27 июля, 2024

ЖАКШЫ ЭМОЦИЯ – ЭҢ ЖАКЫН ДОКТОР

“Сиздин мээңиз кантип ооруп калдыңыз да, кантип айыгасыз деген маселени да кɵзɵмɵлгɵ алат”.

Мына ушундай аталышта эл аралык кадыр-барктуу “Нейче”  илимий журналынын августтагы санында макала жарыяланды. Эксперименттердин анда баяндалган жыйынтыктары олуттуу мааниге ээ экендиги талашсыз.

ТАЛКАЛАНГАН ЖYРƟК КАНТИП ТАБЫНА КЕЛЕТ?

Израилдин Хайфа калаасындагы технологиялык институттун илимий кызматкери Хедва Хайкин чычкандардын эки тобунун инфаркттан кийинки жʏрɵк ткандарын изилдеген. Кемирʏʏчʏлɵрдʏн бир тобундагыларга мээнин позитивдʏʏ эмоцияга жооптуу зонасын стимуляцилоо жʏргʏзʏлгɵн. Экинчи топтогу чычкандарды тек коюшкан. Мээнин сыноо жʏргʏзʏлгɵн бул участогу канааттануу борбору деген аталыш менен да белгилʏʏ.

-Жыйынтыгын кɵргɵндɵ эле биринчи болуп оюбузга чын болуп чыгуусу ʏчʏн бул ɵтɵ эле жакшы кɵрсɵткʏч  эмеспи деген  ой келди,-деп мойнунга алат Хайкин. Кɵрсɵ, “стмулдаштырылган” чычкандардын жʏрɵк ткандарындагы жарааттардын аянттары  олуттуу тʏрда аз болуп чыгыптыр. Башкача айтканда, инфаркттын залалы олуттуу тɵмɵндɵп, жʏрɵктʏн калыбына келʏʏсʏ мыкты жʏрʏп жатыптыр. А балким, бул кокустуктур?

Изилдɵɵчʏ ɵз коллегалары-нейроиммунолог Асия  Роллс жана кардиолог Лиор Гепштейн менен бирге биротоло ынанганга чейин изилдɵɵнʏ улантышты: ар жолкусунда ушундай эле жыйынтык чыкты. Бирок, мунун кандайча болуп ɵтɵɵрʏ табышмак бойдон кала берди. Алар бир вариант катары мындай гипотезаны сунушташты: мээнин канааттануу борборун стимулдаштыруу кандайдыр бир мʏнɵздɵ иммундук системанын белгилʏʏ звенолорунда ɵзгɵрʏʏлɵрдʏ пайда кылат.

НЕРВ КЛЕТКАЛАРЫ РАК ИЛДЕТИНЕ ТААСИР ЭТЕ АЛАБЫ?

Окумуштуулардын башка бир тажрыйбасында чычкандардын ɵпкɵсʏндɵгʏ жана терисиндеги шишиктерди стимулдаштыруу кандай таасир берээрин текшерип кɵрʏшкɵн. Канааттануу борборун активдештирʏʏ рак клеткаларынын таралуу аянттарын олуттуу кыскарткан жыйынтыкты алышкан. Окумуштуулар бул учурларга мындай гипотезаны сунуш кылышты:сыягы, чычкандардын мээсинин участкаларын стимулдаштыруу жʏлʏндʏн клеткаларына таасирин берет, тактап айтканда, адатта иммундук активдʏʏлʏктʏ басып турган звено алсызданат. Акыбетинде, рак менен кʏрɵшʏʏ ʏчʏн активдешет.

Адамдарда мындай кɵрʏнʏш кезигеби? Мындай мисалдардын бири болуп Стенфорд универитетинин (Калифорния) Медициналык мектебиндеги изилдɵɵ эсептелет. Анда изилдɵɵчʏлɵр  колдоочу психотерапия сʏт бездериндеги рак клеткаларына кандай таасир этээрин анализдеп кɵрʏшкɵн. Оң эмоция жана позитивдʏʏ маанай бейтаптын дарылануусуна эң жагымдуу таасир берээри эбактан эле белгилʏʏ  дешет илимий иштин авторлору. Байкоого алынгандан 20 ай ɵткɵндɵн кийин онкопсихологдон жардам алган жана илдетинен айыккан пациенттердин  саны ракка каршы стандарттык дарылоодон ɵткɵндɵргɵ караганда эки эсеге кɵп болгон.

ПОЗИТИВ КƟБƟЙСƟ, ООРУУ АЗАЯТ

Чычкандарга жасалган экспериментттердин натыйжалары медицина ʏчʏн кандай горизонтторду ачат? Бʏгʏн  эмнелерди жасоо керек жана кʏндɵлʏк практикада кандай мисалдар бар?

-Баарынан мурда жаныбарларга карата жʏргʏзʏлгɵн  изилдɵɵлɵрдʏн натыйжасын адам баласына тʏздɵн тʏз которуп коюу туура болбой калаарын тʏшʏнʏʏ талап кылынат,-дейт практикалоочу врач-психиатр Артем Гилев. -Бирок, чычкандарга тажрыйба жасап кɵрʏʏ аркылуу биз жалпы мыйзам ченемдʏʏлʏктʏ жана андан аркы изилдɵɵлɵрдʏн кыртышын  тʏшʏнʏп алабыз. Адегенде чоңураак жаныбарларга андан ары адамдарга. Адамдардын дарылануунун кʏчʏнɵ ишенʏʏчʏлʏгʏ медициналык кɵз караштан алганда, дарылоого мʏмкʏн эместей болгон айрым илдеттерди да айыктырып жиберген учурлар бар экени жалпысынан белгилʏʏ. Мындайда оң эмоциялар ( айыгууга карата ʏмʏт)  жана мотивация (айыгууну абдан каалоочулук) аракетке келтирилиши толук мʏмкʏн.

Чет ɵлкɵлʏк изилдɵɵчʏлɵр дал ошол канааттануу борборунун  нерв клеткалары иммундук системага  таасир берʏʏсʏ мʏмкʏн экендиги жагдайында гипотезаларды айтып жʏрʏшɵт.Чындыгында, биздин баш мээбиз жана иммундук система организмдеги эң эле табышмактуу эки аалам катары саналат.Алардын тʏзʏлʏшʏ абдан татаал. Мээ жана иммунитет менен алектенген окумуштуулар жана врачтарда тʏшʏнʏктʏʏ механизмдерге караганда, табышмактуу сырлар арбын.

Адамда позитивдʏʏ маанай болгондо, биринчи кезекте ал врач менен жакшы мамиледе болот. Мындай адамдар врачтын кɵзɵмɵлʏнɵн чыкпайт жана дарылоо тиешелʏʏ тʏрдɵ ойдогудай ɵтʏп, натыйжасы жогорулайт.

Кооптонгон, корккон, кʏйпɵлɵктɵнгɵн маанайда  адамдын артериалдык кан басымы, кандагы глюкозанын деңгээли кɵтɵрʏлʏп, рак, инсульт илдеттеринин тобокелчиликтери жогорулайт.Ал эми маанай тынч, позитивдʏʏ болуп турса, кɵптɵгɵн кɵрсɵткʏчтɵр ойдогудай  чыгып, басым, глюкоза тɵмɵндɵп, башка параметрлер да нормалдашат.Ал эми онкологиялык ооруулуларга келсек, аларда кɵп учурларда депрессия пайда болот.Ɵз практикамдан кɵрʏп жʏргɵндɵй, депрессивдик маанайды дарылаган учурларда андай пациенттер айыгып кеткен учурлар арбын.

Эгерде биз бʏгʏнкʏ практикадан кɵрʏп эле жʏргɵндɵрдʏ айтсак, мисалы, негативдʏʏ эмоциялар, ар кандай коркуу- кооптонуууу учурларында мээ тʏрдʏʏилдеттердин имитациясын баштап жиберʏʏсʏ мʏмкʏн.Реалдуу илдети, тигил же бул органда эч кандай физикалык жактан  жабырлануусу жок эле адамда жʏрɵк-кан тамыр, ашказан-ичеги жана башка илдеттердин симптомдору пайда болуп калуусу мʏмкʏн.

Мындан улам, дал ушунун тескери кɵрʏнʏшʏн да болжоого мʏмкʏн: позитивдʏʏ эмоцияны, канааттанууну алганда,  мээ, минимум дегенде оорутуп жаткан симптомдорду жумшартуусу, басаңдатуусу мʏмкʏн, Кайсыл бир илдеттерди айыктыруусу да мʏмкʏн. Белгилеп коеюн: бул да гипотеза-дейт Артем Гилев.

 КАНААТТАНУУ БОРБОРУН КАНТИП ИШКЕ САЛСА  БОЛОТ?

-Баш мээнин тиешелʏʏ зоналарын транскраниалдык магниттик стимулдаштыруу. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ бул усул адамдардын депрессивдик бʏлʏнʏʏсʏн  дарылоо ʏчʏн кээ бир медициналык мекемелерде колдонулат. Пациенттин башына атайын катушка коюлуп, анын жардамы менен мээнин тиешелʏʏ зоналарына магниттик талаа аркылуу таасир  кɵрсɵтʏʏ ишке ашырылат.

-Антидепрессанттар. Булардын аракеттенʏʏ механизмдери илимде толук аныктала элек. Бирок,медкɵрсɵткʏчтɵргɵ ылайык дайындалуучу  бул препараттар нервдик бʏлʏнʏʏнʏ басаңдатып, позитивдик эмоцияны жогорулатаары-факт.

-Адам канааттануу менен аткарган физикалык кыймыл-аракеттер жана кɵнʏгʏʏлɵр (чуркоо, сʏзʏʏ, велосипед тебʏʏ).

-Баш мээдеги толкундоолорду тɵмɵндɵтʏʏ басаңдатуу, бошоңдотуу ʏчʏн атайын  тʏзʏлгɵн компьютердик программалар.Бул- ар тʏрдʏʏ оюндарга окшоп кеткен эксперименталдык иштелмелер. Пациенттин башына атайын датчиктер кийгизилип, алар мээнин  электрдик активдʏʏлʏгʏн эсептеп турушат. Маалымат компьютердин экранынан белгилʏʏ бир кɵрʏнʏш катары кɵрʏнʏп турат.Адам бошоң тартып, тынчтанат.

БАШКЫ БАЛЭЭ – КƟҢYЛ ЧƟГYYЧYЛYК (СТРЕСС)

Кандай гана адам болбосун (байбы-кедейби, бийби-букарабы), бул жалганда жакшы жана алты саны аман, башы эсен, боору бʏтʏн болуп ɵмʏр ɵткɵрʏʏнʏ каалайт. Биринчи байлык – ден соолугуң болбосо, калган байлыгың курган дɵɵлɵтʏң да, берген жыргалчылыгы да бул ”алты кʏндʏк “деп элде  эзелтен эле чектелген ɵмʏрдɵ тʏккɵ турбай калары азыркы замандын адам  атпайынын баарына эч бир жаңылык эмес.

Албетте, кам сʏт эмген пенде канткен кʏндɵ да эртеңкиге ʏмʏт артып, бʏгʏнкʏ кʏн менен жашайт.Ал эми бʏгʏнкʏ кʏн жалпы алганда, татаалдашкан жана мындан ары да татаалдаша бере турган замандын бир эле ирмеми десе болот. Доор ырайына жараша азыр баш айланткан ызы-чуу, тос-тополоңдон кɵп нерсе жок. Демек, сыгылуу, стресс дегениң  ɵз удулун ʏйʏңдɵн чыкканча эле, астанаңдан кʏтʏп тургандай таасир калат. Муну деле ɵнʏгʏʏ эволюциясынын бир этабы катары эле кабылдоо жана ошого жараша аракеттенʏʏ менен жашоо керек.Кɵңʏл чɵгʏʏчʏлʏктɵн  таптакыр эле кутулуу бʏгʏнкʏ интенсивдʏʏ жашоодо, тилекке каршы, мʏмкʏн эмес. Кептин баары  кɵңʏл чɵгʏʏчʏлʏктʏ ɵнɵкɵткɵ айландырып албоодо жатат.Медициналык кандай гана эксперименттер, канчалык ийгиликтʏʏ натыйжары менен ишке ашырылбасын, илимде али аныктала жана  толуктала элек кырлары кɵп адамдын психологиясы анын алкагына ар дайым эле сыя бербɵɵсʏ турган сɵз.

Абдираим Мамытов