Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин “ШКУ+” саммитинен кийин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугуп, Кыргызстанда орус тилине көрсөтүлүп жаткан колдоону жогору баалай турганын билдирди.
Ал келерки жылдан тарта Кыргызстанда пландалган тогуз кыргыз-орус мектебинин үчөө иштей баштай турганын эске салды. Алар Бишкек, Баткен жана Каракол шаарларында жайгашат.
Путиндин маалыматына караганда, Кыргызстанда дагы 8,5 миң студент Кыргыз-Россия Славян университетинде (КРСУ) билим алууда. Ал эми Россияда учурда Кыргызстандын 10 миңден ашуун жараны билим алып жатат.