Тамак-аштан уулануу жана анын алдын алуу
Тамак-аштан уулануу – курамында зыяндуу микроорганизмдер, уулуу заттар же токсиндер бар тамак-ашты колдонгондо пайда болуучу курч оору. Тамак-аш азыктары бактериялар, вирустар, мителер же химиялык заттар аркылуу булганышы мүмкүн. Мунун алдын алуу үчүн тазалыкты сактоо, чийки жана даяр азыктарды өзүнчө бөлүү, тамакты жакшылап бышыруу жана азыктарды коопсуз температурада сактоо зарыл.
Тамак-аштан уулануунун белгилери:
- жүрөк айлануу жана кусуу, ичтин оорушу жана ич өтүү;
- дене табынын көтөрүлүшү, алсыздык жана баш оору;
- катуу кусуу же ич өтүү организмдин суусуздануусуна алып келет. Мындай учурда суюктукту (сууну) жетиштүү өлчөмдө ичүү жана тез арада медициналык жардамга кайрылуу маанилүү.

Уулануунун алдын алуу эрежелери:
- тамак даярдоонун алдында жана дааратканага баргандан кийин колду самындап жуу;
- ашкана шаймандарын дайыма таза кармоо;
- мөөнөтү өткөн же шектүү жыты бар тамактарды жебөө;
- чийки этти, балыкты жана бышкан тамактарды бири-биринен өзүнчө сактоо;
- тамак-ашты муздаткычта, туура температурада сактоо;
- жашылча-жемиштерди колдоноор алдында таза суу (мүмкүн болсо кайнак суу) менен жакшылап чайкоо. Тамак-ашты туура сактоо анын азыктык жана биологиялык баалуулугунун сакталышына өбөлгө түзүп, бузулуп кетүүсүнөн коргойт. Бышкан жана тез бузулуучу азыктарды бөлмө температурасында 2 сааттан ашык калтырбаңыз. өзгөчө эт, канаттуулардын эти, жумуртка жана балык жетиштүү деңгээлде термикалык иштетүүдөн өтүшү керек. Тамакты жакшылап бышыруу көптөгөн коркунучтуу микроорганизмдерди жок кылууга жардам берет. Эсиңизде болсун!Тамак-аш коопсуздугу — ар бир адамдын жоопкерчилиги. Тамакты туура, таза даярдоо жана санитардык эрежелерди так сактоо — уулануунун алдын алуунун эң натыйжалуу жолу.
Алибаев Нуржигит, Ош шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери
Жугуштуу эмес, өнөкөт оорулар — узакка созулуп, акырындап күчөй турган дарт
Алардын негизги түрлөрүнө жүрөк-кан тамыр оорулары, онкологиялык оорулар (рак), кант диабети жана дем алуу органдарынын өнөкөт оорулары кирет. Тамеки чегүү жана алкоголдук ичимдиктерди колдонуу, туура эмес тамактануу (тузду, майды, кантты ашыкча колдонуу), кыймылсыз жашоо образы (гиподинамия), туруктуу стресс ооруларды пайда кылат. Оорулардын алдын алуу үчүн туура тамактаныңыз: күнүмдүк рациондо жашылча-жемиштерди, буурчак өсүмдүктөрүн жана пайдалуу белок булактарын көбөйтүңүз. Тузду, кантты жана майды чектөө зарыл. Активдүү кыймылда болуңуз: жөө басуу, дене тарбия, спорт менен алектенүү, велосипед тебүү жана күнүмдүк активдүү кыймыл жүрөктүн иштешин жакшыртат. Зыяндуу адаттардан баш тартыңыз: тамекини таштоо жана спирт ичимдиктеринен баш тартуу жүрөк-кан тамыр жана башка өнөкөт оорулардын коркунучун бир нече эсе азайтат. Дарыгерге өз убагында көрүнүңүз: салмакты, кан басымды жана кандагы канттын деңгээлин дайыма көзөмөлдөп, медициналык текшерүүдөн өтүп туруу зарыл. өз ден соолугуңузду көзөмөлдөө — узак, сергек жана сапаттуу жашоонун эң маанилүү шарты.
Бир жолу колдонулуучу пластик идиштердин зыяндуулугун билесизби?

Бир жолу колдонулуучу пластик идиштер — бул күнүмдүк жашоодо тамак-ашты, суусундуктарды таңгактоо же берүү үчүн кеңири пайдаланылган буюмдар. Аларга пластик стакан, табак, кашык, айры, бычак, тамак салуучу контейнерлер, капкактар жана желим баштыктар кирет. Алар колдонууга ыңгайлуу болгону менен, туура эмес жана ашыкча пайдалануу адамдын ден соолугуна да, айлана-чөйрөгө да чоң зыян алып келет. Мисалы, базарларда, дүкөндөрдө кийим-кече же азык-түлүк сатып алууда желим баштыктардын, ал эми тамактануу жайларында пластик идиштердин колдонулушу өтө жогорку чекке жеткенин байкоого болот. Бир жолу колдонулуучу пластик идишке ысык тамак куйганда же андагы тамакты микротолкундуу меште ысытканда, пластик өзүнөн стирол, формальдегид, фенол жана оор металлдардын туздары сыяктуу уулуу заттарды бөлүп чыгарат. Бул уулуу заттар тамак аркылуу организмге кирип, анын кесепети онкологиялык ооруларга, тубаса кемтиктерге, иммунитеттин начарлашына жана эндокриндик системанын бузулушуна алып келиши мүмкүн.
Пластик буюмдардын мөөнөтүнө көңүл буруңуз. Аларды сатып алууда чыгарылган датасын текшерүү керек, анткени пластик эскирген сайын уулуу заттарды көбүрөөк бөлүнүп чыгара баштайт. Ысык тамакка жолотпоңуз. Пластик идиштерге ысык тамак куюуга же аларды микротолкундуу меште ысытууга таптакыр болбойт. Узакка сактабаңыз. Пластик контейнерлерде тамак-аш азыктарын узак убакытка сактоого, ошондой эле азыктарды полиэтилен баштыктарга салып муздаткычта көпкө кармоого тыюу салынат. Коопсуз идиштерге өтүңүз. Күнүмдүк жашоодо пластик идиштерди колдонууну болушунча азайтып, алардын ордуна айнек, керамика же дат баспаган болоттон жасалган идиштерди колдонуу зарыл.
Казыбекова Толгонай, Ош шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык бөлүмүнүн кызматкери
Ар бир кашыктагы ден соолук: жашыруун ачкачылыктан өзүбүздү кантип коргойбуз?
Кыргыз Республикасынын санитардык дарыгери катары мен медицинада «жашыруун ачкачылык» деп аталган көйгөйдүн кесепеттери менен күн сайын туш келемин. Бул микроэлементтердин өнөкөт жетишсиздиги. Биздин республикабыз — бийик тоолуу аймак. Ошондуктан биздин суубузда жана кыртышыбызда (топуракта) башынан эле йод менен темир өтө аз. Биздин организмибиз аларды өзү иштеп чыга албайт, биз бул элементтерди тамак-аш аркылуу гана алышыбыз керек.
Негизги коркунучтар: эндемикалык зоб жана анемия

Йоддун жетишсиздиги калкан сымал безге сокку урат. Гормондордун тартыштыгынын ордун толтурууга аракет кылып, ал чоңоюп кетет. Мына ушундан улам эндемикалык зоб оорусу өнүгөт. Балдарда бул акыл-эс жана физикалык жактан артта калууга алып келет. Ал эми чоң кишилерде — туруктуу чарчоо, эс тутумдун начарлашы жана депрессияны пайда кылат.
Темирдин жетишсиздиги анемияны (аз кандуулукту) чакырат. Темир органдарга кычкылтек ташуучу гемоглобинди иштеп чыгуу үчүн абдан зарыл. Анын жетишсиздигинен улам адам дайыма алсырап, баш айланып, деми кысылат. өзгөчө кош бойлуу аялдар жана балдар аялуу болушат.
Куткарууну кайдан издөө керек?
Туура тамактануу — алдын алуунун негизи.
Йоддун булактары: деңиз капустасы, балык, деңиз азыктары, грек жаңгагы жана сүт азыктары.
Темирдин булактары: кызыл эт (уйдун, койдун эти), боор, жумуртканын сарысы, гречка, төө буурчак жана шпинат.
Байытылган азыктар: мамлекеттик коргоо
Сырттан алынып келинген деңиз балыгы баарына эле жеткиликтүү болбогондуктан, мамлекет калк көп колдонгон азыктарды милдеттүү түрдө байытууну (фортификациялоону) киргизген:
Йоддолгон туз. Бул зобдун алдын алуунун эң жөнгой жолу. Тузду тамак бышар алдында же даяр тамакка гана кошуңуз. Жогорку температурада йод тез эле бууланып кетет.
Байытылган ун. Кыргызстанда жогорку жана биринчи сорттогу буудай уну милдеттүү түрдө темир жана фолий кычкылы менен байытылат. Мындай ундан жасалган нанды сатып алуу менен сиз өзүңүздү анемиядан автоматтык түрдө коргойсуз. Мун сатып алууда каптамасынан фортификацияланганы тууралуу белгини дайыма издеңиз.
Ар бир жарандын милдети
Ооруну дарылагандан көрө, анын алдын алган алда канча жеңил жана натыйжалуу. Бүгүнкү күндө өлкөбүздө бул багытта төмөнкүдөй алдын алуу (профилактика) иштери жүргүзүлүп жатат жана ар бир жаран аларды билүүсү шарт:
Йоддолгон тузду туура колдонуу. Сатып алууда каптамасындагы мөөнөтүнө көңүл буруңуз. Тузду караңгы, кургак жана оозу жабык идиште сактоо керек. Тамакка тузду өчүрөр алдында же дасторконго койгондо гана кошуу зарыл.
Фортификацияланган ун азыктарын тандоо. Дүкөндөрдөн ун сатып алууда анын курамында темир жана фолий кычкылы (же витаминдик-минералдык аралашма) бар экенине ынаныңыз. Наабайканалар жана ири өндүрүштөр алдын алуу иштеринин алкагында байытылган унду гана колдонууга милдеттүү.
Медициналык көзөмөл жана түшүндүрүү иштери. Санитардык кызматтар жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору мектептерде, бала бакчаларда ун менен туздун сапатын дайыма текшерип турушат. Кош бойлуу аялдарга жана жаш балдарга темир препараттарын жана йод таблеткаларын дарыгердин көрсөтмөсү менен убагында ичүү сунушталат. Күнүмдүк тамактанууга туура мамиле кылуу менен биз зоб жана анемия ооруларын толук жеңе алабыз.
Алишер уулу өмүрбек, санитардык дарыгер