• Пн. Сен 14th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Эки тарыхый шаарды жакындаткан жаңы келишимге кол коюлду

Автор:Osh Shamy

Сен 2, 2026

Бүгүн Бишкек шаарындагы «Ынтымак Ордо» имаратында Ош шаары менен Пакистандын Лахор шаарынын ортосунда туугандык байланыштарды орнотуу боюнча меморандумга кол коюу аземи өттү.

Иш-чара Пакистандын Премьер-министри Шахбаз Шарифтин Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында
уюштурулду.

Меморандум эки шаардын ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө, шаардык башкаруу,
маданият жана башка өз ара кызыкчылыктарды жараткан багыттарда кызматташууну кеңейтүүгө багытталган.

Лахор Пакистандын Пенжаб провинциясынын борбору жана өлкөнүн маданий очогу катары таанылган ири шаар
болуп саналат. Ал тарыхый архитектурасы жана маданий жашоосу менен айырмаланган шаар катары мүнөздөлөт.

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *