тоник жасап алсаңыз болот. Мындай тоник менен эртең менен жана кечинде майлуу беттерди сʏрʏп турсаңыз, май бездеринин чыкпоосуна ɵбɵлгɵ болот. Терини витаминдер менен камсыздап туруу зарыл. Сабиз, чычырканакта териге пайдалуу болгон А витамини кɵп. Бирок аялдарда А витамининин ɵтɵ кɵбɵйʏп кетиши кош бойлуулук учурунда ичтеги балага зыян алып келиши мʏмкʏн экенин эске алуу керек. Организмди маал-маалы менен шлактардан тазалап туруу сунушталат.

Тазалоо процедурасынын тʏрлɵрʏ:

Мануалдык тазалоо

-Бетти бууга кармап, андагы тешикчелер кеңейгенден кийин сезгенген май бездерин косметолог тазалайт. Бул процедурадан кийин жʏзʏңʏз кызарып, шишисе чочулабай эле койсоңуз болот, анткени бул май бездерин тазалагандан кийинки кадимки кɵрʏнʏш. Мануалдык тазалоо териси майлуу жана комедондор кɵп териге сунуш кылынат.

Механикалык тазалоо

-Механикалык тазалоонун мануалдык тазалоодон айырмасы деле жок, болгону бул жерде атайын эки башы бар «кашыкча» колдонулат. Анын бир башы кара чекиттерди, кирлерди чыгарса, экинчи башы безеткини сыгуу ʏчʏн арналган. Процедурадан кийин атайын маска коюлуп, аягында крем сʏйкɵлɵт.

Ультра добуштуу аппарат менен тазалоо

-Учурда эң кеңири тараган тазалоонун тʏрʏ. Ультра добуштуу аппарат теринин ичиндеги ɵлʏк клеткаларды жана терини сыртын тазалайт. Андан сырткары бул тазалоодон кийин теридеги клеткаларда зат алмашуу тез жʏрʏп, кан айлануу дагы ылдамдайт, демек жʏзʏңʏз кадимкидей ɵңʏнɵ чыгат. Ал эми беттин сырты кɵрʏнʏшʏ жакшырып, нымдалышып жана жылмакай болуп калганын ультра добуштуу тазалоого баргандан кийин байкайсыз.

Дагы эмнени билʏʏ керек?

* Тазалагандан кийин пилинг, скрабтарды колдонбоо керек.

* 5-6 кʏнгɵ мончо, сауна жана бассейнди коё туруңуз.

*Спорт менен эки кʏн алектенбей турган оң.

*Тазалаткан соң бетке массаж жасабоо керек. Негизи эле кир кол менен улам кармабаңыз.

*Дароо эле макияж жасап, боёнбой туруу сунушталат, бетти дем алдыруу абзел.

*Ал эми бетти тазалоо бул жɵн гана гигиеналык процедура эмес, бул териңизди жалпы тазалоо экенин унутпаңыз!

*Тɵмɵнкʏ учурларда бетке механикалык таасир тийгизʏʏ мʏмкʏн эмес. Тактап айтканда: безеткинин курч учурунда, айрыкча тери сезгенсе, аллергиялык исиркектер чыкканда ɵнɵкɵт тери оорулары: экзема, дерматит, псориаз жана рак, аутоиммундук, эндокринологиялык оорулар же башка вирустук инфекция менен ооруганда бетти тазалатпоо кажет.

Бʏкалча  Маматали кызы