• Ср. Июл 15th, 2026

Популярдуу темалар

Орус-украин майданындагы жаңы реалдуулук: Миллиондук эсеп, «кара жамгырлар», тил согушу жана Крымдын курчоодо калышы

Автор:Osh Shamy

Июн 23, 2026

Дүйнө коомчулугунун үрөйүн учурган орус-украин согушу 2026-жылдын ортосуна келип, өзүнүн жаңы, ого бетер катаал жана курулай пропагандадан алыс реалдуулугуна кадам таштады. Орусиянын ички аймактарына жеткен экономикалык жана экологиялык соккулар, тил майданындагы саясий амбициялар бул тирешүүнүн келечеги дагы узакка созуларын айгинелейт. Анда эмесе дүйнөлүк жана эки тараптын тең маалымат булактары тастыктаган акыркы маалыматтардын негизинде даярдалган кеңири талдоого назар салыңыз.

Төрт жылдык «сандар согушу»: Чалгындын кооз отчеттору жана мүрзөдөгү чындык

Бул согуштун эң чоң табышмагы жана ошол эле учурда манипуляция куралы — тараптардын жоготуулары. Ушул жумада Улуу Британиянын Өкмөттүк байланыш борборунун (GCHQ) башчысы Энн Кист-Батлер айым кезектеги сенсацияны жарыялап, согуш башталгандан бери 500 миңге чукул орус аскери набыт болгонун расмий билдирди. Албетте, Батыштын чалгын кызматтары мындай «тегерек» жана чоң сандарды кайдан алышканын өздөрүнүн жашыруун архивдеринде гана сакташпаса, коомчулукка ачык булактарын көрсөтө алышпайт.

Бирок, чындыкка жакыныраак “поимендик” (аты-жөнү такталган) эсептөө таптакыр башка сандарды айтууда. Би-би-синин Орус кызматы, «Медиазона» долбоорунун  ыктыярчылары менен биргеликте Орусиянын бардык аймактарындагы көрүстөндөрдү кыдырып, жергиликтүү некрологдорду жана расмий реестрлерди санап чыгып, өлүмү 100% тастыкталган 223 539 орус аскеринин аты-жөнүн тизмеледи.

Аскердик эксперттердин моюнга алуусунда, мындай ачык булактар реалдуу жоготуулардын 45%дан 65%га чейинки бөлүгүн гана камтый алат. Эгер ушул логика менен эсептесек, Орусиянын реалдуу жоготуулары 344 миңден 497 миңге чейинки адамды түзөт. Көрдүңүзбү, Батыштын чалгын кызматтарынын отчеттору менен реалдуу статистика дал ушул жерден бири-бирине «туура келип» калууда. Кандай болгон күндө да, бул коркунучтуу сандардын артында миңдеген адамдардын тагдыры жатат. Ал эми бул тизмеге 2023-жылга чейинки «ДНР» жана «ЛНР» жикчил түзүмдөрүнүн катарында өлүп, дарексиз кеткен дагы 21 000 — 23 500 адам кошулбаганын эстесек, согуштун масштабы үрөйдү учурат.

«Кара жамгырлар» жана отун кризиси: Экологиялык катастрофа Орусиянын шаарларына жетти

Акыркы айларда Украина куралдуу күчтөрү Орусиянын тереңдигиндеги экономикалык жана стратегиялык объекттерге, өзгөчө мунай инфраструктурасына сокку урууну болуп көрбөгөндөй күчөттү. Июнь айынын ортосунда эле Москвадан болгону 270 чакырым алыстыктагы Рыбинск шаарында жайгашкан «Темп» нефтебазасына украин дрондору ийгиликтүү сокку урду. Бул өзгөчө кырдаалдар же согуш убактысы үчүн мамлекеттик отун запастарын сактаган «Росрезервдин» өтө маанилүү объектиси болгон.

Мунай базаларынын күнү-түнү күйүшү Орусиянын аймактарында жаңы экологиялык феноменди — «кара жамгырларды» жаратты. Күйгөн мазуттун жана токсиндүү заттардын атмосферага тарашынан улам айлана-чөйрөнү кара түстөгү токсиндүү жамгыр каптап, бул көрүнүш Орусияда кадимки «жаңы нормага» айланууда.

Киевдин бул тактикасы Орусияны бир убакта үч фронтто алсыратууну көздөйт: биринчиден, бюджетке түшүүчү мунай акчасын азайтуу; экинчиден, фронттогу аскерлерди күйүүчү майсыз калтыруу; үчүнчүдөн, Орусиянын ичинде локалдык май тартыштыгын жаратуу. Натыйжада, Псков, Ульяновск шаарларында жана атүгүл Москва менен Санкт-Петербургда «Татнефть» АИ-95 бензинин бир колго 20 литрден ашык бербөө чектөөсүн киргизди. Батыштын санкциялары кулатпаган Орусиянын май куюучу жайларын кадимки дрондор талкалай баштагандай.

Крымдын абалы: Путин тарабынан «унутулган» жарым арал

2014-жылдагы Крымдын аннексиясы өз убагында Владимир Путиндин саясий рейтингин асманга көтөрүп, аны «орус жерлерин чогултуучу» катары көрсөткөн эле. Ал эми бүгүн, 2026-жылдын ортосунда, Крым толук блокадалык абалда калды. Украина куралдуу күчтөрү жарым аралды материктик Орусия менен байланыштырган логистикалык жолдорду жана көпүрөлөрдү планы боюнча талкалап жатат.

Саки шаарындагы жергиликтүү ТЭЦке жасалган акыркы чалгын соккулары Крымдын бир нече райондорун электр энергиясыз калтырды. Бул жерде отун кризиси пикке жетти: Севастополдогу саналуу гана май куюучу жайларда бензин бар, калгандарында отун атайын QR-коддор жана талондор менен гана берилүүдө. Баалар болсо асманга учту: расмий баа 90 рублдан ашса, «кара базарда» бир литр бензин 150 рублга бааланууда.

Эң кызыгы, Крымды «ыйык жер» деп атаган Владимир Путин жарым аралга акыркы жолу 2023-жылдын мартында барган. Азыр ал крымдыктардын көйгөйлөрүн Кремлдеги жылуу кабинетинен, видеобайланыш аркылуу гана көрүп, Крымда эч кандай кризис жоктой унчукпай отурууну туура көрөт. Крымдыктар болсо тамак-аш, жарык жана бензин тартыштыгы — проблемалары менен жалгыз калышты, ал эми орус туристтери Крымдын пляждарына баруудан баш тартышууда.

Тил майданы: Өзүн-өзү коргогон «супермен» орус тили

Согуштун саясий жана маданий фронтунда да кызыктуу окуялар болууда. Украинанын Президенти Владимир Зеленский жети ай бою стол үстүндө кармап келген № 4699-IX мыйзамга кол койду. Бул мыйзамга ылайык, орус тили Украинада Европалык хартия тарабынан корголуучу аймактык же азчылыктардын тилдеринин тизмесинен биротоло чыгарылды.

Раданын спикери Руслан Стефанчук муну «агрессор мамлекеттин тилине коргоо куралдары берилбейт» деп абдан мекенчилдик менен түшүндүрдү. Бирок эң таң калыштуу нерсе мыйзамдын түшүндүрмө катында: орус тили Украинада кылымдар бою үстөмдүк кылып келгендиктен, ага азыр деле эч кандай коркунуч жок, андыктан аны өзгөчө коргоонун кажети жок деп белгиленген.

Киевдин бул логикасы суктанууга татыктуу. Алар орус тилин ушунчалык «күчтүү, кубаттуу жана эч нерседен коркпойт» деп расмий деңгээлде моюнга алып, ошол эле учурда аны тизмеден чыгарып жатышат. Эми Украинада гагауз, идиш, караим же ром тилдери мамлекеттик коргоодо коопсуз жашашат, ал эми орус тили — өз алдынча жашап кетүүгө кудуреттүү «супермендин» статусуна ээ болду.

НАТОнун стандарттары жана фронттогу «гражданка» кийинген аскерлер

Орусиянын Коргоо министрлиги болсо маалымат майданында Батыштын согуштук тактикасын шорподой сапырып сындоо менен алек. «Түштүк» аскер тобунун командири, «Русич» позывнойлуу офицердин билдиришинче, Украинанын куралдуу күчтөрү Батыштын жана НАТОнун стандарттарына ыңгайлашабыз деп, өздөрүнүн реалдуу потенциалын жоготуп жатышат. Анын айтымында, Батыш адамдарынын дүйнө таанымы, менталитети жана мүнөзү такыр бөлөк, ошондуктан алардын аскердик калыптары биздин реалдуулукка туура келбейт.

Батыштын миллиарддаган долларлык заманбап ракеталары, космостук чалгындоо системалары көрсө фронттогу орус аскеринин «чыгыш өңүттөгү терең мүнөзүнө» туш келгенде алсыз болуп калат имиш. Бирок ушундай «алсыз» Батыш тактикасынан коргонуу үчүн оккупацияланган Донецк аймагында орус аскерлерине жаңы буйрук берилди: учкучсуз аппараттарга бута болбош үчүн жарандык (гражданка) кийим кийүү жана аскердик техникаларды жарандык машина катары маскировкалоо талап кылынууда. Эгер кайсы бир жоокер унаасына ак түстөгү номер тагып алса, аны түз эле өлүмгө тете штурмдук топторго жөнөтүү жазасы киргизилди. Көрдүңүзбү, «Батыштын стандарттарын» сындаган армия өзү фронтто кадимки жарандарга окшоп жашынууга аргасыз болууда.

Орус-украин чатагы төртүнчү жылга кадам таштаса да, согуштун аягы көрүнө элек. Батыш курал берүүнү жана Орусиянын ичиндеги жоготууларды саноону улантууда. Москва өзүнүн экономикалык туруктуулугун айтып мактанганы менен, ички шаарларында бензин дефицити жана «кара жамгырлар» менен алышууда. Киев болсо кагаз бетинде тил маселесин чечүү менен убара. Бул улуу державалардын геосаясий амбицияларынын курманы — эки тараптын тең катардагы аскерлери менен бейкүнөө карапайым калкы гана болуп жатканы — бул кылымдын эң чоң трагедиясы.

Айнура Валижанова

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *