Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин кезектеги ишмердүүлүгү расмий убадалар, ачуу чындыктар, миллиарддык инвестициялык пландар жана «ак калпакчан аксакалдардын» батасы менен коштолду. Калаа башчысы бул жолу шаардагы капиталдык оңдоодон өтүп жаткан социалдык объекттерди кыдырып, Президент Садыр Жапаровго грандиоздук долбоорлорду тааныштырды. Ошондой эле, түнү менен уктабай иштеген кытайлык инвесторлордон кабар алып, милицияга кылмыштуулукту алдын алуу боюнча кескин талаптарды койду.
Капиталдык ремонт: «Балдарга жалко просто… Иии-иий, бир да шарт жок!»
Мэрдин жумушчу сапары эң биринчи кезекте калаадагы капиталдык оңдоодон өтүп жаткан мектеп жана бала бакчаларды жеринен көрүү менен башталды. Буга чейин аталган объектилердин кейиштүү абалына өз көзү менен күбө болгон Жанарбек Акаев балдар үчүн шарт түзүлүшү керектигин айтып, дароо толук капиталдык оңдоо жүргүзүү чечимин кабыл алган эле. Учурда жумуштар активдүү жүрүүдө.
Алгач шаар башчысы №38 Барпы Алыкулов атындагы мектеп-гимназиясына барды. Бул имараттын курулуш иштерин көрүп жатып:
«Бул — Барпы Алыкулов мектеби. Быйыл, мына, өзгөчө „Манас Ата“ кичи районунда мектептерди жаңылоо боюнча абдан жакшы жаңылыктарыбыз бар. Бул мектеп 1200 орундуу. Буюрса, ушул 15-сентябрга бүтүп калат деп турабыз», — деди.

Андан соң жумушчуларга кайрылып, билим берүү мезгилине кечикпөөнү катуу эскертти: «Эми кечикпегиле, силер эми сентябрга бүтүрүп берсеңер. Мектептерди көбөйтүп жатабыз, бала бакчаларды да көбөйтүшүбүз керек,. Балдардын коопсуздугу эң маанилүү маселе болуш керек ».
Андан соң №41 Хабиб Абдуллаев атындагы орто мектепке, андан ары «Таң шоола» жана «Топ жылдыз» балдар бакчаларына өттү. Мына ушул жерден мэрдин ички күйүтү, эмоциясы сыртка чыкты. Оштун аткаминерлери көптөн бери айта элек ачуу чындыкты агынан жарылып айтты:
«Ошто мен айтам, жа балдарга жалко просточу… Иии-иий, бир да шарт жок балдаргачы! Мектеп автобустары жок, мектеп, бала бакчалар начар, шарт жок. Ушунун баарын оңдошубуз керек эми».
Бала бакчадагы эски отургучтарды колу менен көрсөтүп: «Моолорду кара эми, булар 10 жыл, 20 жыл болуп кеткендер бүт», — деди таң калуу менен. Анан бала бакчанын жетекчисине кайрылып: «Эже, биз балдарды Ошто, ушул балдарды бактылуу кылышыбыз керек да, моондай бала бакчаны калтырбашыбыз керек да», — деп кошумчалады.
Короодогу эски темир оюнчуктарды көрүп: «Ушул жерде 650 бала бар экен. 650 баланын ойногон жерин карагыла эми, ушунун баарын оңдоп берип жатабыз биз», — деди. Бакчанын ичинде колго жасалган козу карындардын макетин көрүп, кызматкер эжекелерге ыраазы болду: «Кандайсыңар, жакшысыңарбы? Моол козу карындарды бүт силер кылып жатасыңарбы? Иии-иий, сонун! Балдар үчүн жанагы Кытайдын эмесине караганда жакшы да бул, туурабы?»

Ошол эле жерден мэр Ош шаарынын билим берүү тармагына жооптуу Шумкар Маматшакировичке жана бала бакчанын жетекчилигине кайрылып, келечектин чоң пландары менен бөлүштү:
« Биз, кудайга шүгүр, Президенттин Турукташтыруу фондунан 10 мектеп, республикалык бюджеттен 7 мектеп, спонсорлордон 3 мектеп — жалпы ушул тапта 20 мектеп куруп жатабыз. Быйыл балдарга мектеп автобустарын алдырып жатабыз, жанагы Америкадагыдай сапсары. Бери дегенде 30дай автобус коёбуз балдарга. Балдардын ойной турган аянтчалары жок домдордун алдыларында. Бала бакчалар жетишпейт. Хотя бы 80 пайызга чыгарышыбыз керек да. Бала бакчада кичине китеп кармайт, анын билим деңгээли уже мектепке даяр болуп барат да, тамгаларды таанып, туурабы? Ошон үчүн, Шумкар Маматшакирович, биз балдардан акчаны аябашыбыз керек. Ошто балдар бактылуу болуп чоңойсо жакшы болот эле».
Американын кинолорундагыдай «сапсары мектеп автобустары» Оштун көчөлөрүндө качан пайда болорун кутуп калалы, бирок мэрдин балдар үчүн акчаны аябоо тууралуу позициясы алкоого татыктуу.
Президенттин сапары жана Ошту «Дубайга» айлантуу пландары
8-июнда Ош облусундагы кыска мөөнөттүү иш сапарынын алкагында Президент Садыр Жапаров Ош шаарын өнүктүрүү пландары менен таанышты. Мамлекет башчысына шаар чөйрөсүн модернизациялоого багытталган негизги инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлор көрсөтүлдү.
Бул жерде мэр Жанарбек Акаев Оштун архитектуралык имиджин таптакыр өзгөртө турган долбоорлорду коргоду. Алардын ичинде:
- Аянты 22 миң чарчы метрден ашкан жана 5200 орунга ылайыкталган көп функционалдуу спорттук арена;
- Туристтер жана кол өнөрчүлөр үчүн сейил багы, тарыхый-маданий зоналары, соода аянтчалары бар этно-тарыхый комплекс;
- Эл аралык франшизалар боюнча иштеген заманбап мейманканалар жана белгилүү мектептердин филиалдары бар.
Жанарбек Акаев белгилегендей, бул долбоорлор заманбап жана инвестициялык жактан жагымдуу имидж түзүп, шаардын архитектуралык-эстетикалык көрүнүшүн өзгөртөт. Президент Садыр Жапаров сунушталган пландар менен таанышып чыккандан соң, аткарылып жаткан иштердин сапатына жана тартылган инвестицияларды натыйжалуу пайдаланууга артыкчылыктуу көңүл бурууну тапшырды. Президенттин бул эскертүүсү мэрияга чоң жоопкерчилик жүктөйт.
Төлөйкөнгө жаңы маданият очогу
Иш пландардын алкагында Ош шаарынын Төлөйкөн айыл аймактык башкармалыгына караштуу Сайдиев көчөсүндө 216 орундуу жаңы маданият үйүнүн курулушу башталды. Республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, «Экспорт Плюс» ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан бул имарат айыл тургундары үчүн маданий иш-чараларды өткөрүүгө ыңгайлуу шарт түзөт.
Иш-чарага катышкан мэр Жанарбек Акаев имараттын пайдубалына мезгил кутусун (капсула) салып жатып:
«Түбөлүк элге кызмат кылган, элибиздин маданиятын көтөргөн жай болсун! Төлөйкөндүн, шаарыбыздын элине кызмат кылган жай болсун. Ушул жерде далай жакшы иштер, жакшы жаңылыктар көп болсун!» — деп тилек кылды.
Андан соң жанындагы карыяга кайрылып: «Аксакал, кана сиз баштаңызчы, ошол капсуланын үстүнө сала бериңиз», — деп, курулуштун алгачкы бетон куюу ишин карыялардын батасы менен баштатты.
Инвесторлор уктабайт: Таштандыдан свет өндүрө турган завод качан бүтөт?
14-июнда мэр Жанарбек Акаев шаардын экологиясын жана экономикасын түп тамырынан өзгөртө турган таштандыларды утилдештирип, электр энергиясын өндүрүүчү заманбап заводдун курулуш иштери менен жеринде таанышты.
Курулуш иштерин Кытайдын «Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Invest» компаниясы жүргүзүүдө. Мэр компаниянын өкүлдөрү менен жолугуп, курулушту активдештирүүнү жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды. Ошондой эле, заводдун курулушуна байланыштуу жаралган бардык маселелер мэрия тарабынан ыкчам каралып, чечилип берилерин убада кылды.
Бул жерде кытайлыктардын жумуш ыргагына мэр жогору баа берди:
«Жанагы келгенге караганда иш аябай эле кетиптир алдыга, э? Түнкү саат 2-3кө чейин иштеп жатышат да. Ошон үчүн, мына бир ай мурун келгенге караганда, имараттар туруп, тездик менен иш кетип жатат экен».
Жанарбек Акаев кытай инвесторлорунун визасын мэрия убагында алып бергендигин жана кыргыз тарап айткан убадаларына так туруп жаткандыгын өзгөчө белгиледи. Аталган завод ишке киргенден кийин жылына 310 миң тоннага чейин таштандыны утилдештирип, электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эң башкысы — долбоор толук экологиялык талаптарга жооп берет жана айлана-чөйрөгө зыян келтирбейт.

Кылмыштуулукту алдын алуу — башкы приоритет
Өткөн аптанын корутундусу катары Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Шаардык ички иштер башкармалыгынын Кырдаалдык борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Жолугушууда коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулуктун алдын алуу маселелери кызуу талкууланды.
Анын алкагында көп кабаттуу үйлөрдүн короолоруна, коомдук жайларга жана адамдар көп топтолгон аймактарга видеобайкоо камераларын орнотуу боюнча сунуштар каралды. Шаар башчысы кылмыштуулук менен күрөшүүдө милиция кызматкерлерине жаңы талап койду:
«Кылмыш болгондон кийин чара көрүү эмес, анын алдын алуу негизги милдеттердин бири болушу керек», — деди мэр.
Жыйынтыгында коомдук коопсуздукту күчөтүү жана көзөмөл системаларын кеңейтүү боюнча тиешелүү кызматтарга конкреттүү тапшырмалар берилди.
Мэр Жанарбек Акаевдин акыркы иш сапарлары көрсөткөндөй, калаа башчысы шаардагы маселелердин баарын өз көзөмөлүнө алууга аракет кылууда. Мектептердеги эски отургучтардан баштап, миллиарддык спорттук ареналар менен таштандыдан свет алган кытайлык заводдорго чейинки аралык — Оштун бүгүнкү өнүгүү динамикасы. Эң башкысы — мэр айткандай, «Ошто балдар бактылуу болуп чоңойсо», калган иштер четинен бүтө берери шексиз..
Дооран Токтошев
